Dыргыз Jеспубликасынын билим берүү жана илим...

56
1 Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги. ЖАЛАЛ-АБАД МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ МЕДИЦИНАЛЫК БИЛИМДИН НЕГИЗДЕРИ (Лекциялар жыйнагы) Жогорку жана орто-кесиптик окуу жайлардын студенттери үчүн Жалал-Абад 2012

Transcript of Dыргыз Jеспубликасынын билим берүү жана илим...

Page 1: Dыргыз Jеспубликасынын билим берүү жана илим …msk.edu.kg/.../2020/05/meditsina-biliminin-negizderi.lekts.zhyjnagy.pdf · кездешүүдө.

1

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги.

ЖАЛАЛ-АБАД МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ

МЕДИЦИНАЛЫК БИЛИМДИН

НЕГИЗДЕРИ

(Лекциялар жыйнагы)

Жогорку жана орто-кесиптик окуу жайлардын студенттери үчүн

Жалал-Абад 2012

Page 2: Dыргыз Jеспубликасынын билим берүү жана илим …msk.edu.kg/.../2020/05/meditsina-biliminin-negizderi.lekts.zhyjnagy.pdf · кездешүүдө.

2

УДК 61

ББК -5г

М42

Окуу курал ЖАМУнун окуу-усулдук кеңешинде каралып, басууга

берилди.

Түзгөндөр: Химия илимдеринин кандидаты, доцент

Султанкулов М.Д.

ТИПИнин ага окутуучусу Турдубаева М.Т.

Рецензенттер: Химия илиминин кандидаты Эсенкулов К.А.

Жогорку категориядагы врач- хирург: Эрназаров Э.

Жогорку категориядагы Врач-терапевт Аманбекова М.

Бул окуу-курал кесиптик-орто окуу жайлардын

студенттери үчүн, жогорку окуу жайлардын “Медицина

билимдеринин негиздери” предметинин жумушчу

программасынын негизинде түзүлдү.

Page 3: Dыргыз Jеспубликасынын билим берүү жана илим …msk.edu.kg/.../2020/05/meditsina-biliminin-negizderi.lekts.zhyjnagy.pdf · кездешүүдө.

3

КИРИШ СӨЗ

Адамдын ден соолугун сактоодо, чыңдоодо, калыптандырууда

жана ар түрдүү оорулардын алдын алууда жашоонун сергек

мүнөзүнүн мааниси эбегейсиз чоң.

Акыркы жылдардагы калктын жашоо шартынын өзгөрүшү,

илимий -техникалык прогресстин өнүгүүсү, экологиялык абалдын

начарлашы ж.б. факторлор азыркы мезгилдин адамдарынын жашоо

мүнөзүнүн өзгөрүлүүсүнө (кыймылдын аздыгы, стресс, аша

тамактануу ж.б.) жана калктын ден соолугунун начарлашына өбөлгө

түзүүдө.

Бүгүнкү учурдун актуалдуу проблемаларынын бири болуп, ар бир

жарандын өз ден соолугу үчүн кош көңүл мамиле жасагандыгынын

негизинде түрдүү ооруларга кириптер болушу саналат. Айрыкча жаш

балдардын жана өспүрүмдөрдүн ден соолугу адистерди өтө

тынчсыздандырууда. Мектеп жашындагы балдардын ден соолугу

мектеп босогосун аттагандан баштап, жетилүү аттестатын алганга

чейин 4 - 5 эсеге начарлай тургандыгын илимпоздор далилдөөдө.

Бул көрсөткүч 5-6-чы класстын окуучулары арасында көп пайызды

(%) түзөт. Анткени, 5-6-чы класста окуу жүктөмдөрүнүн жогорулашы

өспүрүмдөрдүн организминдеги өзгөрүү процесстерине дал келет.

Буга далил катары гимназия, лицей жана атайын мектептердеги

окуучулардын ден соолугунун көрсөткүчтөрүнүн начардыгы жөнөкөй

мектепке салыштырмалуу 2 - 2,5 эсеге жогору экендигин жана акыркы

мезгилде окуучулар арасында оорулардын өнөкөт формалары көп

кездешкендигин келтирсек болот.

Айрыкча мектеп окуучуларынын арасында түрдүү жаракат

алуулар, кыймыл аракет аппаратынын, көз, ичеги карын, жүрөк - кан

тамырлар, эндокриндик ж.б. системаларынын оорулары көп

кездешүүдө. Айрым бир окуучуда 2 - 3 оору кездешкен мезгил көп.

Өспүрүмдөрдүн организми сырткы чөйрөнүн зыяндуу факторлоруна-

чылым чегүү, ичкилик ичүү ж.б. жат көрүнүштөргө өтө сезгич келет.

Бүгүнкү күндө республиканын кээ бир аймактарындагы мектеп

окуучуларынын арасында эркек балдардын 70% ден 80%ге чейинкиси,

кыздардын 50-60% ге чейини алкоголь ичимдиктерин колдонушса,

чылым чеккендердин саны эркек балдардын жарымын, кыз

балдардын төрттөн бир бөлүгүн түзөт. Жыйынтыгында орто мектепти

бүтүрүүчүлөрдүн 6- 8% нын гана ден соолугу сак деп эсептегенге

болот.

Ден соолук маданияты жөнүндө билимдин жоктугунан бүгүнкү

мектеп окуучуларынын 40%нын жашоонун сергек мүнөзү боюнча

түшүнүгү жок. 80% физкультура жана спорт менен машыгышпайт,

50% га жакыны баңги заттарын татып көрүшкөн, 45% өспүрүмдөр

Page 4: Dыргыз Jеспубликасынын билим берүү жана илим …msk.edu.kg/.../2020/05/meditsina-biliminin-negizderi.lekts.zhyjnagy.pdf · кездешүүдө.

4

(14-16 жаштагы улан жана кыздар) жыныстык жол менен жугуучу

ооруларга кабылышууда.

Mектеп бүтүрүүчүлөрүнүн ден соолугунун начардыгы өлкөнүн

коргоо абалына да таасирин тийгизет, себеби армия катарына

чакырылган жаштардын көпчүлүгү ден соолугуна байланыштуу

армияга жараксыз деп табылууда.

Ошондуктан мектеп, окуучулардын ден соолугун сактоочу, ден

соолугун чыңдоочу мекеме болушу керек. Андыктан, мезгилдин

талабына татыктуу педагог, балдардын организминин анатомиялык

түзүлүшүн, иштөө кызматын, жашка жараша

өзгөчөлүктөрүн жана мектеп куралдарына, окуу процессине коюлган

талаптарды билүүсү зарыл.

Оорунун өнөкөт формага кабылдоосунун жана оорунун алдын

алууда мугалимдин ролу аябагандай чоң. Окуучу өз убактысынын

көпчүлүк бөлүгүн мектепте өткөргөндүгүнө байланыштуу мугалим

төмөнкү талаптарды так аткарган учурда гана дени сак окуучуну

тарбиялаганга чоң салымын кошот.

Класста санитардык гигиеналык талаптардын

аткарылышын көзөмөлдөө (классты желдетүү, нымдуу сүртүү

ж.б.);

* Окуучулардын өздүк гигиена эрежелерин аткаруусун

көзөмөлдөө жана талап кылуу;

• Жугуштуу оорулар менен ооруган окуучуну өз убагында

аныктоо, оорунун таркалышынын алдын алуу;

Өзгөчө кырдаал, күтүлбөгөн кырсык мезгилинде окуучунун

өмүрүнө, ден соолугуна жооптуу жана керектүү кезде өмүрүн

сактоого милдеттүү ж.б.

Мектептин негизги максаттарынын бири — бул ден соолугу сак

окуучуну тарбиялоо экендигин ар бир мектептин мугалими толук

түшүнүүсү зарыл, себеби ден соолугу начар, оорулуу окуучу

талаптагыдай билимге ээ боло албайт жана келечекте комдун толук

кандуу мүчөсү болуусуна күмөн бар.

• Азыркы мезгилде Россия Федерациясы, Белорусия, Украина ж.б.

республикалардын айрым жогорку окуу жайларында, мектептеринде

валеология деген предмет киргизилип кеңири окутулууда.

Валеология (латын сөзүндө «Vaieo" - «ден солук», «сак саламат

болуу» дегени) - бул ден соолукту сактоо, чыңдоо жана

калыптандыруу механизмдерин, ыкмаларын окутуучу илим.

Валеология деген түшүнүктү

биринчи болуп 1980-жылы орус окумуштуусу И.И.Брехман киргизген.

Валеологиянын бир нече бөлүктөрү болуп, алардын бири

педагогикалык валеология саналат.

Page 5: Dыргыз Jеспубликасынын билим берүү жана илим …msk.edu.kg/.../2020/05/meditsina-biliminin-negizderi.lekts.zhyjnagy.pdf · кездешүүдө.

5

Педагогикалык валеология - бул ден соолукту сактоону,

чыңдоону жана калыптандырууну педагогикалык ыкмалар менен

окутуучу, жалпы валеологиянын бир бөлүгү болуп саналат.

Педагогикалык валеологиянын негизги максаты - ар бир окуучу

өз ден соолугу үчүн жоопкерчиликтүү карап, аны чыңдоонун жана

калыптандыруунун ыкмаларын окутуу, үйрөтүү болуп эсептелет. Ал

эми жашоонун сергек мүнөзү (здоровый образ жизни) - бул ден

соолукту сактоо, чыңдоо жана калыптандыруу үчүн жасалган иш

чаралар болуу менен сергек жашоонун негизги факторлору

« рационалдуу, туура тамактануу; а өздүк гигиена эрежелерин иштөө жана эс алуунун тартибин

сактоо; а кыймыл - аракеттин белгилүү өлчөмдө болуусу; е жат көрүнүштөрдөн (тамеки, ичимдик, баңгилик.ж.б.) алыс

болуу; 3 ден соолукту • чьңдоо (физкультура жана спорт менен

машыгуу); и дары - дармектерди колдонуу маданияты;

- стресстен алыс болуу ж.б. саналат.

Page 6: Dыргыз Jеспубликасынын билим берүү жана илим …msk.edu.kg/.../2020/05/meditsina-biliminin-negizderi.lekts.zhyjnagy.pdf · кездешүүдө.

6

МЕДИЦИНАЛЫК БИЛИМДИН НЕГИЗДЕРИ

Коом кандай түзүлүштө болбосун анда жашап жаткан

атуулдардын сергектиги, ден-соолугу ошол коомдун байлыгы.

Адамдын билимдүүлүгү, жөндөмү, инсандык татыктуулугу өздөрү

өмүр кечирип жаткан өлкөнүн күзгүсү болуп, анын өнүгүшүн

шарттайт.

Кандай өлкө болбосун ар тараптуу өнүккөн, тарбиялуу жарандарга

муктаж. Ошондуктан терең билим татыктуу тарбия берүү жаш

адамдын чыныгы инсандын калыптандыруу иши билим берүү

мекемесинин, андагы эмгектенип жаткан педагогикалык жамааттын

жоопкерчилигинен эч качан алынып ташталбайт.

Тескерисинче, улам жаңы милдеттерди, чараларды, шартка

жараша жаңыча изденүүлөр талап кылып турат. Учурда тарбиялоонун

дагы бир составдык бөлүгү, санитардык гигиеналык, медициналык

маданиятты калыптандырууга өзгөчө маани берүүнүн зарылдыгы

пайда болууда.

Наркомания жана башка ушул типтүү социалдык оорулар биринин

пайда болушуна экинчи себеп, ошол үчүн социалдык оорулардын

алдын алуу, социалдык маданиятты көтөрүү чоң мааниге ээ. Бул

кечиктирилгис иш-чара санитардык, гигиеналык маданияты

калыптандыруунун составына кирип, анын эң негизги бөлүктөрүнүн

бири болуп эсептелет.

Медицина адамдын саламаттыгын сактоо жана чыңдоо

максатында соо жана оорулуу адамдын организминдеги өтүп жаткан

процесстерди изилдөөгө, ооруларды алдын алууга, даарылоого

багытталган илимий жана практикалык иштердин тармагы.

Медициналык билим – медицина кадрларын даярдоо системасы:

Ал керектүү жалпы жана атайын дисциплиналарды окутуп, врач,

медсестра жана фельдшерди даярдайт. Кыргызстанда медициналык

билим гуманизм жана жогорку идеялуулук рухунда тарбияланган

квалификациялуу адистерди даярдоого багытталган. Кыргыз

мамлекеттик мед академияда даарылоо, педиатрия, санитария -

гигиена, стомотология, фармацевтикалык жана врачтардын билимин

өркүндөтүүчү факультеттери бар.

Медицина өзүнүн көп жылдык тарыхында бир катар

жетишкендиктерге жетишти. Бирок, али да болсо медицина түпкү

максатына жете элек. Медицинанын өнүгүү деңгээли, мазмуну, абалы

турмуштун материалдык коомдук түзүлүшкө, маданияттын жалпы

деңгээлине жараша болот. Медицина өзүнүн өнүгүшүндө биология,

физика, химия илимдери менен тыгыз байланышта. Анын басып өткөн

көп жылдык тарыхында ооруну дарылоо, алдын алуу, анын пайда

Page 7: Dыргыз Jеспубликасынын билим берүү жана илим …msk.edu.kg/.../2020/05/meditsina-biliminin-negizderi.lekts.zhyjnagy.pdf · кездешүүдө.

7

болуу себептерин табуу, ден-соолукту сактоо жана коргоо чараларын

жүргүзүү менен тажрыйбага жана билимге ээ.

Медицинанын тарыхы:

Дарыгерлик адамдын алгачкы жашоо мезгилинде эле пайда

болгон. Көп жылдар бою байкоолордун жана тажрыйбалардын

негизинде келип чыккан элдик медициналык ыкмалар муундан-

муунга сакталып келген. Алдын алуу жана даарылоодо табигый

факторлордун (суу, күн нуру, аба) өсүмдүк жана жаныбарлардан

алынган дарыларга чоң маани берилген. Мында диетага, массаж, суу

процедурасы, гимнастика жасоого көөңүл бурулган. Бул мезгилдеги

врачтык өнөр грек врачы Гиппократтын ысымына байланыштуу. Ал

оорулууга байкоо жүргүзүү менен көп оорулардын пайда болуу

себептерин жазып: оору жашоо тиричиликке, курчап турган айлана

чөйрөгө, негизинен климатка байланыштуу экендигин көрсөтүп, ага

диагноз коюуда, даарылоодо жекече мамиле жасоону негиздеген.

Гиппократ (б.з.ч. 460-377жж башка маалыматтарга караганда 356-ж)

байыркы медицинанын жоболорун, врачтын жогорку моралдык кулк-

мүнөзүн жана жүрүш-туруш үлгүсүн иштеп чыккан. Гиппократтын

эмгеги медицинаны далилчилердин таасиринен бошотуп, чыныгы

илим катары өз алдынча өнүгүшүнө жол ачкан. Орто кылымда

медицина батыш Европада жакшы өнүккөн эмес. Ал диний мүнөзгө

өткөн.

IX-X кылымда илимий медицина араб өлкөлөрүнө тараган. Ага Ибн-

Сина чоң салым кошкон. Анын “Дарыгерлик илимдин канону” аттуу

эмгеги медицина билимдеринин энциклопедиялык жыйындысы

болгон. Ибн-Сина (Авицеина) (980-1037) орто Азия элдеринин

атактуу окумуштуусу философ, дарыгер “дарыгердик илимдин

канону” деген негизги медицина эмгеги көптөгөн кылымдар бою

Европа менен чыгыш өлкөлөрүндө милдеттүү колдонмо болгон. Бир

нече жолу басылган. Россияда эксперименттик фармакология

илиминин өсүшүнө Н.П.Гельгольц (1821-1894) көрүү органынын

физиологиясы боюнча эмгегин жазган жана офтальмология илими

өнүккөн.

И.М.Сеченовдун “мээнин рефлекстери” (1863) аттуу эмгеги.

И.М.Сеченов (1829-1905) орус физиологу жана ойчул материалист,

адамдын аң-сезимдүү иш-аракетинин рефлекстик табиятын

негиздеген. Дарылоо медицинасы менен катар алдын алуу да өнүгө

баштайт. Англиялык врач Э.Жеинер чечекке каршы (вакцина) ачкан.

Веналык врач И.Зеимельвейс (1815-1865) төрөттөн кийинки сепсистин

себебин таап, дезинфекция методун сунуш кылган. Анын изилдөөсүнө

таянып, Англиялык хирург Ж.Листер (1827-1912-ж) хирургиялык

Page 8: Dыргыз Jеспубликасынын билим берүү жана илим …msk.edu.kg/.../2020/05/meditsina-biliminin-negizderi.lekts.zhyjnagy.pdf · кездешүүдө.

8

операциядан кийин жана жараатты даарылоодо антисептиалык

методун сунуш кылган. 20-кылымда табият таануу илимдери менен

техникалык прогресстин өсүшү медицинага зор ийгиликтерди алып

келген. Рентген нурунун ачылышына рентген-диагностикага негиз

салган. 20-кылымдын экинчи жарымында медицинада электроника

чоң роль ойногон. Түрдүү механизмдердин жардамы менен

органдардын функциясын, системасын, каттоо методдору:

хирургиялык операция мезгилинде бөйрөк, жүрөк, өпкөнүн иштешин

алмаштыруучу жасалма башкаруучу түзүлүштөр элетрондук

микроскопиянын пайда болушу менен клетка түзүлүшүнүн эң майда

бөлүкчөлөрүн изилдөө башталды. Наркоз берүү ыкмасы

жакшыртылып, оорулууга коркунучсуз наркоз заттары чыгарылды.

20-кылымдын башында анкология илими калыптанган, ага

Н.Н.Петров, П.А.Герцан негиз салган. Балдар инфекцияларына каршы

күрөшүүдө жетишилген ийгиликтер педиатриянын өнүгүшү менен

байланыштуу. Кызылча, скарлатина, көк жөтөл, ооруларынан өлүм

бир топ азайды. Акыркы медицинанын алдында жүрөк кан тамыр

ооруларын, коркунучтуу шишиктердин алдын алуу жана даарылоону

изилдөө, вирус инфекциясын, иммунология жана башка андан ары

үйрөнүү проблемалары турат. Убактылуу жарамсыздыкка алып келген

жана эл чарбасында ден соолукка залал келтирген грипп, вирус

ооруларын жоюу азыркы медицинада актуалдуу проблемалардын

бири. Медицинанын эң олуттуу проблемасы. Коркунучтуу

шишиктердин пайда болуусу. Экономикалык жактан өнүккөн

өлкөлөрдө бул оорудан өлүмгө учуроо акыркы 50 жылдын ичинде 2-3

эсе көбөйдү. Дүйнөдө рак оорусунан 2 миллион адам каза болот.

Жылына бул атмосферанын булганышы, тамекини көп тартуу жана

башка менен түшүндүрүлөт. Шишиктердин пайда болушу толугу

менен изилдене элек, химиялык заттын таасирин, шишик чакырган

вирустарды, организмдин коргоо өзгөчөлүгүн изилдеп үйрөнүү, али да

алдыда турат. Азыркы кездеги эң маанилүү проблемалардын бири

нерв психикалык оорулардын көбөйүшү. Көп өлкөлөрдө аракечтик

жана баңгилик кырсыкка алып келүүдө. Айлана-чөйрөнү коргоо

проблемасы өтө курч социалдык жана саясий мааниге ээ болду. Суу,

аба, топурактын булганышы биосферада экологиялык тең салмактын

бузулушу адамдын ден-соолугуна зыян келтирбей койбойт. Эл аралык

маанилүү маселелердин бири закон түрүндө санэпидемиялык кызмат,

суу, аба, топуракты булгануудан коргоо чаралары жүргүзүлөт. өнөр

жай ишканалары, тазалоочу установакалары жок ишке киргизилбейт,

санитариялык нормаларды жана эрежени сактоо менен гана

курулуштар жүргүзүлөт.

Page 9: Dыргыз Jеспубликасынын билим берүү жана илим …msk.edu.kg/.../2020/05/meditsina-biliminin-negizderi.lekts.zhyjnagy.pdf · кездешүүдө.

9

Ден соолук жана оору

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ВОЗ)

аныктамасына ылайык «Ден соолук - бул оорунун жана физикалык

жетишпестиктин гана жоктугу болбостон, организмдин физикалык,

социалдык, руханий тараптан сак саламат болушу». 1948- жылдан

баштап, 7-апрель Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү деп белгиленип

келет.

Дон соолук жеке адамдын жана жалпы калктын ден соолугу

болуп бөлүнөт.

Жеке адамдын ден соолугунун көрсөткүчтөрү:

♦ Бой, салмактын орто стандартка жакын болушу, келбеттин

сулуулугу, тамырдын кагышы, артериялык кан басымдын нормада

болушу, өпкөнүн сыйымдуулугу, организмдин ооруну кабыл албастык

касиети ж.б.

Калктын ден соолугунун көрсөткүчтөрү:

♦ Демографиялык көрсөткүчтөр – төрөлүү, оруу, калктын

өлүмү, орто жаштын узактыгы ж.б.).

Ден соолук төмөнкү факторлордон көз каранды:

1. адамдын жашоо мүнөзүнөн - 50 - 55%;

2. айлана чөйрөнүн абалынан - 20% ;

3. тукум куучулук - генетикалык факторлордон (ата-эненин ден

соолугунун абалы) - 20%,

4. саламаттыкты сактоо кызматынан - 8-10%.

Оору - бул сырткы жана ички дүүлүктүргүчтөрдүн таасиринен

адамдын организминин, органдарынын кызматынын бузулуусу.

Оорунун себептери механикалык, физикалык, химиялык,

биологиялык, психикалык ж.б. факторлор болушу мүмкүн.

Ар бир оорунун өзүнө мүнөздүү белгилери болот. Мисалы, жүрөк

кан тамырлар системасынын ооруларынын белгилери: жүрөк тушунда

оорунун пайда болушу, тамырдын кагышынын тездеши, артериялык

кан басымдын жогорулашы ж.б.

Көпчүлүк мезгилде, оорулууга же күтүүсүз кырсыктардан

жабырлануучуга токтоосуз жардам көрсөтүүгө туура келет.

Ошондуктан ар бир жаран токтоосуз жардамды талап кылуучу

абалдарды жана биринчи жардам көрсөтүүнү билиши зарыл.

Төмөнкү абалдар адамдын өмүрүнө коркунуч келтирип токтоосуз

жардам көрсөтүүнү талап кылат:

♦ Ар түрдүү кан агуулар;

♦ Шок, кома жана колика абалдары;

♦ Обморок, коллапс, гипертониялык криз абалдары;

♦ Бронхиалдык астма пристубу;

♦ Стенокардия, жүрөк инфаркты, инсульт;

Page 10: Dыргыз Jеспубликасынын билим берүү жана илим …msk.edu.kg/.../2020/05/meditsina-biliminin-negizderi.lekts.zhyjnagy.pdf · кездешүүдө.

10

♦ Курч уулануулар, чөгүү, күйүк, сынык;

♦ Ичтин курч оорулары ж.б.

Жарат же жаракат алуулар

Жарат же жаракат алуу деп - сырткы чөйрөнүн түрдүү

факторлорунун (механикалык, физикалык, химиялык, психикалык)

таасиринен ткандардын, органдардын анатомиялык түзүлүшүнүн жана

кызматынын бузулушу менен бирге организмдин жергиликтүү жана

жалпы реакция беришин айтабыз.

Жаракат алуу төмөнкү түрлөргө бөлүнөт:

i. Жаракат келтирүүчү факторлорго жараша:

1. өндүрүштүк жаракат алуу (айыл-чарбада, иш мекемелеринде);

2. тиричилик жаракаттары (жол транспорттук, үй шартында,

спортгук аянтчада ж.б.);

3. балдардын жаракат алуусу;

4. атайын жасалган жаракат (согуш убагындагы);,

5. операциядан, ок атылуудан алынган жаракаттар.

II. Жаракат келтирүүчү фактордун таасир этүү убактысына

жараша:

1. курч жаракаттар - кокустан, катуу таасир этүүчү фактордон

келтирилген жаракат;

2. өнөкөт жаракаттар - бир эле фактордун, бир жерге кайра -

кайра таасир этүүсүнүн негизинде пайда болот.

III. Теринин, ткандардын, органдардын бүтүндүгүнүн бузулуусуна

карата жабык жана ачык жаракаттар болуп бөлүнөт.

Жаракат алуунун кабылдоолору жана коркунучтары:

1. жаракат алган мезгилдеги коркунучтар - кан агуу, шок,

коллапс, өмүргө маанилуу органдардын жабыркоосу

2. жакынкы коркунучтары

- жергиликтүү ириңдүү оорунун пайда болуусу (жаракаттын

ириңдеп кетиши);

- сепсис (жалпы ириңдуу инфекция);

- газ гангрена, столбняк ооруларынын пайда болуусу.

3. алыскы коркунучтары же кабылдоолор:

- өнөкөт ириңдүү оруулардын (остеомиелит – сөөктүн ириңдуу

оорусу) пайда болуусу;

- сөөктөрдүн, муундардын кыйшайып бүтүүсү, кыймылдын

азайуусу ж.б.

Жаракат деген эмне

Жаракат- тери, былжырлуу чел кабык айрылып, ал эми кээде

алардын алдындагы ткань дагы жабыркаган учурду айтабыз.

Жараттын түрлөрү:

Page 11: Dыргыз Jеспубликасынын билим берүү жана илим …msk.edu.kg/.../2020/05/meditsina-biliminin-negizderi.lekts.zhyjnagy.pdf · кездешүүдө.

11

а) мылтыктын огунан

б) курч нерсе менен кесүүдөн

в) балта менен чабуудан

г) учтуу нерсе менен саюдан

д) катуу нерсе менен уруудан

е) кыпчып үзүп алуудан

ж) тиштеп алуудагы пайда болгон жараттар.

Мылтыктын огунан (аткандан)- пайда болуучу жараттар октун же

снаряддын чачырандыларынан пайда болот. Октун кирген жана

чыккан жери бар учурда тешик жараат пайда болуп, ок же осколька

учуп баратып терини жана булчуң этти тилип же айрып кетсе,

кайкыма жараат пайда болот.

Кесилген жарааттын четтери текши келип, ачылып турат да кан

көп агып, бирок, ар кандай микробдор менен анча булганбайт

(ириңдеп кетпейт).

Жанчылган жараатта болсо, жумшак ткандардын четтери үзүлүп,

тереңдиги ар кыл келип, адатта тери, булчуң эттер жанчылып жана

көгөрүп калат.

Учтуу нерсе менен саюдан пайда болгон жараат, адатта теринин

анча жабыркабагандыгы менен мүнөздөлөт, бирок ал органдарды

жабырлантып, өмүргө коркунуч келтирүү аркылуу айырмаланат.

Кан тамырлар жараланса, сыртка кан аз агып чыкканы менен ичти

көздөй байкалбай кандын көп агып чыгышы өмүргө коркунуч

туудурат.

Жанчылган жараат болсо,четинин текши эместиги менен

мүнөздөлөт, канталап турат да көпчүлүк учурда тери сыйрылып ал

ириңдеп, инфекциянын өрчүшүө ыңгайлуу шарт түзүлөт.

Үзүлүп-жулунган жараат болсо механикалык таасирдин

натыйжасында келип чыгат да, көпчүлүк учурда тери сыйрылып

үзүлүп, тарамыш, булчуң жана кан тамырлар жараланып мунун

натыйжасында жараланган жер аябай булганат.

Тиштегенден пайда болгон жарааттар дайым айбанаттын же

кишинин шилекейи менен булгангандыктан көпкө айыкпай, начар

карттанып айыгат.

Атайын операция жасоодон пайда болгон жарааттан башка

жарааттын бардыгы кандайдыр бир деңгээлде булганган болуп

эсептелет. Микробдор жараатка ошо жараатты пайда кылган курал

менен кошо топурак, кийимдин айрындысы аркылуу, о.э. абадан жана

кол менен кармалоодон жугат. Жараатка түшкөн микробдор аны

ириңдетип жибериши мүмкүн.

Page 12: Dыргыз Jеспубликасынын билим берүү жана илим …msk.edu.kg/.../2020/05/meditsina-biliminin-negizderi.lekts.zhyjnagy.pdf · кездешүүдө.

12

Жарааттын кабылдап кетишинин түрлөрүнүн бири болуп теринин

алдына ириңдин жайылып сезгениши эсептелет да стрептекок

микробу пайда болот.

Жараатка аба жок жерде өсүп өрчүй турган микробдордун

түшүшү бир кыйла коркунучтуу. Алар жаратка түшүп өрчүп,

анаэробдук инфекцияны (газдуу гангренаны, чирүүнү) пайда кылат.

Жарааттын башка дагы коркунучтуу кабылдоолору кан болуп

столбняк дарттын козгогучун жуктуруп алуу эсептелет.

Столбняктын алдын алуу максатында жарааттын кайсы гана

түрүндө болбосун (айрыкча топурак менен булганган, ошондой эле эт

тери жанчылган жарааттарда) сөзсүз түрдө жарадар адамда столбняка

каршы сыворотка сайышат.

Столбняк жана газдуу гангрена менен ооруп калгандарды багуу

үчүн өзүнчө атайын персонал жана керектүү буюмдар бөлүнүп

берилет.

Жарааттын булганышын алдын алуу бирден-бир чаралардан

болуп жараатты дароо асептикалык (тазартылган) таңуу менен таңа

салуу эсептелет, бул болсо жараатка микробдордун андан ары

кирбешин камсыз кылат.

Баш сөөктүн, көкүрөктүн ичи, ич көңдөйү да жараланышы

мүмкүн, мындай жарааттар бир кыйла коркунучтуурак.

Көкүрөк төш тешилип жараланганда көбүнчө өпкө жабыр чегип,

адам кан түкүрөт, кан агып отуруп, өпкөнүн кабыгына жана анын чел

кабыгына толуп кетет. Көкүрөк тешилип жаралануунун жабык, ачык

жана клапандуу пневматоракс деп аталган түрлөрү бар. Клапандуу

пневматоракста өпкөнүн кабыгынын ичине сырттагы аба көкүрөктүн

жараланган тешиги боюнча же өпкө аркылуу кирет.

Жабык жаракаттар

Жабык жаракат - теринин бүтүндүгү бузулбастан, анын

астындагы ткандардын жана органдардын жабыркаланышы.

Жабык жаракатка: урунуу; жанчылуу; тарамыштын жана

муундун созулушу; тарамыштын, булчуңдун үзүлүп кетиши;

муундардын чыгышы; сөөктөрдүн жабык сынышы ж.б. кирет.

Урунуу, жанчылуу - жыгылууда, курч эмес нерселер менен

урганда пайда болот.

Урунуу, жанчылуу белгиси: жабыркаган жер ооруйт, шишимик

тартып калат. Жабыркаган дененин бөлүгүнүн кызматы бузулат.

Теринин астында кан уюп топтолуп калат.

Page 13: Dыргыз Jеспубликасынын билим берүү жана илим …msk.edu.kg/.../2020/05/meditsina-biliminin-negizderi.lekts.zhyjnagy.pdf · кездешүүдө.

13

Биринчи жардам: - жабыркаган жерге тынчтык абал берип,

муздак компресс коюу керек. 2-3 күндөн кийин ал жерге ысытуучу

компресс коюп, массаж жасоого болот.

Тарамыштын созулушу-спорт менен машыккандарда (катуу

серпилүүдө, оор жүк көтөрүү ж.б.) көп кездешет.

Белгиси: жабыркаган жер ооруйт, шишийт, кыймылы азайат.

Биринчи жирдам: жабыркаган жерге тынчтык абал беребиз.

Колду жоолуктун жардамы менен илип койгонго болот, бутка катуу

таңуу коёбуз. 2 - 3 күндөн кийин ысытуучу компресс, жылуу ванна

жана массаж жасоого мүмкүн.

Муундардын чыгышы- бул эки сөөктүн бир-бири менен туташкан

жеринен толук же толук эмес чыгып кетиши.

Себептери:механикалык күчтөр, жыгылуу же тайып кетүүдө

колду, бутту басып жыгылуу.

Белгилери: муунда оорунун жана шишиктин пайда болуусу,

кыймылдын чектелиши (бүгүлбөй калуусу), муундун формасынын

өзгөрүлүүсү.

Биринчи жардам. Чыккан муунга кыймылсыз абал берип таңуу

(иммобилизация), врачка жеткирип, тезинен ордуна салуу керек.

Сөөктөрдүн сынышы. Сынык деп - сырткы күчтүн таасиринен

сөөктөрдүн бүтүндүгүнүн, анатомиялык түзүлүшүнүн бузулушун

айтабыз. Сөөк сынганда сыныктын айланасындагы жумшак эттер, кан

жана нерв тамырлары да жабыркайт

Сыныктын себептери механикалык күчтүн таасири (сырткы катуу

басымда, катуу урунганда ж.б.), же сөөктөрдүн кээ бир оорулары

болушу мүмкүн. Сөөктөрдүн сынышы ачык жана жабык болуп экиге

бөлүнөт. Сөөктөрдүн жабык сынуусунда теринин бүтүндүгү

бузулбайт, ал эми ачык сынууда теринин бүтүндүгү бузулат.

Сыныктын багыты боюнча: туурасынан, буралган, майдаланган,

кыйшык, бир-бирине кирип кеткен сынык болуп бөлүнөт.

Белгилери: Сынган жерде катуу оору пайда болот, шишийт,

кызматы бузулат, формасы өзгөрүлөт, кол бут кыскарып калат жана

сыртынан кармап көргөн учурда ал жерде кычыроо пайда болот.

Ачык сыныкта теринин бүтүндүгү бузулуп жарат пайда болот,

сөөктүн сыныктары көзгө көрүнүп турат жана кан агуу байкалат.

Биринчи жардам. Сынган жерде кыймылсыз абалды түзүш

максатында шак-шактарды коюш керек.

Шак-шак коюунун эрежелери:

- ачык сынык болуп. кан агып турса шак-шак коюудан алдын

аккан канды катуу таңуу же жгут коюу менен токтотуу керек;

- шак-шактын астына жумшак материал коюп же кийимдин

сыртынан таңган оң;

Page 14: Dыргыз Jеспубликасынын билим берүү жана илим …msk.edu.kg/.../2020/05/meditsina-biliminin-negizderi.lekts.zhyjnagy.pdf · кездешүүдө.

14

- шак-шак сынган жердин үстү жана асты жагындагы эки

муунду камтышы керек;

- эгер шак-шак жок болсо, колдо болгон нерселер (түз таяк,

сызгыч, зонтик ж.б) менен таңууга, же болбосо жабыркаланган колду

денеге, ал эми жабыркаланган бутту соо бутка таңып коюууга болот;

- кан айланууну көзмөлдөп туруу үчүн кол - буттун манжалары

ачык коюлат,

Жабырлануучуга ооруну сездирбей коюучу дарылардан

(анальгин сыяктуу) берүүгө да болот. Тезинен тез жардам бригадасын

чакырып, ооруканага жеткируу керек.

Мээнин чайкалуусу, урунуусу жана кысылуусу

Эң оор жана коркунучтуу жабык жаракатка мээнин чайкалуусу,

урунуусу жана кысылуусу кирет.

Себептери: башка механикалык күчтүн таасири (баш менен

жыгылып тушкөндө, башка катуу нерсе менен урганда ж.б.) тийгенде

болот.

Белгилери: жапа чеккен киши эстен танат (кыска убакыттан бир

нече күнгө чейин), кокустук болордун алдындагы окуяны унутуп

калат (ретроградная амнезия), башы ооруйт, башы айланат, көңүлү

айланып, кусат, көздүн кареги чоңоюп, жарыкка болгон реакциясы

жоголот.

Чайкалуунун оор түрүндө, урунууда, кысылууда, баш мээсинин

нерв талчаларынын (параличи) иштебей калгандыгынан жутунуу,

сүйлөө бузулуп, колу-буту иштебей, эстен тануу узакка созулат.

Биринчи жардам:

- жапа чеккен адамды түз жерге башын өйдөрөөк кылып

жаткыруу керек,

- эс учун билбей жаткан болсо, дем алуу жолдорунун боштугун

текшерип, кусунду же башка заттар менен тосулуп калган болсо, аны

тазалап, башын соо жагына кыйшайтып жаткырабыз;

- башына муздак компресс коюу зарыл;

- тынчтык абал түзүп, тезинен ооруканага жеткирүү керек;

- дем алуу токтоп, жүрөк сокпой калган болсо, жасалма дем

алдырып, жүрөккө кыйыр массаж жасоо абзел.

Оор нерсенин алдында узак убакытка

басылып калуу же травматикалык уулануу

Себептери. Эки же андан көп саатка (4-8 саат) чейин оор

нерсенин алдында басылып жатып калганда, организмде уулануу

процесси жүрөт.

Белгилери: оозу кургайт, суусайт, алы куруйт, чыйрыгат, кусат,

кан тамыры араң согот. Басылып турган жерден чыбырчыктап суу

Page 15: Dыргыз Jеспубликасынын билим берүү жана илим …msk.edu.kg/.../2020/05/meditsina-biliminin-negizderi.lekts.zhyjnagy.pdf · кездешүүдө.

15

чыгып турат, айланада эмне болуп жатканын сезбейт, жөөлүйт, эстен

танышы мүмкүн. Өтө узак убакытка (6-8 саатка) эки бутту тең оордук

басып калганда, бөйрөктүн жана жүрөктүн кызматы бузулушунан

(жетишсиздигинен) өлүмгө дуушар болушу мумкун.

Биринчи медициналык жардам.

- басылып жаткан адамды боштуп алабыз;

- ачык жарат (айрылган, тытылган) жерди стерилдуу таңгыч

менен таңабыз;

- басылган жердин жогору жагынан жгут менен байлоо

керек,бул басылып жанчылган эттерден бөлүнүп чыккан уулуу

заттардын канга сиңип, кандын агымы менен бүт организмге

таркалышын алдын алат;

- ооруну сездирбей коюучу дарыларды берүү зарыл;

- ысык чай, кофе ж.б. көп суюктуктарды берүү керек жана

оорулууну тезинен ооруканага жеткирүү абзел.

Ачык жараттар

Ачык жараат механикалык күчтүн таасиринен теринин,

сырткы былжыр челдин, терең жайгашкан ткандардын жана

органдардын жабыркаланышы.

Ачык жарааттар терең эмес жана терең болуп эки түргө бөлүнөт.

Терең эмес, үстүртөн жараттар кандайдыр бир органга же

көңдөйчөгө өтүп кетпеген болот, ал эми терең жарааттар - ички

органдардын, кан тамырлардын, нервдердин, сөөктөрдүн ж.б.

органдардын жабырлануусу менен мунөздөлөт.

Ошондой эле ачык жараттар себепчи факторлорго жараша бир нече

тургө бөлүнөт:

1. кесилген жараттар (бычак, айнек, лезвия ж.б.);

2. сайылган жараттар (ийне, шибеге, мык ж.б.);

3. чабылган жараттар (балта, теше, орок, чалгы);

4. жанчылган жараттар (таш, кыш);

5. тиштелген жараттар (ит, бөру, ат);

6. атылган жараттар (ок, снаряд).

Белгилери: жарат алган жер ооруйт, сыртка кан агат, теринин

астындагы эти көрүнүп турат. Жарат алуунун оор абалы жарат алган

жердин өлчөмү, терең жабырланышы, ички opгандардын жабыр

тартышы жана кабылдоосу менен аныкталат. Оор жарат алууда

жергиликтүү' гана белги болбостон, жалпы организм жабыр тартат,

травматикалык шок пайда болушу мүмкүн.

Биринчи жардам:

- кан агууну токтотуу;

- жарат алган жерди тазалап, стерилдүү таңууну коюу;

- ооруну басаңдатуучу дарыларды берүү;

Page 16: Dыргыз Jеспубликасынын билим берүү жана илим …msk.edu.kg/.../2020/05/meditsina-biliminin-negizderi.lekts.zhyjnagy.pdf · кездешүүдө.

16

- суюктукту көп ичирүү, жапакерди жылуулоо;

- тездик менен ооруканага жеткирүү же тез жардам чакыруу.

Ар кандай жарат микробдор менен булганган болот. Микроб

жаратка сырткы (абадан, кир колдон, таза эмес аспаптардан ж.б ) жана

ички (организмдеги өнөкөт очоктон: ангина, гаймалит ж.б.) чөйрөдөн

түшүүсү мүмкүн. Жарат алган жерге микробдордун түшүүсү

төмөнкүдөй ириңдүү кабылдоолорго алып келиши мүмкүн: абсцесс,

флегмона, тырышма (столбняк), газ гангренасы, сепсис ж.б.

Ошондуктан жарат алган жерди биринчи хирургиялык тазалоо өтө чоң

мааниге ээ. Жарат алган жерди тазалоодо, таңууда сөзсүз асептика

жана антисептика эрежелерине көңүл бөлүнүшү керек.

Кабылдоолордун алдын алуу ыкмаларынын бири болуп асептика

саналат.

Aсептика деп микробдорду, жаратка түшкөнгө чейин жоготуу

максатында жасалган алдын алуу иш-чаралардын жыйындысын

айтабыз. Асептиканын негизги мыйзамына ылайык жаракатка тийүүчү

нерсенин бардыгы стерилдүү (микробу жок) болушу керек.

Стерилдөө жогорку температураны, ультразвукту ж.б. ыкмаларды

колдонуу менен же атайын химиялык заттардын жардамы менен

ишке ашырылат. Асептика түшүнүгүнө хирургдун колун операцияга

даярдоо, операцияда колдонулуучу аспаптар, таңуучу же тигүүчү

каражаттар, операция жасалуучу жерди ж.б.тазалоо кирет. Асептика

антисептика менен тыгыз байланышта болот.

Антисептика - бул жараттагы микробдорду жоготуу максатында

жасалган алдын алуу жана дарылоо иш-чаралардын жыйындысы.

Антисептиканын бир нече түрү бар:

1. Механикалык антисептика - бул биринчи хирургиялык тазалоо

иш-аракети (жаракатка түшкөн жат заттарды, уюп калган канды алуу)

ж.б.;

2. Физикалык антисептика - бул жаратта микробтордун

көбөйүшүнө жол бербөөчү ыңгайсыз шарт түзүү (дренаж,

гипертониялык суютук ж.б.);

3. Химиялык антисептика - бул жараттагы микробдорду

химиялык заттарды колдонуу менен жоготуу. Бул антисептикалык

заттарга төмөнкүлөрдү атасак болот: зеленка, йод, марганцовка,

перекис водороду, фурациллин, ривонол, Вишневский майы ж.б.

Жаратка түшкөн кийимдин үзүндүсүн, ок-снаряддын

чачырандысын ж.б.нерселерди алганга, суу менен жуушка, ошондой

эле ага кол менен тийүүгө болбойт. Жараттын айланасын 5% йод

аралашмасы менен суртуп андан кийин таңуу керек.

Таңуу жөнүндөгү окутууну - десмургия деп айтабыз Таңуу - бул

жаратты сырткы микробдордун түшүүсүнөн коргоочу ыкмалардын

Page 17: Dыргыз Jеспубликасынын билим берүү жана илим …msk.edu.kg/.../2020/05/meditsina-biliminin-negizderi.lekts.zhyjnagy.pdf · кездешүүдө.

17

бири болуп саналат. Таңуу үчүн марлиден жасалган түрдүү өлчөмдөгү

бинттер, жоолук ж.б. колдонулат (сүрөт № 9- 11). Таңуу коюуда

төмөнкү эрежелердин сакталышы талап кылынат:

- таңуу салып жатканда оорулуу өзүнө ыңгайлуу абалда

отурушу же жатышы керек;

- таңуу коюлуучу жер кыймылсыз, бош абалда болгону жакшы,

бул таңуунун жылып кетишинин алдын алат жана туура коюлушун

камсыздайт;

- колдун чыканагына же тизеге таңуу кайгондо муундун

бүгүлүп турушу керек;

- оорулуунун абалын көзөмөлдөп тypyy үчүн, таңуу коюп

жаткан адам оорулууга бет маңдай туруп, эмоциясын байкап туруу

керек;

- таңуу четинен ортого карай таңылат;

- таңуу мезгилинде бинттин учун сол кол менен жаратка кармап

турат да, оң кол менен бинттин түрмөгүн (баш жагы) жазып оройт;

- бинт бир багытта, солдон оңго карай таңылат, бинттин

жаратка караган жагына кол менен тийбеш керек;

- биринчи эки таңуу бекитүүчү болуп, бинттин улам кийинки

орому мурдагы оромунун жарымын же 2/3 бөлүгүн жаап турушу

керек.

- бинттин акыркы бекитүүчү бөлүгү (түйүнү) жаракаттын

карама - каршы жагына байланат же төөнөп коюлат.

Травмалык шок жана каршы көрүлүүчү чаралар.

Травмалык шок- өмүргө коркунуч туудуруучу, оор травманын

кабылдап кеткен түрү болуп эсептелип, борбордук нерв системасынын

иш аракетинин кан айлануунун, зат алмашуунун жана башка өмүр

үчүн маанилүү ибр катар функциялардын бузулушу менен

мүнөздөлөт.

Шоктун келип чыгышына организмдин бир жолу же кайталап оор

жарадар болууга учурашы себеп болушу мүмкүн. Шок айрыкча кан

көп акканда кыштын күндөрүндө болсо жарадар үшүккө чалдыкканда

пайда болот. Биринчилик шок травмага учураар замат же андан бираз

убакыт өткөн соң пайда болот.

Экинчилик шок болсо жарадарга жардам көрсөтүүдө аярлабай

жаратын оорутса, этияттабай транпортто же сыныкты жаман таңып

койсо пайда болушу ыктымал. Травмалык шоктун өрчүшүндө эки

фаза, дүүлүгүү жана тормоздолуу байкалат. Дүүлүгүү фазасы травмага

дуушар болор замат ооруга карата организмдин кайтарган жообу

катары пайда болот. Бул фазада жабыркаган адам тынчсызданып

ооруганына чыдай албай алдастайт: кыйкырып жардам сурап жан

талашат. Бул фаза кыска убакытка созулат да эгерде жарадарга

Page 18: Dыргыз Jеспубликасынын билим берүү жана илим …msk.edu.kg/.../2020/05/meditsina-biliminin-negizderi.lekts.zhyjnagy.pdf · кездешүүдө.

18

алгачкы медициналык жардам көрсөтүлө калса билинбей өтүп кетиши

мүмкүн. Мындан кийинки борбордук нерв системасы тормоздолуп

өмүр үчүн маанилүү функциялар басаңдайт. Бул фазада жарадар көп

унчукпай, жардам сурап алдастабай калат да жылы менен жатса да,

дене айлана чөйрөгө кайдыгер карап, денеси муздап, өңү кубарып,

тамыры начар согуп, дем алышы араң эле байкалат.

Травматикалык шокту оордугу жаратта жеңил орточо оор шок

абалы эң эле оор шок абалы деп төрт даражага бөлүшөт. Шоктун

алдын алуучу негизги чаралар: травмага дуушар болгондо келип

чыккан ооруну басуу же басаңдатуу, же агып жаткан канды токтотуу

жабыркаган адамды үшүп калуудан сактоо алгачкы медициналык

жардамдын ыкмаларын өтө этияттап аткарып жана чебердеп

транспорттоо шок абалында жаткан жабыркаган адамга алгачкы

медициналык жардам көрсөтүүдө биринчи кезекте өмүр үчүн

коркунучтуу болгон агып жаткан канды токтотуп, шприц-тюбиктен

оорун басуучу дарыны саят, сөөктө сынык болсо траспортко салууга

ылайыкталып шак-шак коюп таңып жарадарды сууктан коргош үчүн

жаап коет.

Ооруну басуучу даарысы бар шприц-тюбик жок болсо анда шок

абалындагы жарадарга эгер ичин тешип кеткен жарат болсо ичкилик,

ысык чай, кофе берсе болот. Жарадар болгон адамды одеял менен

ороп жабат да замбилге этияттап жаткызып, тезинен медициналык

мекемеге жөнөтөт.

1) Травматикалык шок деген эмне?

2) Кандай фазалары бар?

3) Травматикалык шоктун негизги белгилерин атагыла.

4) Шокту болтурбай коюу үчүн кандай алдын алуучу чаралар

жүргүзүлөт?

5) Шокто көрсөтүлүүчү алгачкы медициналык жардам эмнеси

менен мүнөздөлөт?

Кан агуу

Адамдын бардык органдарында, ткандарында кан бир багытта,

кан айлануунун чоң жана кичине тегереги аркылуу айланып жүрөт.

Кан айлануунун борбордук органы болгон жүрөк, канды насос

сыяктуу кан тамырларга айдайт. Кан тамырлар (аорта, артерия,

капилляр) аркылуу бардык органдарга жеткирилет. Чоң адамдын

денесинде 4,5-5 литр кан болот, анын 2/3 бөлүгүн жоготуу өмүргө

коркунуч туудурат.

Кан агуу деп кандын кан тамырдан сыртка агып чыгышын

айтабыз. Кан агуунун себептери:

- кан тамырдын механикалык күчтүн таасиринен жабыркашы;

Page 19: Dыргыз Jеспубликасынын билим берүү жана илим …msk.edu.kg/.../2020/05/meditsina-biliminin-negizderi.lekts.zhyjnagy.pdf · кездешүүдө.

19

- витаминдердин жетишсиздиги;

- кандын уюуу процесси бузулганда ж.б.

Кан агуунун түрлөрү:

Жарат алган кан тамырдын түрүнө жараша артериялык, веналык,

капиллярдык жана паренхиматоздук кан агуу (сүрөт № 12) болуп

бөлүнөт.

Ошондой эле кан агуу: ички (өпкөдөн, ашказандан, мээ кан

тамырынан ж.б) жана сырткы (ачык жараттардан) болуп экиге

бөлүнөт. Ички кан агууну биз көзүбүз менен көрө албайбыз..

Артериялык кан агууда - кан ачык кызыл түстө болуп, фонтан

сыяктуу диртилдеп катуу агат. Артериялык кан агуу адам өмүрүнө

коркунучтуу, себеби, чоң артериялык кан тамыр жаракаттанганда, көп

кан жоготуунун негизинде бир нече минутанын ичинде адам мерт

болуп калышы мумкун.

Веналык кан агууда - кан кочкул кызыл түстө болуп, акырын, бир

калыпта агат. Коркунучтуу жагы, чоң веналык кан тамыр

жабыркаланганда ага аба сорулуп кирип калган болсо, ал өпкө кан

тамырына же жүрөккө кептелип калган учурда - өпкө артериясынын

аба эмболиясы пайда болуп, өлүмгө алып келет.

Капиллярдык кан агуу - кан эң майда кан тамырлардан

аккандыктан, майда точкалар түрүндө жылжып агат. Кандын уюуу

процесси нормалдуу болсо, өзүнчө деле, же бир аз муздак нерсе

койгондон кийин токтоп калат.

Паренхиматоздук (боордон, кек боордон, бөйрөктөн) кан агууда,

кандын агуусун токтотуу өтө кыйынга турат. Кан агуунун бул түрүн

хирургиялык жол менен гана токтотууга болот.

Биринчи жардам: тездик менен кан агууну токтотуу керек. Кан

агууну токтотуунун эки жолу бар: убактылуу жана толук токтотуу.

Артериялык кан агууну убактылуу төмөнкү ыкмалар менен

токтотууга болот:

1. жаратты катуу таңып коюу (анча чоң эмес кан тамыр болсо);

2. жараттын четин бармак менен катуу басып туруу (сүрөт № 13-

14);

3. кол - буттун артериясынан кан акса, колду же бутту муундан

толук бүгүп туруп, ошол бойдон колдо бар нерселер менен (кур, бет

аарчы ж.б) таңуу (сүрөт № 15). Таңуу үчүн жип, нейлон, аялдардын

капрон байпагын, зым колдонууга болбойт!!;

4. жараттан өйдөрөөк жерге буугуч (жгут) коюу (сүрөт № 16-

17);

Буугуч коюуунун эрежеси:

а) буугуч кийимдин же кандайдыр бир жумшак кездеменин

үстүнөн (сүлгү, жолук ж.б) коюлат, жалаң этке коюлбайт;

Page 20: Dыргыз Jеспубликасынын билим берүү жана илим …msk.edu.kg/.../2020/05/meditsina-biliminin-negizderi.lekts.zhyjnagy.pdf · кездешүүдө.

20

б) буугуч агып жаткан кан токтогонго чейин тартып коюлат,

эгер буугуч туура коюлган болсо буттун өңү кубарып кетет. Ал эми

туура эмес коюлса бут көгөрөт да кан агуу күчөйт;

в) буугучту өтө катуу тартып койбош керек, себеби нервдер

жабыркаланып паралич пайда болушу мүмкүн;

г) буугучту эки сааттан көп убакытка койгонго болбойт, саат

сайын бошотуп ордун алмаштырып таңыш керек, ал эми кыш

мезгилинде жарым сааттан кийин бошотуп кайрадан коюу талап

кылынат;

д) буугуч коюлган күн, убакыт жазылган кагазды кийимине

төөнөп же буугучтун астына кыстарып коебуз.

Веналык кан агууну токтотууда артериялык кан агууну токтоткон

ыкмаларды колдонсо болот. Мисалы: 1. Кан аккан жерди катуу таңуу;

2. Буугуч коюу (кан аккан жердин төмөн жагына коюлат);

3. Жараттын четин катуурак басып туруу менен;

4. Эгерде колдун венасынан кан акса, аккан канды токтотууга -

колду өйдө көтөрүү да жетишээрлик болушу мүмкүн.

Күйүк

Жашоодо күйүп калуу көп кездешкенине байланыштуу күйүктөн

жабыркаган кишиге биринчи жардам көрсөтө билүү өтө маанилүү.

Күйүк - өтө жогорку температуранын, химиялык заттардын,

электр тогунун жана нурдун таасиринен пайда болот. Себепчи

факторго жараша күйүк:

1. химиялык заттардан болгон күйүк (кислота, жегичтер);

2. термикалык күйүк (жалын, кайнак суу, ысык буу);

3. нур күйүктөрү (күндүн нуру, рентген нуру);

4. электр күйүгү (электр тогу, чагылган) болуп бөлүнөт.

Күйүктөн пайда болгон абалдын оордугуна байланыштуу

төмөнкү 4 даражага бөлүнөт:

/ - даражадагы күйүк - тери кызарып, шишимексип, ачышып

ооруйт;

II - даражадагы күйүк – күйгөн жер ооруйт, териси кызарып,

сары суу толгон ыйлаакчалар пайда болот;

III - даражадагы күйүк - тери кызарат, кан аралаш суу толгон

ыйлаакчалар пайда болот, тери астындагы ткандар да жабыркайт,

сезимдүүлүк жоголот, ошондой эле организмдин жалпы системалары

да жабыр тартат;

IV - даражадагы күйүк - тери, тери алдындагы жумшак

ткандар жана сөөк да жабыркашы мүмкүн, сезимдүүлүк жоголот.

Page 21: Dыргыз Jеспубликасынын билим берүү жана илим …msk.edu.kg/.../2020/05/meditsina-biliminin-negizderi.lekts.zhyjnagy.pdf · кездешүүдө.

21

Күйктүн оор абалында (III-1V - даражаларында), күйгөн жердеги

ткандардын жабырлануусунан уулуу заттар пайда болот. Уунун канга

өткөн учурда бүт организм ууланып, күйүктөн болгон шок пайда

болот. Бул учурда кан коюлуп, организмди кислород менен жабдуу

кызматы аткарылбай калып, өмүргө коркунуч туулат.

Биринчи жардам: - эгерде адамдын кийими күйүп жатса, ага

муздак суу куюп, адамга бир нерсе орой коюп, өрттү өчүрүш керек.

Андан соң этти сыйрып кетпегендей кылып, акырындык менен

кийимди чечип же кесип алуу зарыл.

- күйгөн жерге стерилдүү таңуу коёбуз,

- күйгөн кишини таза жак капталы менен жылуулап ороп

жаткырабыз;

- көп суюктуктарды (чай, минерал сууларын ж.б.) беребиз;

- өтө абайлап, медициналык мекемеге жеткирген абзел;

- күйүктү жуушка, ыйлаакчаларды жарууга, ага жабышкан

кийимди үзүп алууга, күйүккө май сыйпоого, порошок себүүгө

болбойт, себеби, микроб кирип кетиши мүмкүн;

- кислотага күйгөндө, ошол жерге муздак суу же ичүүчү сода

аралашмасын (1 стакан сууга 1 чай кашык сода) куюп туруу зарыл.

- жегичке күйсө, ошол жерге 3% лимон же уксус кислотасынын

аралашмасын куюп турабыз (15-20 мүнөт).

-

Электр тогу жана чагылгандан жарат алганда

биринчи жардам

Электр тогунан болгон жарат дененин кээ бир бөлүктөрү, электр

тогу өтүп жаткан зымга тийген учурда болот:

- электр приборлору менен иштөөнү билбеген учурда;

- ишканаларда коопсуздук эрежелерин сактабаганда;

- нымдуу кол менен электр приборлоруна тийгенде ж.б.

Электр тогу урганда - электр тогунун адамдын организмине

тийгизген теpc таасиринен организмде ар түрдүү өзгөрүүлөр болушу

мүмкүн (ток өткөн жерде күйүктүн, ткандардагы электролиздин пайда

болушу жана бүт организмдин жабырланышы). Өзгөрүлмө токтун 120

вольт жана андан жогорку чыңалууда болушу өмүргө коркунуч

туудурат. Токтун өткөн жерге тийгизген таасиринен "токтун

белгилери", б.а. ток кирген жана чыккан жерде териден бир аз

көтөрүлгөн, күл ыраңдагы катуу тактар же карттар пайда болот. Ал

эми токтун таасиринен организмде төмөнкү жалпы белгилер байкалат:

баш ооруйт, алы куруйт, жарыктан коркот, тамырдын кагышы

солгундайт, тердейт. Оор жабырланууда - өпкөдө шишик пайда болот,

кыска убакытка эстен тануусу мүмкүн. Өтө оор түрүндө кан

тамырдын жана жүрөктүн кагышы, дем алуусу токтойт, эс учун

Page 22: Dыргыз Jеспубликасынын билим берүү жана илим …msk.edu.kg/.../2020/05/meditsina-biliminin-negizderi.lekts.zhyjnagy.pdf · кездешүүдө.

22

жоготот, б.а. клиникалык өлүм акыбалы пайда болот. Жеңил

жабырланууда алы куруп, башы ооруйт, башы айланып, көңүлү чөгүп,

эске тутуусу, көрүүсү, угуусу, жыт сезүүсү начарлашы мүмкүн.

Биринчи жардам:

а) тезинен токту өчүрүү керек;

б) өчүрүш мүмкүн эмес болсо, зымды ток өткөрбөөчү нерсе

(кургак таяк, бүктөлгөн гезит, резина тамандуу бут кийим, резина

колкап) менен алып таштоо керек;

в) токтон ажыраткандан кийин тезинен биринчи медициналык

жардам берүүгө киришебиз.

Эгерде эстен танган болсо, анын денесин тар кийимден бошотуп

(курун, галстугун) жаткырабыз, бетине муздак суу чачабыз, нашатыр

спиртин жыттатабыз. Клиникалык өлүм акыбалы болсо, жасалма дем

алдырып, жүрөккө кыйыр массаж жасайбыз. Күйгөн жерди таза таңуу

менен таңып коебуз. Дем алуу жана жүрөктүн иштеши калыбына

келгенден кийин, дарылоочу мекемеге жеткиребиз.

Үшүккө алдыруу

Үшүккө алдыруу төмөнкү температуранын таасиринен пайда

болот. Көбүнчө бут, колдун манжаларын, кулактын кемирчегин жана

мурунду үшүк алат.

Үшүк алууга кошумча факторлор: нымдуулуктун жогорулашы,

кийимдин ным болуусу, кыймылсыздык, мас абал, ачка болуу,

витаминдердин жетишсиздиги ж.б.

Үшүккө алдыруу даражасы 4 түрдүү болуп бөлүнөт:

/ - даражадагы үшүк алуу - тери бозоруп. кээде көгөрүп,

сезимдүүлүгү начарлайт, үшүк алган жер кычышат, ооруйт, сайышат.

II - даражадагы үшүк алуу - тери кызгыч көк түстө болуп,

шишимексип, териде ыйлаакчалар пайда болот, ыйлаакчалардын

ичиндеги суюктук кан аралаш болушу мүмкүн, үшүк алган жер

ооруйт, сезимдүүлүгү начарлайт.

III - даражадагы үшүк алуу - тери кара кек тартып,

ыйлаакчалардын ичине кан аралаш суюктук толуп, сезимдүүлүгү

таптакыр жоголуп, үшүк алган жер соо жерден кескин түрдө

айырмаланып турат.

IV - даражадагы үшүк алуу - теринин алдындагы жумшак

ткандардын бардык катмарынын, кээде сөөктүн жабыркаланышы

байкалат.

Биринчи жардам: - жабыр тарткан адамды жылуу жайга

киргизебиз;

- үшүк алган жерди спирт же арак менен сүртүп, кызарганча

ушалап, ал жердеги кандын жүрүшүн камсыз кылуу керек;

Page 23: Dыргыз Jеспубликасынын билим берүү жана илим …msk.edu.kg/.../2020/05/meditsina-biliminin-negizderi.lekts.zhyjnagy.pdf · кездешүүдө.

23

- эгер бутту үшүк алган болсо, бут кийимди абайлап чечүү

зарыл жана ушалап жатканда жапа чеккен адамга ысык чай, кофе, бир

аз арак берсе да болот;

- жабыркаланган адамды тезинен ооруканага жеткириш зарыл.

Чөгүү

Чөгүү - адамдын сууга чөгүүсүнүн, чумкуусунун негизинде дем

алуу жолдоруна жана өпкөгө суу толуп, аба кирбей, кислороддун

жетишсиздигинен өмүргө маанилүү органдардын кызматынын курч

бузулуу абалы. Бул мезгилде мээнин кислород менен камсыз болуусу

төмөндөп, жабырлануучу эс - учун жоготот да 2-5 минутанын ичинде

жапа чеккен адам өлүмгө дуушар болушу мүмкүн.

Чөгүүнүн негизги себептери: сүзүүнү билбегендик, коркуу

сезими, суунун муздактыгы, сууга секирген мезгилде кандайдыр бир

жаракат алуу, чарчоо, мас абал ж.б.

Белгилери: чөгүүнүн жеңил абалында жабыркалануучунун эс-

учу жайында, калтырап-титирейт, кусат ж.б., ал эми оор абалында

эсин жоготот, денеси кубарат же көгүштөнөт, оозунан көбүк чыга

баштайт. Дем алуу, жүрөк кызматтары бузулат, көздүн кареги

кеңейет.

Биринчи жардам: - тезинен суудан алып чыгып, башын бир аз

төмөнүрөөк кылып, тизеге көмкөрөсүнөн жаткырып, ооз- мурунду

кусундудан, кумдан, балырдан ж.б. нерселерден тазалап, өпкөдөн

жана ашказандан сууну агызыш керек.

Эгер эс-учу жайында болсо кийимдерин алмаштырып, кургактап,

жылуулап, тынчтандырып, ысык чай ичкенге беребиз;

Эгерде эсин жоготкон болсо, нашатыр спиртин жыттатабыз, көкүрөк

кийимдерин бошотуп жасалма дем алдырабыз, ал эми жүрөк токтоп,

кан тамыр какпай калган учурда жүрөккө кыйыр массаж жасайбыз.

Тумчугуу – дем алуу жолу суюктукка, көбүнчө сууга толуп

калгандан келип чыгат.Сууга чөгүп бараткан кишинин бронхторуна

жана өпкөсүнө суу кирип, ал дем ала албай калгандыктан,

кычкылтектин жетишсиздиги пайда болот жана жүрөгү токтоп калат.

Жапа чеккен адамды мүмкүн болушунча суудан эртерээк тартып алуу

зарыл.

Алгачкы медициналык жардам көрсөтүү үчүн жана чеккен

адамды бел курчоосуна чейин чечиндирип, оозунун ичин жана мурдун

балырдан, ылайдан жана илешкектен тазалап, аны көмкөрөсүнөн

жумуру нерсенин үстүнө же жардам берип жаткан киши өзүнүн

тизесине башын ылдый каратып жаткызат да, андан соң анын

көкүрөгүн басып, өпкөсүндөгү жана ашказанындагы сууну сыртка

сүрүп чыгарат. Андан кийин жасалма дем алдырууга жана жүрөктү

кыйыр массаж жасоого өтөт. Мындай учурда жасалма дем алдырууну

Page 24: Dыргыз Jеспубликасынын билим берүү жана илим …msk.edu.kg/.../2020/05/meditsina-biliminin-negizderi.lekts.zhyjnagy.pdf · кездешүүдө.

24

“ооздон оозго” дем алдыруу ыкмасы натыйжалуу болуп эсептелет.

Адамды чалкасынан жаткырып, оозунун жана мурундун ичин

салфетка менен тазалап, анын аба өткөрүүчү жолунун ачык экенине

көзү жеткен соң, жарадардын башын артты көздөй чалкалатат. Эгерде

дем алуу калыбына келбесе жана жапа чеккен адам эсине келбесе,

анда жасалма дем алдырууну жана жүрөккө кыйыр массаж жасоону

өлүмдүн нагыз белгилери пайда болгуча токтотпоо керек.

Өлүмдүн нагыз белгиси: каректин чоңоюшу анын жарыктан

жалтанбай калышы, көп убакытка чейин жүрөгүнүн сокпой турушу

денесинде өлүк тагынын пайда болушу эсептелет.

Дем алуусу жана жүрөгүнүн согушу калыбына келсе жана

чеккен кишини жылытып, ага ысык чай берип, медициналык мекемеге

жеткирүү керек.

Көп убакытка чейин ысыкта жүргөндө, күндүн же ысыктын

өтүп кетиши деп аталган оор оруу пайда болушу мүмкүн. Бул

оорулардын негизги белгилери төмөнкүлөр:

• денени температурасынын 40-41ºС ге чейин жогорулашы

тамырдын кагышынын минутасына 150-170ке чейин жетиши

жана дем алуусунун минутасына 30 же андан көбүрөөк

болушу өңүнүн өтө кызарып кетиши кээде бетинин терисинин

кубарышы, өтө көп тердөө, темтеңдеп басуу, баштын

айланышы жанан баштын оорушу. Биринчи жардам

көрсөткөндө көлөкөгө жаткырып, көйнөгүнүн жакасын жана

денесин кыскан кийимдерин чечип, башына жана төшүнө

сууланган сүлгү басып, суу ичирет. Эсинен танган учурда

чыкыйларын нашатр спирти менен сүртүп, дем алуусу токтоп

калганда жасалма дем алдыруу, жүрөгүнүн согушу токтоп

калса, жүрөккө түзтөн-түз массаж жасап баштоо керек.

Жүрөк - кан тамырлар ооруларындагы токтоосуз

жардам

Азыркы коомдо жүрөк кан тамырлар оорусу эрте өлүмдүн жана

инвалид болуп калуунун бирден бир себепчиси. Жүрөк ооруларына

алып келүүчү кооптуу факторлорго төмөнкүлөрдү санасак болот:

- организмде холестериндин жогорулашы;

- артериялык кан басымдын көтөрүлүшү;

- чылым чегүү, алкоголдук ичимдиктерди колдонуу;

- стресс, семирип кетүү, кыймылдын аздыгы (гиподинамия);

ж.б.

Жүрөк - кан тамырлар системасынын ооруларынын негизги

белгилери: жүрөк тушунда оорунун пайда болушу, жүрөктүн тез

кагышы, демигүү, шишиктин пайда болушу, теринин көгүштөнүшү

(цианоз), артериялык кан басымдын көтөрүлүшү ж.б.

Page 25: Dыргыз Jеспубликасынын билим берүү жана илим …msk.edu.kg/.../2020/05/meditsina-biliminin-negizderi.lekts.zhyjnagy.pdf · кездешүүдө.

25

Обморок - кыска убакытка эстен тануу. Эстен тануу абалы мээге

кескин түрдө кан жетишпей калган учурда пайда болот.

Себептери: жүрөк -кан тамырлар оорулары, кан жоготуу, чарчоо,

ачка болуу, катуу капа болуу, чочуп кетүү, коркуу, бөлмөнүн ысык

(дем) болуусу ж.б

Белгилери: кокустан алы куруйт, баш айланат, көз караңгылашып,

колу -буттун сезүүсү начарлайт. Бул убакытта оорулуунун өңү

кубарып, чекесинен муздак тер чыгып, кол- буттары муздап, дем

алуусу тездеп, анан эсинен танып жыгылышы мүмкүн.

Биринчи жардам:

- эстен танган адамдын буттарын бир аз көтөрүп жаткырабыз

же башын ылдый кылып отургузабыз (мээдеги кан айланууну

жакшыртыш үчүн);

- тар кийимдерин, жакасын, курун бошотобуз;

- таза аба киришин камсыз кылып, бетине муздак суу чачабыз,

жаактарына шапалак менен чапкылайбыз;

- нашатыр спиртин жыттатабыз, чыкыйына дагы ышкайбыз;

- эсине келген оорулууга ысык чай же кофе берүү зарыл.

Коллапс - артериялык кан басымдын кескин төмөндөшү.

Себептери: кан агуу жана көп өлчөмдө кан жоготуу, түрдүү

уулануулар, жаракат алуу, жүрөк булчуңунун инфаркты ж.б.

Ьелгилери: кокустан акыбал начарлап, башы айланып, көзү

караңгылашып, кулагы чуулдайт, өңү кубарып, муздак тер чыгып,

колу-буту муздайт, дем алуусу үстүртөн болуп, бат-бат дем алат, кан

басым төмөндөйт.

Биринчи жардам:

- оорулууну буттарын бир аз көтөрүп жаткырабыз;

- тар кийимдерин: жакасын, курун бошотобуз;

- таза аба киришин камсыз кылабыз;

- тамырларды тарытуучу дарыларды беруу керек (адреналин,

норадренелин);

- коллапска алып келген себептерди жоюп тез жардам

чакырабыз;

- эгерде дем алуусу токтоп, кан тамыры сокпой калган болсо.

жасалма дем алдыруу, кыйыр массаж жасоо керек;

- эсине келген оорулууга ысык чай же кофе берүү зарыл.

Гипертониялык криз - артериялык кан басымдын кескин түрдө

жогорулап кетиши. Гипертониялык кризге гипертониялык оору

өтүшүп кеткенде дуушар болушу мүмкүн.

Себептери: жөнсүз кыжаалаттануу, аба-ырайынын өзгөрүүлөрү,

спирт ичимдиктерин көп ичүү, кан басымы жогору оорулуулар аны

Page 26: Dыргыз Jеспубликасынын билим берүү жана илим …msk.edu.kg/.../2020/05/meditsina-biliminin-negizderi.lekts.zhyjnagy.pdf · кездешүүдө.

26

төмөндөтүүчү дарыларды кабыл албай калганда, тамактануунун

тартиби бузулганда ж.б. учурларда.

Белгилери: баштын оорусу күчөйт, айрыкча баштын арткы

бөлүгүндө; башы айланат, көңүлү айныйт, кусат. Көзү караңгылашат,

көрүүсү начарлайт, кээде көз алдына кара точкалар, кара тегеректер

пайда болот. Бети кызарып, кызыл тактар пайда болот, жүрөгү

лакылдап тез согот, кулагы чуулдайт, кан басымы көтөрүлөт (200-

250/150-180 сымап мамычасы), уйкусу келет. Жүрөк тушунда оору

пайда болушу мүмкүн. Гипертониялык криз жүрөктүн инфаркт

оорусуна жана мээге кан куюлууга (инсульт) дуушар кылышы мүмкүн

Биринчи жардам:

- оорулууга тынчтык абал түзүп, башын өйдө көтөрүп

жаткырабыз;

- желкесине горчичник коюп, бутуна жылуу ванна жасоо керек;

- нервди тынчтандыруучу дарыларды (мисалы: валерианка ж.б.)

берүү абзел;

кан басымды төмөндөтүүчү дарылар (дибазол, папаверин, магний

сульфаты ж.б.) укол саюу жана тез жардам бригадасын чакыруу

зарыл.

Жүрөктүн ишемия ооруулары

"Ишемия" - латын тилинен которгондо, органдардын кан

менен камсыз болушунун жетишсиздиги дегенди түшүндүрөт.

Жүрөктүн ишемия ооруларына стенокардия, жүрөк булчуңунун

инфаркты кирет. /

Стенокардия – жүрөк тушунда кыска убакытка созулган оору

пристубунун пайда болуусу. Оору жүрөк булчуңунун кан

тамырларынын кысылуусунун натыйжасынан жүрөктүн

булчуңдарына кан жана азык заттардын жетишсиздигинен пайда

болот. Стенокардиянын эки түрү бар:

1. Күч стенокардиясы – жүрөк тушундагы оору организмге күч

келген учурда (басканда, кара жумуш жасаганда, кыжаалаттанууда,

тамеки чеккенде, спирт ичимдиктерин ичкенде) пайда болот;

2. Тынч абалдагы стенокардия - оору тынч абалда отурганда,

кээде уктап жатканда пайда болот.

Белгилери: жүрөк тушунда сайгылашкан, мыжыккан, кысылган

оору пайда болот. Оору сол жак ийинге, колго, далыга, желкеге

берилет, деми кыстыгып, аба жетишпей, оорулууда өлүм коркунучу

пайда болуп, өңү кубарып, тер басышы мүмкүн, кол - буту муздайт.

Оору 2 минутадан 5 минутага чейин созулат.

Биринчи жардам:

- оорулууга тынчтык абал түзүш керек;

Page 27: Dыргыз Jеспубликасынын билим берүү жана илим …msk.edu.kg/.../2020/05/meditsina-biliminin-negizderi.lekts.zhyjnagy.pdf · кездешүүдө.

27

- колго, бутка жылуу ванналар жасап, жүрөктүн тушуна

горчичник коёбуз;

- нитроглицерин же валидол деген дарыларды тилдин астына

беребиз;

- папаверин, платифиллин уколдору тери астыга сайылат;

- тездик менен тез жардам чакырабыз. Тез-тез кайталган

стенокардия жүрөктүн инфарктына алып келет.

Жүрөк булчуңунун инфаркты – жүрөк булчуңунун кан менен

камсыз болуусу бузулгандын негизинде, жүрөк булчуңунун некроз

болуусу.

Себептери: жүрөк тамырларынын атеросклерозу, тамеки тартуу,

ичимдик ичүү, стенокардия оорусу көп кайталана бергенде,

кыймылдын аздыгы ж.б.

Жүрөк инфаркты 3 түрдө өтүүсү мүмкүн:

1. ооруу түрү;

2. ашказан түрү;

3. астма түрү.

Ар бир форманын өзүнө тиешелүү белгилери бар Мисалы: ооруу

формасында, жүрөк тушунда көпкө созулган оору пайда болот.

Оору сол кол, сол далыга берилет да бир нече ондогон минутадан,

саатка кээде суткага созулат. Оору нитроглицерин, валидол

дарыларынан кийин да жоголбойт.

Оорунун өтө оор абалында кардиогендик шок пайда болушу

мүмкүн оорулууда өлүм коркунучу пайда болот, өңү кубарып, муздак

тер басат, аба жетишпей , кан басым төмөндөйт. Жүрөктүн согушу

тездеп, оорулуу демигет.

Ашказан формасында -ашказан тушунда оору пайда болот,,

окшуйт, кусат, ич көбөт.

Астма формасында - оорулууга аба жетишпей демигет, дем алуу

жолдору кысылат, жөтөлөт, кан аралаш какырык чыгат.

Биринчи жардам:

- эң негизгиси жүрөктүн оорусун басаңдатуу, бул үчүн

нитроглицерин таблеткасы тил астына берилет;

- эгер нитроглицерин ооруну басаңдатпаса, тезинен тез жардам

бригадасын чакырыш керек, себеби, оорулууга оору сездирбей

коюучу наркотикалык заттарды (морфин 1% - 1 мл, промедол 2% - 1

мл, пантопон 2% - 1 -2 мл аралашмаларын) вена кан тамырына берүү

зарыл;

- тез жардам бригадасы келгиче оорулууга тынч абал берип,

нервди тынчтандыруучу (валерианка ж.б.у.с.) заттарды берип турууга

болот.

-

Page 28: Dыргыз Jеспубликасынын билим берүү жана илим …msk.edu.kg/.../2020/05/meditsina-biliminin-negizderi.lekts.zhyjnagy.pdf · кездешүүдө.

28

Колика абалдарындагы токтоосуз жардам

Колика абалдары - ич көңдөйүндөгү органдардын капысынан

мыкчып кармаган катуу оорусу.

Коликанын түрлөрү болуп ичеги, өт жана бөйрөк коликасы

саналат.

Өт (боор) коликасынын себеби: өт кабыкчасынын таш оорусу,

өт кабыкчасында өт зилин топтолуп туруп калуусу.

Оорунун белгиси: күтүлбөгөн жерден оң жак кабырганын астында

аябай катуу мыкчып кармаган оору пайда болот. Оору оң далыга, оң

ныптага, киндиктин айланасына берилет, көңүлү айнып кусат, ич

көбөт, оорулууну муздак тер басат, өңү кубарат, температурасы

жогорулайт, чыйрыгат, оозу кургайт, ичи доскадай болуп катып,

тамырдын кагуусу тездейт, артериялык кан басымы төмөндөйт.

Биринчи жардам - оорулууну тезинен ооруканага жеткирүү

зарыл;

- рентген изилдөөсү таштын бар же жоктугун аныктаганга ,

чейин, оорулууга клизма жасоого, жылуу коюуга, ооруну сездирбей

коюучу дарыларды берүүгө мүмкүн эмес;

изилдөөдө таштын жоктугу аныкталса булчуңдардын жыйрылуусун

бошоңдотуучу (папаверин, платифиллин ж.б.) дарыларды же

наркотикалык ооруну басаңдатуучу дарыларды бергенге болот;

- грелка, жылуу компресстер коюлат;

- өт зилин айдоочу (аллахол, холасос, жүгөрүнүн чачысы ж.б.)

дарылар берилет;

- рентген изилдөө таштын бар зкендигин көрсөтсө, тезинен

операция жасалат.

Бөйрөк коликасы: Оору бөйрөктүн таш оорусунда, ошол

өткөөлдөр аркылуу таш жылганда, заара жолдорунун жука

булчуңдарынын катуу жыйрылуусунун негизинде ж.б. учурларда

пайда болот.

Белгилери: бел (бөйрөктүн) тушунда күтүлбөгөн жерден катуу,

мыкчып кармаган оору пайда болот. Оору табарсыкка, жыныстык

органдарга, чурайга берилет. Кээде чыйрыгат, кецулу айланып кусат,

муздак тер басат, оорулуу жанын коерго жер таппайт (оорунун

катуулугунан), тамырдын кагышы тездейт, сийдикте кан пайда болот.

Биринчи жардам:

оорулууга тынчтык абал берүү;

- таштын жоктугуна толук ынангандан кийин гана булчундарды

бошондотуучу дарыларды (атропин, платифиллин) берүүгө болот;

- орулуунун бутуна же белден ылдый жагына ысык ванна

жасап, бел тушуна грелка коюуга болот;

Page 29: Dыргыз Jеспубликасынын билим берүү жана илим …msk.edu.kg/.../2020/05/meditsina-biliminin-negizderi.lekts.zhyjnagy.pdf · кездешүүдө.

29

- заара жолдорун жууш учун көп-көп суюктуктар ( ысытылган

минерал сууларын) ичириш талапка ылайык.

Ичеги коликасынын себеби болуп ичегинин жаракаттары же

кызматынын бузулуусу саналат.

Беллгилери: ичте толгоо сыяктуу катуу оору пайда болот, ич

көбөт, окшуйт, кусат, кээде ич өтөт. Ичтин булчуңдары чыңалып, кол

тийгизбей ооруйт.

Биринчи жардам: диагнозго толук ынанганда булчундарды

бошоңдотуучу

Атропин, папаверин уколдору сайылат;

Page 30: Dыргыз Jеспубликасынын билим берүү жана илим …msk.edu.kg/.../2020/05/meditsina-biliminin-negizderi.lekts.zhyjnagy.pdf · кездешүүдө.

30

- тез жардам чакыруу:

Боор, анын мааниси жана функциясы.

Боор адамдын денесиндеги эң чоң без. Бул маанилүү органдардын

бири, ансыз адам жашай албайт. Боор организмде ар түрдүү

функцияларды аткарат.

Баланын курсакта өрчүү мезгилинде кан пайда кылууга катышат,

анда эритроциттер көмүр кычкыл газын ткандардан бөлүпчыгарууга

да катышат. Ошондуктан эритроциттерди кандын кызыл клеткалары

деп аталат. Ал кан жана гликоген сакталып турган клетканын

милдетин аткарат. Анда өт иштелип чыгат, өт тамак эритүү жана

сиңирүү процесине активдүү катышат.

Тамак эриткич каналдан канга сиңирилген баардык заттар дарбаза

венасы аркылуу боорго келип түшөт: булардын айрымдары татаал

заттардын түзүлүшү үчүн пайдаланат, башкалары болсо ажыроого

дуушар болот. Боорго келип түшкөн аминокислоталардан кандын

белоктору (альбуминдер глобуминдер ж.б.) углеводороддон гликоген

синтезделет, май сыяктуу заттар пайда болот кандын уюшу үчүн

керектүү протромбин жана гинарин синтезделет. Боордо азык заттар

белок, май, углевод организмдин учурундагы муктаждыгынан

байланыштуу бири-бири менен айланып турат. Ичеги- карынды

аралап чыккан кандын баары боор аркылуу өтөт. өт кишинин

денесиндеги эң ири без боор тарабынан бөлүнүп чыгат жана майларды

эритүүгө жардам берет. өт бирден –бир маанилүү эриткич зил болуп

эсептелет.

1-ал уйку безинин жана ичеги зилдеринин ферменттерин

активдештирет.

2-майды эритет анын сорулушун жеңилдетет

3-ичеги кыймылынын активдүүлүгүн күчөтөт.

Өт он эки эли ичегиге тамакты кабыл алгандан беш он минут

өткөндөн кийин келе баштайт да бир нече саатка чейин бөлүнүп турат.

Бөлүнүп чыккан өттүн өлчөмү тамактын составына жараша болот.

Ичеги көңдөңүнө өтүп, бөлүнүп чыгышы нервдик жана гумордук

жөнгө салуунун арасында жүрөт. ашказанга тамак түшкөндө анын чел

кабыгы гүлүгө баштайт. Бул дүүлүгү ичегиге өтүп. Рефлекстүү тиет.

өттүн бөлүнүп чыгышын нервдик жөнгө салуу тентине жана

симпатикалык нервдер дүүлүктүргөндө өттүн бөлүнүшү жана анын өт

баштыкчасынын чыгышы басаңдайт, өт бөлүнүп чыгуунун химиялык

дүүлүктүргүчү болуп гармондор. Белоктун өзгөртүлгөн продуктулары

жана өт өзү эсептелет. Алар канга сорулуп, ал аркылуу өт пайда блуп

жана өт бөлүнүп чыгуу процесстерин күчөтөт.

Page 31: Dыргыз Jеспубликасынын билим берүү жана илим …msk.edu.kg/.../2020/05/meditsina-biliminin-negizderi.lekts.zhyjnagy.pdf · кездешүүдө.

31

Ангена

Ангена катуу кармама жугуштуу оору. Андан негизинен бадам

сымал без сезгинин жабыркайт. Ангена кеңири тараган оору. Көбүнчө

балдар ошондой эле 35-45 жашка чейинкилер ооруйт анын ар кандай

микроорганизмдер негизинен кокк менен пайда кылат. Алар

организмге оорулуу пайдаланган түрдүү буюмдардан жугат. Айрым

учурларда ангина бадам сымал бездердин лакуналарында, ооз

көңдөйүндө дайыма жашоочу микроптор. Ал микробдор киши үшүп

калса, өтө чарчаса ар кандай оору менен ооруса, көбүнчө грипптен

кийин организмдин коргонуу күчү начарлаганда ангена козгойт.

Тамак кычышкансыйт. Ачышкансып эч нерсе жуткузбай ооруйт.

Оорунун биринчи күнү эти ысып, 38-39 градуска, Кээде 40 градуска

чейин жетет. Башы ооруп шалдырайт, чыйрыгат. Көпчүлүк кишилерде

ангена ар бир нече жылда кармайт. Тез-тез кармалса, ангена өнөкөт

сезгенүү, өнөкөт тонзинитке өтөт. Даарылоону оорулуунун абалына

жана түрүнө жараша врач жүргүзөт.

Кома акыбалдары

Кома акыбалдары - борбордук нерв системанын жабырлануусунун

натыйжасында эс - учун билбей, тышкы чөйрөнүн таасирине жооп

бере албай, сезүү жана рефлекстер төмөндөп, өмүргө маанилүү

органдардын кызматы бузулган акыбал. Кома абалдары көбүнчө

мээдеги кан айлануунун бузулушу, мээге кан куюлуу, тромбоз (мээ

кан тамырында кандын уюп калышы), уулуу козу карындар жана

банги заттары менен ууланууларда, боордун, бөйрөктүн оорулары,

"кант диабет" оорусунун натыйжасында пайда болушу мүмкүн.

Себебине жараша кома бир нече түрдө болот: диабетикалык,

гипогликемиялык, боор, уремикалык ж.б.

Диабет комасы - кант диабети оорусунун кабылдоосу,

инсулиндин жетишсиздигинен кандагы канттын өлчөмүнүн кескин

жогорулап кетиши.

Себеби: диабетти дарылоодо инсулиндин дозасын аз өлчөмдө

берүү же толук токтотуп коюу, тамактануу режими бузулганда,

операцияга кабылганда, бойго бүтүү ж.б.

Белгилери: кома башталаарда алы куруйт, уйкусу келет, тамакка

табити тартпайт. Суусайт, заарасы тездейт, кусат, териси кургайт,

денеси муздайт, көздүн кареги кичирейет Айлана чөйрөдө эмне

болгонуна кызыкпайт, эсин жоготот, дем алуусу өтө оорлошуп, дем

Page 32: Dыргыз Jеспубликасынын билим берүү жана илим …msk.edu.kg/.../2020/05/meditsina-biliminin-negizderi.lekts.zhyjnagy.pdf · кездешүүдө.

32

чыгаруу кыска-кыска болот да ацетондун жыты чыгат, артериялык кан

басым төмөндөйт.

Биринчи жардам: -токтоосуз вена кан тамырынын инсулин 20 -40

ЕД 40% -20 мл глюкоза аралашмасы менен берилет;

- артериялык кан басымды жогорулатуучу дарылар (кордиамин,

кофеин);

- эгер оорулуу эсине келбесе инсулиндин дозасын кайталап

беребиз;

тезинен дарылоочу мекемеге жеткирүү керек.

Гипоглинемиялык кома абалы кандагы канттын өлчөмүнүн кескин

түрдө төмөндөп кеткендигинен пайда болот.

Себеби: кант диабети оорусун дарылоодо инсулинди көп өлчөмдө

берүү.

Белгилери: күтүлбөгөн жерден аябай катуу башы ооруйт,баш

айланат, карды ачат, денеси нымданып тердейт, өңү кубарат,

калтырап-титирейт, көрүүсү начарлайт. Коркуу сезим пайда болуп,

оорулуунун кыймыл - аракети күчөйт, булчуңдары тартышат, эсин

жоготуп кома абалына кабылат.

Биринчи жардам.

- оорулууга 1 стакан канттуу чай, ширин булочка бериш керек;

- эгерде ага да болбой эсин жоготкон болсо, 40% түү 40 мл

глюкоза аралашмасын вена кан тамырына жай куюш зарыл,

жыйынтык жакшы болбосо (эсине келбесе), ошол эле глюкозанын

аралашмасын кайрадан 40-50 мл өлчөмдө венага куйганда жакшы

натыйжа берет;

- тез жардам чакыруу же терапия бөлүмүнө жаткыруу керек.

Боор комасы - боордун кызматынын жетишсиздигинен пайда

болгон акыбал.

Себептери: жугуштуу сарык оорусу, боордун рак оорусу, уулуу

козу карындар менен уулануу ж.б.

Белгилери: кома акырындык менен пайда болот, аппетити жок,

кусат, алы куруп, уйку басат, кээде жөтөлүп, элириши мүмкүн.

Дененин температурасы 39 - 40 0 С га көтөрүлөт, тери жана көздүн агы

саргарат, эс-акылын жоготот, айлана чөйрөдөгүлөрдү, жарыкты жана

ооруну сезбейт, тамырдын кагышы тездейт, артериялык кан басым

төмөндөйт, оозунан "боордун жыты" келет.

Биринчи жардам: бул оорулууларды абайлап, жаткан абалда, тез

арада дарылоочу мекемеге жеткируу керек.

Уремиялык кома – бөйрөктүн сийдикти фильтирлөө, бөлүп

чыгуу кызматынын бузулуусунун натыйжасынан пайда болгон абал.

Page 33: Dыргыз Jеспубликасынын билим берүү жана илим …msk.edu.kg/.../2020/05/meditsina-biliminin-negizderi.lekts.zhyjnagy.pdf · кездешүүдө.

33

Себеби: бөйрөктүн өнөкөт оорулары, кээ бир уулуу заттар менен

уулануулар.

Белгилери: кома башталаарда башы ооруйт, көңүлү айныйт.

Териси кычышат, уйкусу качат, тынчсыздана баштайт, андан ары

оорулууну уйку басып, бара-бара эстен тана баштайт. Оорулуунун өңү

кубарып, көздүн кареги кичиреет, оозу кургап, булчуңдардын

тартышуусу пайда болот. Дем алуу ритми бузулат, журөгү тез-тез

согуп, кандын басымы жогорулайт, сийдик бөлүп чыгаруу азаят же

биротоло токтойт, оозунан аммиактын жыты чыгат.

Биринчи медициналык жардам: тезинен неврология бөлүмүнө

жаткыруу керек.

Кант диабети

Заттардын тышкы чөйрөдөн организмге кирген учурунан баштап,

ажыроо продуктуларынын бөлүнүп чыгышы менен аяктоочу

организмдеги заттардын айланышынын татаал тизмеги зат алмашуу

деп атлат. Алмашуу процесстери үчүн энергия алат.

Углеводород мээнин, булчуңдарынын клеткалары үчүн энергия

булагы болуп саналат жана алар көмүр кычкыл газга жана сууга

ажырайт. Татаал углеводдор тамак ээрип сиңүү каналында жөнөкөй

заттарга, мисалы глюкозага чейин ажырап, анан канга сиңет. Канда

глюкозанын деңгээли дайым туруктуу салынып турат (0.10-0.12%).

Бул гормондордун уйку безинин гормону инсулин менен жөнгө

салынат. Бул гормондун жардамы менен кандагы артыкбаш кант

жаныбар крахмалына –глюкогенге айланат да, глюкогендин запасы

боордо жана булчуңдарда топтолот.

Уйку безинин гормону канда глюкоза жетишпегенде глюкогенди

глюкозага айландырууга жардам берет, башкача айтканда карама-

каршы таасир көрсөтөт.

Инсулин жетишсиз болгондо киши катуу ооруга чалдыгып, канда

глюкоза топтолот. Мунун жарым жартылайы сийдик менен

үзгүлтүксүз бөлүнүп чыгып турат. Ошондуктан бул ооруну кант

жижиңи (сахарный диабет) дешет.

Инсулинди жасалма жол менен ала электе киши бул оорудан

өлүмгө дуушар болуп турган. Азыр мындай ооруларга инсулин

гормонун куюп турушат, ал эми тамактануунун рационуна углеводдор

такыр киргизилбейт. Углеводдор крахмалы жана канты көп өсүмдүк

азыктарында: эгиндердин данында, картошкада, жер –жемиштерде

жана мөмөлөрдө болот.

Page 34: Dыргыз Jеспубликасынын билим берүү жана илим …msk.edu.kg/.../2020/05/meditsina-biliminin-negizderi.lekts.zhyjnagy.pdf · кездешүүдө.

34

Ичтин курч оорулары

Ич- көңдөйүндөгү органдардын курч сезгенүүсүнүн жана

жабык жаракат алуусунун негизинде пайда болгон белгилердин

жыйындысы. Бул абалдар токтоосуз хирургиялык жардамды талап

кылып ага төмөнкүлөр кирет:

- ич көңдөй органдарынын ачык жана жабык жаракаттары;

- сокур ичегинин (аппендицит) жарылып кетүүсү;

- аш казан жана 12 - эли ичегинин жарасынын жарылуусу;

- ич көңдөйчөгө кан агуу;

• өт баштыкчасынын жана уйку безинин курч сезгенүүлөрү;

• ичегилердин түйүлүп калуусу;

• грыжанын кысылып калышы;

• жатындан сырткары же жатын трубкасына бойго бүтүү ж.б.

Белгилери: ич тушунда капыстан толгоо сыяктуу, сайгылашкан,

бычак менен кескендей катуу оору пайда болот, окшуйт, кусат, ич

көбөт. Дененин температурасы 39-40° С көтөрүлөт, тамыр тез согот.

Ичтин булчуңдары доска сыяктуу чыңалып, кол тийгизбей ооруйт.

Щеткин - Блюмберг белгиси оң болот.

Биринчи жардам:

- тынчтык абал түзүп, ичке муздак компресс койсо болот;

- врач көрүп, диагноз койгонго чейин: ооруну басаңдатуучу

дарыларды берип же аш казанды жууганга, клизма койгонго жана

ичкенге суу, тамак бергенге болбойт.

Аллергиялык оорулардагы токтоосуз жардам

Аллергиялык реакция - организмдин кайсы бир затка (аллергенге)

өтө сезимдүүлүк менен жооп кайтарышы.

Күчтүү аллергендерге төмөнкү заттар кирет:

- өсүмдүк жана жаныбарлардын белоктору;

- кээ бир дарылар, витаминдер, вакцина жана сывороткалар;

- тамак -азыктардан: бал, жумуртка, шоколод, лимон ж.б.;

- гүл жана дарактардын чаңы, духи, дезодоранттардын жыты

ж.б.

Белгилери: аллергиялык реакцияларда жергиликтүү жана жалпы

белгилер пайда болот.

Жалпы белгилери: баш айланат, баш ооруйт, окшуйт, кусат,

денеге тактар пайда болот, кычышат ж. б.

Жергиликтүү белгилери: укол сайган же аары чаккан жерде

шишик пайда болуп, кызарат, кычышат.

Аллергиялык реакциялар бир нече түрдө өтүшү мүмкүн:

Page 35: Dыргыз Jеспубликасынын билим берүү жана илим …msk.edu.kg/.../2020/05/meditsina-biliminin-negizderi.lekts.zhyjnagy.pdf · кездешүүдө.

35

Крапивница - дене кычышат жана чоң-чоң агыш түстөгү тактар

пайда болот.

Квинке шишиги - жергиликтүү кээ бир жерде гана: бетте, кол же

бутта, ооз көңдөйүндө ж.б. шишик пайда болот. Эгер шишик үн

байламталарында жайгашкан болсо, дем алуу жолдору тосулуп,

тумчугуп калуу коркунучу туулат.

Анафилактикалык шок - бул өтө оор өмүргө коркунучтуу

аллергиялык реакция. Анафилактикалык шоктун себепчиси көпчүлүк

мезгилдерде дары-дармектер (айрыкча антибиотиктер) болушу

мүмкүн. Организмге аллерген түшкөндөн кийинки 15-20 минутада

пайда болот. Артериялык кан басым кескин төмөндөйт, эсин жоготот,

өң кубарат, көгүштөнөт, дем алуу кыйындайт, муздак тер басат,

өлүмгө дуушар болушу мүмкүн.

Биринчи жардам:

- тездик менен аллергендин тушуусун токтотуу керек;

- аллерген кирген жерге (эгер тери аркылуу кирген болсо)

муздак компресс коебуз;

- тар кийимдерин бошотуп, таза абадан дем алдырабыз;

- токтоосуз аллергияга каршы дарыларды укол саюуга болот

димедрол, глюконат кальций, адреналин ж.б.

-

Аллергия жөнүндө түшүнүк.

Экссудативдүү диотез. Организмдин жана теринин былжыр чел

кабыгын болор-болбос себептерден, кээде эч кандай себепсиз эле

сезгенүүгө дайыма жакын абалда болушу экссуативдүү диотез деп

аталат.

Чет өлкөлүк авторлордун көпчүлүгү экссуативдүү диатезди

организмдин тубаса кемчилдиги деп эсептейт. Алардын пикирлери

боюнча бул оору балдарга тукум аркылуу өтөт. Советтик

окумуштуулар тукум кууй турган факторлорду жокко чыгарбастан эле

экссуативдүү диотездин негизги себептерин айлана –чөйрөнүн

(турмуш-тиричиликтеги оор абал жаштык, балалык, жакшы

багылбагандыгы, тамактануунун туура эмес режими оокат аштын

составынын реционалдуу эместиги ж.б.) көрүнөт.

Азыркы кезде көпчүлүк авторлор экссуадивдүү диотезди

аллергиялык абалга ыйгарышат.

Аллергия- бул грек allos- «башка» жана ergon- «таасир»- деген

маанини түшүндүрөт. организмге айлана-чөйрөдөн келип кирген,

ошондой эле анын өзүндө пайда болгон тигил же бул затка

организмдин жогорку сезимдүүлүгү. Бул заттар өтө эле ар түрдүү

болушу мүмкүн. Булар оокат аштардан, жумурткада, балыкта, ракта,

икраларда, жер-жемиштерде ж.б. толуп жаткан азыктарда, даары –

Page 36: Dыргыз Jеспубликасынын билим берүү жана илим …msk.edu.kg/.../2020/05/meditsina-biliminin-negizderi.lekts.zhyjnagy.pdf · кездешүүдө.

36

дармек антибиотиктерде, сульмамиддик препараттарда, инсулинде,

химияда, йоддо, бромдо ж.б. кездешет.

Аллергиялык реакциялар көпчүлүк учурда оорунун териси же

болбосо былжыр чел кабыкчалары куштардын канаттары, чочконун

жана малдын какачтары, өсүмдүктөрдүн чаңы ж.б. абадагы

биологиялык химиялык заттарга жакындоодон пайда болушат.

Реакцияны (аллергенди) күчөтүүчү бул же тигил заттардын

организмге тийгизген таасирлеринен оорулуунун канында жана

ткандарында антитело деп аталуучу белоктон турган зат пайда болуп,

анын саны барган сайын оорулуу антителону жараткан аллергенге

кайрадан кезиксе антитело менен аллерген бири-бирине кошулуп,

организмди уулантуучу жана оорунун бир катар белгилерин пайда

кылуучу ууну жаратышат. Экссудативдүү диатезди жана тарткан

балдар үчүн дени соо балдарга эч кандай тескери таасир тийгизбеген

тамак-аш заттары да жагымсыз болуп эсептелет. Айрым учурда

балдарды мындай ооруга алып келе турган оокат-аштарды аныктоого

мүмкүн. Ал эми теринин кызарып бышаруусу диатездин эң алгачкы

белгилери болуп эсептелет. Ал бала суу жалаяка бир аз жатып калса

деле пайда боло берет. Балдар мындай абалда узакка жатып калса май

куйрук, такым балтырдын ички беттери жараланып ооруксуйт.

Кулактын көңдөйлөрү анын арты жана моюндун бырыштары да

бышарып кетиши ыктымал. Бир жаштан ашкан балдардын арасында

теринин бузулушунун башка түрлөрү дагы кезигет. Аларга типтүү

бөрү жатыш жана невродерит мисал боло алат.

Типтүү бору жатыштар тегереги ачык кызыл, ортосу боз түстүү

жээктери өйдө- ылдый ири каканактардын пайда болушу менен

мүнөздөлөт. аларды чалканга чактырып алгандан кийинки

каканактарга окшогон катуу кычышуу болот.

Невродерит менен ооруганда, экзелга сыяктуу сезгенүү очагдары

пайда болот, бирок алардан суу чыгат. Мындай очагдар чыканактын

сырт жагында теринин башка жерлеринде да пайда болот, бирок

алардан суу чыгат. Мындай очагдар чыканактын сырт жагында

теринин башка жерлеринде да пайда болот. Узака созулган оору

тырмантып, тытынтып, баланын назик терисин кулдуйгон калың

териге айландырат.

Экссудативдүү диатез менен ооруганда баланын териси гана эмес,

анын былжыр чел кабыктары бузулушу ыктымал. Мындай учурда

бала көпкө чейин чүчкүрүп-бышкырып тумоолойт, узакка созулган

бронхиттердин, айрым учурда ич өткөктүн пайда болуусу байкалат,

баланын тилинин үстү саргайып, географиялык карта кейиптенген

(географиялык тил) нерсе менен капталат.

Page 37: Dыргыз Jеспубликасынын билим берүү жана илим …msk.edu.kg/.../2020/05/meditsina-biliminin-negizderi.lekts.zhyjnagy.pdf · кездешүүдө.

37

Экссудативдүү диатез менен ооруганда заттардын алмашуусунун

бузулгандыгы байкалат, организмде суунун топтолушу жана анын

сыртка бөлүнүп чыгуусу туура жүрбөгөндүктөн, бала күнүнө 200г га

чейин салмагын жоготуп, бат эле арыктап кетиши ыктымал. Оору

эреженин бузулушунан, ошондой эле кыш мезгилинде көп кайталанат.

Кычышууну азайтуу, ошондой эле жарадар болгон жерди башка

инфекциялардан сактоо максатында аларга жашыл брилянттын спирт

кошулган суюктугун сүйкөп коюу керек.

Оорулуу балдарга чыйралуу эң пайдалуу, анткени- алар терини

чыңдашат, кан тамырларынын капталдарын чыңап, алар аркылуу

суюктуктун сыртка чыгып кетүүсүн азайтат. Ошондой эле теринин

кыртышындагы нерв системаларын учтарынын дүүлүгүшүн да

төмөндөтөт.

Бронхиалдык астма

Бронхиалдык астма өтө оор инфекциалык -аллергиялык

оорулардын бири. Себептери: ооз, мурун ж.б дем алуу жолдорунун

өнөкөт оорулары, тукум куучулук, аллергиялык оору чакыруучу

заттар (аллергендер).

Белгилери: аллерген менен байланыш болгон учурда дем алуу,

айрыкча дем чыгаруу кыйындап, дем кыстыгуу пристубу, абанын

жетишсиздиги пайда болот. Дем алуу кыйындап- чыйылдап кошуна

бөлмөгө угулуп турат. Бул мезгилде бети, ооз- мурун тегереги

көгөрөт, көкүрөктүн өйдө жактагы кан тамырлары көбөт, көзү

канталайт. Оорулуулар көбүнчө ооруга мунөздүү болгон ыңгайлуу

абалды (позаны) издешет. Бул абалда колдорунун алакандары менен

отургучка же кроваттын кырына таянышкан болушат. Приступ

убагында кургак жөтөл пайда болуп, илешкээк суюк какырыктын

бөлүнүп чыгуусу менен аяктайт. Приступ көбүнчө аллерген (аллергия

чакыруучу заттар, мисалы: гүлдөр, жыттар, чаңдар ж.б.) менен

катнашта болгондо кармайт.

Биринчи жардам: - тезинен аллерген менен катнашты токтотуу;

- бронхторду кеңейтүүчү беротекс, алупент, астмопент,

вентолин, сальбутамол сыяктуу дарыларды чөнтөк ингаляторлору

аркылуу дем алуу жолдоруна берүү;

- эфедрин, теофдрин же теофиллин таблеткалары ичкенге

берилет;

- адреналин 0,1 % аралашмасын тери астына саюу;

- аллергияга каршы димедрол, пипольфен, супрастин же

тавегил

таблеткалары ичкенге берилет;

Page 38: Dыргыз Jеспубликасынын билим берүү жана илим …msk.edu.kg/.../2020/05/meditsina-biliminin-negizderi.lekts.zhyjnagy.pdf · кездешүүдө.

38

- тез жардам чакыруу.

Курч уулануулар

Уулануу деп химиялык же уулуу заттардын организмге тийгизген

таасиринен өлүм коркунучу пайда болуп, өмүргө маанилүү

органдардын кызматы бузулуп, оору абалдын пайда болушун айтабыз.

Дуйнө жүзүндө жылына 100 миңдеген адамдар ууланып, анын 12 %

өлүмгө дуушар болушат

Уулануулар төмөнкүчө бөлүнөт:

1. тиричилик шартында уулануу - кокустуктан уулануу (дары -

дармектер, тиричиликте колдонулулуучу химиялык заттар, козу

карын, алкогол ичимдиктери ж.б) жана өзүн-өзү (суицид);

2. өндүрүштүк уулануу - иш мекемелеринде коопсуздук

эрежелери бузулганда, химиялык завод же лабораториялардагы

аварияларда;

3. тамак - аш менен уулануу - бузулуп калган же бактериялар

менен булганган тамакты жегенде пайда болот;

4. биологиялык уулануу - жаныбарлардын уусу менен уулануу

(жылан, чаян, каракурт ж.б.) ;

5. балдардын уулануусу - дары-дармектер, уулуу өсүмдүктөр

менен уулануу.

Дары - дармектер менен уулануу

Дарылар менен уулануунун негизги себептери: - көпчүлүк

мезгилдерде өз алдынча дарылануу;

- уйку дарылары, артериялык кан басымды төмөндөтүүчү

дарылардын дозасын өз алдынча көбөйтүү;

- жаш балдардын уулануусу, чоң кишилердин

кайдыгерлигинен, көзөмөлсүз калтырылган дарыларды кызыгуу

менен колдонууда ж.б.

Уйку дарылар, барбитураттар (барбитал, фенобарбитал),

нейролептиктер (аминазин, дроперидол ж.б.) менен ууланганда

борбордук нерв системанын кызматы төмөндөйт, ууланган адамда

узакка созулган уйку пайда болуп, ал комага өтүшү мүмкүн. Бул

мезгилде дем алуу жана жүрөк кызматтары да бузулат.

Эгерде салицилаттар (аспирин, цитрамон), сульфаниламиддер

(стрептоцид, сульфадиметоксин) менен ууланса баш айланып, окшуйт,

кусат, угуу жана көрүү кызматтары бузулат. Ошондой эле денеде

майда тактар пайда болуп, кан агуулар болушу мүмкүн.

Уулануулардагы биринчи жардам:

Page 39: Dыргыз Jеспубликасынын билим берүү жана илим …msk.edu.kg/.../2020/05/meditsina-biliminin-negizderi.lekts.zhyjnagy.pdf · кездешүүдө.

39

- аш казанды зонд аркылуу 10-12 литр жылуу суу менен жууш

керек;

ичти суюлтуучу дарыларды беруу же клизма коюу;

- суюктукту көп ичирүү, активдештирилген көмүр таблеткасын

берүү;

- тез жардам чакыруу, антидот (ууга каршы дары) колдонуу ж.б.

Тиричиликте колдонуулуучу химиялык заттар менен уулануу

Бул заттар бир нече түргө косметикалык, тактарды чыгаруучу,

лактар, инсектициддер ж.б. болуп бөлүнөт

Косметикалык заттар: лосьондор, одеколондор, чачты

калыбына келтирүүчүлөр ж.б. Бул заттардын курамына нерв

системасына тескери таасирин тийгизүүчү этил, амил жана бутил

спирттери кирет.

Уулануунун белгилери: жеңил абалдагы ууланууда баш ооруйт,

баш айланат, окшуйт, ич ооруйт, ич өтөт. Уулануунун оор түрүндө

алкогол ичимдиктери менен уулануудагы белгилер пайда болот, дем

алуу жана жүрөк кызматтары бузулат.

Инсектициддер - кене, бүргө, таракан ж.б. жок кылуу үчүн

колдонуучу химиялык заттар. Тиричиликте хлорофос, дихлофос,

карбофос кеңири колдонулат. Алардын курамындагы

фосфорорганикалык заттар оор уулануулардын себепчиси болушу

мүмкүн.

Белгилери: инсектициддердин жытын жыттаганда баш айланат,

окшуйт, көрүү начарлайт. Эгер кокустан ичип алган болсо, анда кусат,

ич өтөт, эсин жоготот, артериялык кан басым төмөндөп, дем алуу

бузулат.

Биринчи жардам: жабырлануучуну таза абага алып чыгып,

булганган кийимдерин чечип, дененин ачык жерлерин таза суу менен

жууш керек. Аш казанды жууп, ич суюлтуучу дарыларды беребиз.

Тактарды чыгаруучу химиялык заттардын курамына организмге

киргенде боор жана бөйрөкту оор жабыркалантуучу, хлордонгон

углеводород кирет.

Уулануулардын алдын алуу үчүн төмөнкү талаптарга кеңүл буруу

керек:

- тиричиликте колдонулуучу химиялык заттарды колдоноордо,

чыгарган ишкана тарабынан көргөзүлгөн этикеткадагы

көрсөтмөлөрдү, эскертмелерди толук аткаруу зарыл;

- бул заттарды башка идиште, айрыкча алкогол

ичимдиктеринин идишине сактаганга болбойт;

Page 40: Dыргыз Jеспубликасынын билим берүү жана илим …msk.edu.kg/.../2020/05/meditsina-biliminin-negizderi.lekts.zhyjnagy.pdf · кездешүүдө.

40

- бул заттарды балдар жетпей турган жерде сактаган түрдүү

күтүүсүз кырсыктардын алдын алат;

- уулуу заттарды тамак даярдоо же сактоо үчүн керектелүүчү

идиште эриткенге болбойт;

- химиялык заттар куюлган идиштин оозу бекем жабылганы

талапка туура келет;

- өндүрүштө колдонууга ылайыкташтырылган химиялык

заттарды тиричиликте колдонуу өтө коркунучтуу;

- тиричилик шартында чымын-чиркейлерди, курт-

кумурскаларды жок кылуу учун патенттелбеген химиялык заттарды

колдонуу уулануунун негизги себепчиси болушу мүмкүн.

Уулануучу заттарга кыскача мүнөздөмө жана алардын

ууландыруучу таасири.

Ууландыруучу заатар (ОВ) химиялык куралдын негизин түзөт.

согушта колдонулганда алар баштапкы абалынан суюк тамчыга

аерезолго (эң эле майда тамырларга туманга же эң майда катуу

бөлүкчөлөргө-түтүнгө айланат) жана буу (газ сымал) абалына өтөт.

ОВнын таасирине дуушар болгон аймак ал жердеги буюм-теримдер,

ж.б. нерселер менен бирге химиялык заттан ууланган жер деп аталат.

Ууландыруучу заттардын уулантуучу таасири кыска убакыттын

ичинде көп сандаган адамдарды жана жаныбарларды жабыркатуучу

итаксикацияга (ууланууга) дуушар кылышы менен мүнөздөлөт. ОВ

жердин бетин эле ууландырбастан жан-жаныбарлар, дем алып жаткан

абаны да ууландырат. Буу абалындагы (газ абалындагы), туман жана

түтүн түрүндөгү ОВ имараттардын герматикаланып (жер кирдегенден

жабылган) бекитилбеген коргонуучу жайлардын ичине кирет да,

андагы адамдарды уулантат, ууланган аймакта жана обьектте ОВнын

ууландыруучу таасири аздыр-көптүр бир кыйла убакытка (саат, сутка,

жумага) чейин сакталып турат.

Уулуу заттар адамдардын организмине булганган жердеги тамак-

ашты жана сууну пайдаланганда, дем алуу териси жана былжырлуу

чел кабыктары, ошондой эле ичеги-карыны аркылуу кирет. Кээ бир

уулуу заттар адамдын организмине анын жараланбаган териси

аркылуу кирбестен, ошондой эле кийим кечеси аркылуу да кирет.

Ууландыруучу таасиринин күчтүүлүгү, ууландыруунун тездиги жана

оордугу ОВнын ууландыруучу касиетине жана анын организмге

кирген өлчөмүнө, кандай жол менен киргендигине, тактап айтканда,

анын кандай ыкма каражаттар аркылуу колдонулбаганына, аба-

ырайынын шартына ошондой эле организмдин ал-абалына жараша

болот.

Page 41: Dыргыз Jеспубликасынын билим берүү жана илим …msk.edu.kg/.../2020/05/meditsina-biliminin-negizderi.lekts.zhyjnagy.pdf · кездешүүдө.

41

Күчтүү таасир этүүчү уулуу заттарга: хлор, күкүрттүү суутек,

күкүрттүү газ, азоддун оксиддери ж.б. кирет.

Нервди шал кылуучу таасири бар ууландыруучу заттар.

ОВнын бул тобуна абдан уулуу фосфор, органикалык заттар

(ФОВ)-зарин, заман, У-газдары кирет.

ФОВ жабыркатуучу таасири үч даражага бөлүнөт. Жеңил даражада

уулануу көздүн карегинин кичирейиши (лиоз), көрүүнүн кескин

төмөндөшү, көздүн чанагы жана маңдайдын оорушу, ооздон шилекей

агып, мурундан суунун көп куюлушу, көкүрөктү оор нерсе басып

тургандай сезилиши, жүрөк айланып, жалпы ал-абалдын начарлашы

менен мүнөздөлөт.

Организм ФОВ менен ичеги-карын жана тери аркылуу ууланган

көп учурларда көздүн кареги кичирейбейт анткени ал ОВ көздүн чел

кабыкчасына түздөн-түз таасир эткенден келип чыгат.

Орточо даражада ууланууда өпкөнүн бронхтору тарый

баштагандыктан, кескин түрдө дем кыстылуу пайда болот.

Былжырлуу чел кабыктар көгөрүп, адам түз баса албай мас

болгонсуп телтеңдейт, көп учурларда кусуп, ичи өтүп, заарасы

тездейт. Уулануунун жеңил даражасынын белгилери даана байкалат.

Уулануунун оор даражасы талма сыяктанып тырышып калат, эстен

тануу, дем ала албай эптигүү менен мүнөздөлөт. Ооздон ак көбүк

чыгат. Тери менен былжырлуу чел кабыктар көп болуп чыгат.

Мындай абалда медициналык алгачкы жардам көрсөтүлбөсө жана

дарыланбаса оор даражада ууланган адам өлүмгө дуушар болот.

Териде жара пайда кылуучу ууландыруучу заттар.

ОВнын бул тобунун өкүлү болуп бүркүндү-суюктук түрүндө,

ошондой эле буу абалында таасир этүүчү иприт эсептелет. Анын

организмге келип түшүшү фосфор органикалык заттардыкына окшош.

Иприттин ууландыруучу таасиринин өзгөчөлүгү анын таасиринин

жашыруун мезгилинин болушунда. ОВ таасир этип жатканда, адатта

оору жана башка жагымсыздыктар сезилбейт. Буу түрүндөгү иприт

көзгө таасир эткенде 2-4 саат өткөндөн кийин жабыркаган адамдын

тамагы ачышып кургап, кырылдап, көкүрөгү ооруп, үнү бүтүп,

мурдунан суу куюлуп, жөтөлүп, жүрөгү айланып, алы кетет. Бир топ

убакыттан кийин териси кызарып, кычышып, андан ыйлаакчалар

пайда болот.

Териге импирттин суюк тамчылары жуккандан 2-5 сааттык

жашыруун мезгил өткөн соң тери кызарып, бир аз шишип, кычышып

жана тызылдап ооруй баштайт. 18-24 саат өткөндөн кийин ыйлакчалар

пайда болуп, алар бара-бара бири-бирине кошулуп чоң ыйлакчаларга

айланат. Катуу ууланганда иприт ыйлакчалары ОВ таасир эткенден 3-

6 саат өткөндөн кийин пайда болушу да мүмкүн, андан кийин

Page 42: Dыргыз Jеспубликасынын билим берүү жана илим …msk.edu.kg/.../2020/05/meditsina-biliminin-negizderi.lekts.zhyjnagy.pdf · кездешүүдө.

42

ыйлакчалардын ордуна көпкө чейин айыкпаган жараат пайда болот.

Иприттин жалпы ууландыруучу таасиринде баш айланып, кусуп, алы

кетип, жүрөк айланып, дененин температурасы көтөрүлүп, уйку келип

адамдын көңүлү чөгөт. Өтө оор ууланган адамдар дүүлүгүп жан

калтырап титиреши мүмкүн.

Организмди жалпы ууландыруучу заттар.

Жалпы ууландыруучу заттарга синиль кислотасы жана хлориган

кирет. Уу дем алуу органдары жана ичеги- карын аркылуу киргенде

организм ууланат. Синиль кислотасы организмге суюк тамчы түрүндө

жараат, былжырлуу чел кабык жана тери аркылуу өтөт. Синиль

кислотасы менен ууланганда адам көз ачып жумганча (тез таасир

этүүчү формасында) мүрт өлүшү мүмкүн. Ал эми акырындык менен

таасир этүүчү формасында болсо, алгач ооздун ичинде ачуу бадамдын

жыты жыттанып, металлдын ачуу даамы келип андан кийин ооздун

ичиндеги былжырлуу чел кабыктын сезгичтиги төмөндөйт да

кекиртек кычышып баштайт. Жүрөк айланып, баш айланып алы кетет.

Былжырлуу чел кабыктардын жана теринин кызарышы каректин

чоңойгону көздүн чанагынан чыга тостоюшу, энтигүү, калтыроо

байкалат. ошондой эле көңүл чөгүү, коркуу сезими жана эстен танып

калуу байкалат. Андан кийин сезгичтик жоголуп, дем алуу жана

жүрөктүн иштеши кескин бузулат. Тамыр ылдамдап, бирок, алсыз

кагып ритми бузулат. Кийинчерээк жүрөк иштеп жатканына карабай

дем алуу токтойт. Тумчугуунун таасир этүүчү ОВдан (фосген)

уулануунун алгачкы таттуу даамданышы, дүүлүгүү, ачынышы

тамакты татып жаткандай сезилиши, баш айлануу, тынч дем ала албай

кыйналуу, жүрөктүн лакылдап согушу саналат. Жөтөлүүдө

карчыганын алдынын оорушу, кээде жүрөктүн айланышы мүмкүн.

Ууланган адам, атмосферасы ууланган жерден чыгып кеткен соң

жагымсыз сезимдер жана уулантуунун алгачкы белгилери жоголот.

ОВнын 5-8 саат созулган жашыруун таасир этүүчү мезгили башталат.

Бирок ушул мезгилде эле булчуң эттер тырышуу жана муздоо менен

тери көгөрүп, какырык көп бөлүнүп чыгат. Баш ооруп, температура

жогорулайт. Уулануунун кыйла оор түрүндө адамдын териси күлгө

окшоп бозомук тартып, тамырынын кагышы солкулдап, анда –санда

кыйналып дем алат. Анын дем алуусу бузулуп, адам өлүмгө дуушар

болот.

Психоголиметикалык таасир этип ууландыруучу заттар.

Психоголиметикалык (психологиялык) жактан ууландыруучу

заттарга адамдарды убактылуу керектен чыгарууну ВZ жана мизерин

кислотасынын диэтиломиди түрүндөгү заттар менен ууланганда

жабыркаган адам мас сыяктуу абалга дуушар болуп, кыймыл-аракети

баскан-турганы бузулуп (темтеңдеп баса албай) булчуң эттери

Page 43: Dыргыз Jеспубликасынын билим берүү жана илим …msk.edu.kg/.../2020/05/meditsina-biliminin-negizderi.lekts.zhyjnagy.pdf · кездешүүдө.

43

шалбырап, алы кеткени сезилет. Бара-бара борбордук нерв

системасынын жабыркоо белгилери уламдан-улам күчөй берет.

Уулангандар пайда кайсы жерде жана убакыттын кайсыл маал

экендигин баамдап биле алышпайт. Көзүнүн каректери чоңоюп,

былжырлуу чел кабыктары жана териси кургап, жүрөгүнүн

кагышынын ылдамдыктары байкалат. Психикалык жана кыймыл-

аракеттик дүүлүгүүнүн натыйжасында кыймылы көбөйүп жана көп

сүйлөнүү да болушу мүмкүн, кийин бул абал тескерисинче,

тынчтанып сүйлөбөй калышы менен алмашылат. Уулануунун

даражасында адамдын акыл эси начарлап, кайда экенин убакыттын

канча болгонун билбей калат. Маанисиз чаржайыт сүйлөйт, жөн

туралбай кескин кыймылдап, тынчсызданып, бир нерселерден коркуп,

элеңдеп, ар нерселер көрүнүп, кулагына ар нерселер угулат.

Санитардык тазалоо жана дегазиция.

ОВдан уулануунун алдын алуу же анын тасирин азайтуу

максатында адамдарды толук түрдө же анча мынча санитардык

тазалоодон өткөрүп, алардын кийим-кечесин, колдонуу каражаттарын

жана жабдыктарын дегазициялоо керек.

Толук санитардык тазалоону жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк болбосо,

анда анча мынча санитардык дегазицияны булганган жердин өзүндө

же жабыркаганды ал жерден алып чыгар замат ишке ашырууга болот.

Кийимдин ОВ таамы, же суюктук тамчы түрүндөгү ОВ менен

булганган нерселери тийген жерлерин тезинен ИППдагы суюктук

менен же атайын дегазатор менен зыянсыздыктыруу керек.

Санитардык бригадалар химиялык заттар булганган жердеги

жабыркаган адамдарга медициналык алгачкы жардамды көрсөтүп

болгондон кийин же ишти башка бригадаларга тапшырган соң дароо

таза жерге чыгышат да, анан атайын жуушуп, тазалануучу (ПУСОго)

пункта же стационардуу жуундуруучу (СОПко) пунктка барышат. Бул

жерде санитардык бригадаларынын бүткүл составы ОВ менен

дегазициялоодогу заттардын өз ара таасир этүүсүнөн пайда болгон

продуктуларын дегазациялоочу заттардын ашыкчасын тазартылат.

Өзү менен бирге кийим кечеси, коргонуу каражаттары жана жарак-

жабдыктар толугу менен дегазицияланат.

Реанимация - кайрадан тирилтүү

Реанимация деп терминалдык абалдагы (өлүм алдындагы)

адамды тирилтүү үчүн жасалган иш - чараларды айтабыз.

Реаниматолог - ушул багытта иштеген врач.

Page 44: Dыргыз Jеспубликасынын билим берүү жана илим …msk.edu.kg/.../2020/05/meditsina-biliminin-negizderi.lekts.zhyjnagy.pdf · кездешүүдө.

44

Көптөгөн жаракат алуу учурларда үшүп калуунун, көп кан

жоготуунун, оорунун катуулугунун ж.б. себептердин таасиринен

жабырлануучуда шок абалы пайда болот. Шок - бул жаракаттын

негизинде өмүргө маанилүү органдардын кызматынын төмөндөшү.

Шоктун түрлөрү:

- травмалык шок;

- күйүк шогу;

- анафилактикалык шок;

- электр шогу ж.б.

Шок эки фазада өтөт: эректил жана торпид фазасы.

Биринчи фаза - эректил фазасы жаракат алган мезгилде пайда

болуп. кыска убакытка созулат. Бул мезгилде борбордук нерв

системасы дүүлүгүп, кыймыл - аракет жана психикалык активдүүлүк

байкалат. Артериялык кан басым көтөрүлөт, тамырдын кагышы

тездейт.

Экинчи фаза - торпид фазасында борбордук нерв системасынын

кызматы төмөндөйт, жашоо үчүн маанилүү органдардын кызматы

бузулат. Жабыр тарткан кишинин кабыл алуусу төмөндөйт, өңү

кубарат, муздак тер чыгат, артериялык кан басым төмөндөйт, сезүү да

төмөндөйт.

Торпид фазасы абалдын оордугуна жараша 4 даражага бөлүнөт,

эң оор даражасы агоналдык абал деп аталат да терминалдык абалга

дуушар болуп же өлүмгө алып келиши мүмкүн.

Биринчи жардам:

- жаракат алган кишиге өз убагында, тездик жана билгичтик

менен жардам;көргөзүү шоктун алдын алат;

- шоктун себепчисин жоготуу: кан агууну токтотуу, ооруну

басаңдатуу ж.б.;

- ооруну басаңдатуу максатында жапакерге ыңгайлуу абалды,

тынчтыкты камсыздоо;

- жаракат алган кишини жылуулоо (бутуна грелка коюу, ороп

жаткыруу);

- суютукту көп ичирүү (ысык чай, кофе ж.б.);

- терминалдык абалда реанимациялык иш-чараларды жасоо

жана тез медициналык мекемелерге жеткирүү.

Шоктун алдын алууда төмөнкү 5 принципти эстен чыгарбаш

керек:

1. ооруну басаңдатуу;

2. тынчтык жана кыймылсыз абал түзүү, 3. жапакерди жылуулоо;

4. суюктукту керектүү өлчөмдө берүү;

5. тездик менен медицина мекемелерине жеткирүү.

Page 45: Dыргыз Jеспубликасынын билим берүү жана илим …msk.edu.kg/.../2020/05/meditsina-biliminin-negizderi.lekts.zhyjnagy.pdf · кездешүүдө.

45

Эгерде өз убагында жардам көргөзүүнү билбесек, анда жаракат

алган адам терминалдык абалга дуушар болот,

Терминалдык абал деп өмүргө маанилүү болгон органдардын

(жүрөк, дем алуу) кызматынын төмөндөшүнүн негизинде, адам

өмүрүнө коркунуч келтирген өтө оор жана коркунучтуу абалды

айтабыз.

Терминалдык абалдын себептери:

- көп кан жоготуу; оор жаракат алуу (травмалык шок);

- жүрөктүн кызматынын бузулушу;

- дем алуу жолдорунун тосулуп калышы, чөгүү электр тогу

урганда ж.б. учурлар.

Терминалдык абал 3 фазада өтөт:

1. Предагоналдык абал - бул мезгилде дем алуу бузулат,

артериялык кан басымды аныктаганга болбойт, оорулуу эсин жогото

баштайт, тамырдын кагышы - билинбейт, өң кубарат.

2. Агоналдык абалы - оорулуу эсин жоготот, рефлекстер жок,

өңү кубарат, кол-буттары көгүштөнөт. Дем алуу үстүртөдөн болуп бир

калыптуулугу бузулат. Жүрөктүн кызматы төмөндөп, артериялык кан

басым жана тамырдын кагуусу жок. Көздүн кареги кеңейет.

3. Клиникалык өлүм абалы. Клиникалык өлүмдүн белгилери:

- дем алуу токтойт же 1 минутада 8-10 дем алуу болушу

мүмкүн;

- уйку жана сан артерияларында тамырдын кагышы билинбейт;

- жүрөктүн согушу билинбейт, токтойт;

- көздүн кареги кеңейип, жарыкты сезбейт;

- кол-буттары муздайт, тери көгүштөнгөн түстө болот.

Клиникалык өлүм 5-8 минутага созулат. Бул мезгилде

реанимациялык иш-аракеттерди жасап, кайрадан тирилтүүгө болот.

Канчалык тез аракет жасасак адамдын өмүрүн сактап калганга

ошончолук мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондуктан ар бир адам

реанимациянын ыкмаларын билүүгө тийиш, себеби дайыма эле

жаныбызда медициналык кызматкер боло бербейт.

Реанимациянын негизги ыкмалары:

1. Жасалма дем алдыруу

2. Жүрөккө кыйыр массаж жасоо.

Жасалма дем алдыруу:

- оорулууну түз жерге жаткырабыз;

- көкүрөк тушун тар кийимдерден бошотобуз;

- дем алуу жолдорун кусундудан, кандан ж.б. тазалайбыз;

- далысына чоң эмес жастык (валик) коёбуз;

- астынкы ээгин алдыга тартып, башын болушунча артка

кайырабыз;

Page 46: Dыргыз Jеспубликасынын билим берүү жана илим …msk.edu.kg/.../2020/05/meditsina-biliminin-negizderi.lekts.zhyjnagy.pdf · кездешүүдө.

46

- жасалма дем берүүнүн эки ыкмасы бар «ооздон оозго» жана

«ооздон мурунга». Жабыркаланган адамдын жанына тизелеп туруп,

оозуна марли салфеткасын жаап, оозуна үйлөйбүз, бул мезгилде

мурунду жаап турабыз, эгер мурунга үйлөсөк оозду жаап турабыз, 1

минутада 16-20 жолу дем беребиз.

Жүрөккө кыйыр массаж жасоо :

оорулууну катуу жерге (пол, кушетка, доска ж .б.

)жаткырабыз;

- көкүрөк клеткасын толук кийимдерден бошотобуз, белиндеги

курун да чечебиз;

- оорулуунун жанына турабыз;

- көөдөн сөөгүнүн учун таап, андан 2 сантиметр өйдө же көөдөн

сөөктүн үч бөлүгүнүн төмөнкү бөлүгүнө сол алаканды коёбуз, оң

алаканды сол колдун үстүнө коебуз да, омурткага карата 3-4 см

жылгыдай күч менен басабыз, 1 минутада 50-60 массаж (компрессия)

жасаш керек.

- кичинекей балдарга (1-2 жаш) эки манжа менен гана жасалат,

1 минутада 100 дөн ашык массаж кыймылы жасалат, ал эми 5-7

жаштагы балдарга бир кол менен, минутасына 70-80 жолу массаж

жасалат.

Микробиология, эпидемиология жана иммунология негиздери

Микробиология - бул микробдор жана алардын түзүлүшү,

биологиялык касиеттери, жаратылыштагы орду жөнүндөгү илим.

Микробдор – көзгө көрүнбөгөн, эң кичинекей тируу организмдер.

Алар айлана-чөйрөдө өтүүчү процесстерге активдуу катышышат.

Микробдор сырткы чөйрөдө (абада, сууда, кийимдерде ж.б.) гана

кездешпестен, биздин организмде (ооз жана мурун көңдөйчөлөрүндө,

териде, ичегилерде) да көп кездешет.

Микробдор паразиттер жана сапрофиттер болуп бөлүнүшөт.

1. Сапрофиттер же организмге керектуу микробдор, булар оору

чакырбайт;

2. Паразиттер бул башка организмдин эсебинен жашоочу

микробдор. Паразиттердин бир бөлүгү башка организмдин эсебинен

жашап, ага зыян келтирбей, экинчи бир бөлүгү башка организмдин

эсебинен жашап ага зыян келтирет, оору козгойт.

3. Шарттуу-патогендик микробдор, кайсы бир шартта гана оору

чакыруучу (мисалы: иммунитет начарлаганда);

Оору чакыруучу микробдор төмөнкүчө бөлүнүшөт:

Page 47: Dыргыз Jеспубликасынын билим берүү жана илим …msk.edu.kg/.../2020/05/meditsina-biliminin-negizderi.lekts.zhyjnagy.pdf · кездешүүдө.

47

- бактериялар - өтө кичинекей бир клеткалуу организм, таякча

жана кокки формасында болот;

- вирустар - бактерияларга караганда жүз эседей кичине, клетка

ичинде көбөйүүчү организмдер;

- козу карындар (грибы, грибки) көп клеткалуу организмдер.

Булардын көпчүлүк түрү сапрофиттер болушат.

бирок кээ бир түрү тери ооруларын козгоочусу;

- спирохеталар - спираль формасында болуп сифилис оорусун

козгойт;

- жөнөкөйлөр - бир клеткалуу организмдер (амеба, лямблия);

- риккетсийлер - өлчөмү боюнча бактерия менен вирустун

ортосун ээлеп, клетка ичинде көбөйүшөт,

Андан сырткары микробдор кычкылтекке салыштырмалуу

аэробдор жана анаэробдор болуп бөлүнөт.

Аэробдор - кычкылтектин катышуусу менен, ал эми анаэробдор

болсо кычкылтексиз көбөйүшөт.

Оору чакыруучу микробдор адамдын ден соолугу учун өтө

коркунучтуу, себеби ал организмге тушкөндөн кийин, көбүнчө

жашоого, көбөйүүгө ыңгайлуу шарт табат. Микробдордун бөлүп

чыккан уусунун таасири астында организмдеги жашоо процесстер

бузулуп, оору пайда болот.

Эпидемиология

Эпидемиология - жугуштуу оорунун пайда болуусун, жугуу

жолдорун, таркалуусун жана алдын алуу жолдорун үйрөтүүчү илим.

Эпидемиялык процесс деп жугуштуу оорулардын коомдо

таркалуусун айтабыз. Таркалуу процесси үч бөлүктөн турат:

1. оорунун булагы;

2. оорунун жугуу жолдору;

3. элдин кабыл алуусу. Эгерде бул бөлүктүн бирөөсү жок болсо,

анда оору пайда болбойт.

Оорунун булагы: ооруган адам, ооруган жаныбар жана - бактерия

алып жүрүүчүлөр. Бактерия алып жүрүүчүлөр - бул ооруп айыккан

адамдар, дени сак, бирок сийдик, заң, шилекей ж.б. аркылуу айлана-

чөйрөгө бактерияны таратышат.

Оорунун жугуу жолдору: Жугуу жолуна жараша жугуштуу

оорулар 5 чоң группага бөлүнөт:

I. Аба - тамчы аркылуу жугуучу оорулар. Оорулуу чүчкүргөндө,

жөтөлгөндө, сүйлөгөндө оору козгогучун абага таратып, соо адамга

жугузат. Бул грипп, кызамык, кептөөр ж.б. оорулар;

II. Ичеги карын аркылуу жугуучу оорулар. Буларды биз «кир

колдун оорусу» деп атайбыз. Оорунун негизги булагы болуп

Page 48: Dыргыз Jеспубликасынын билим берүү жана илим …msk.edu.kg/.../2020/05/meditsina-biliminin-negizderi.lekts.zhyjnagy.pdf · кездешүүдө.

48

оорулуунун бөлүп чыгарган суюктуктары (заң, сийдик, кусунду)

эсептелет. Бул группага ич өткөк, ич келте ж.б. кирет.

III. Контакт (мамиле) жолу менен:

1. түз мамиле жолу - чакканда, кутурган адам же жандык

тиштегенде, жыныстык жол менен (сифилис, гонорея) ж.б.

2. кыйыр мамиле жолу - буюмдар, кийимдер, сүлгү ж.б.

IV. Кан аркылуу - кан куйган учурларда же бит, кене, чиркей,

бүргө чакканда ( баш келте, безгек);

V. Зооноздук оорулар - оорулуу уй жана жапайы жаныбарлардан

адамга жуккан оорулар (бруцеллез, күйдүргү же сибир жарасы).

Элдин ооруну кабыл алуусу - жашаган мүнөзүнө, шартына,

жашына, маданиятына, тамактын сапатына, иммунитетке

байланыштуу болот. Элдин ооруга каршылык көрсөтүү күчүн

жогорулатуу үчүн төмөнкү иш чаралар жүргүзүлүшү керек:

- денени чыңдоо, физкультура жана спорт менен машыгуу, күнгө

күйүү, сүзүү, жүгүрүү, басуу ж.б.;

- эл арасында түшүндүрүү жана эмдөө иштерин жүргүзүү.

Эпидемиялык процесстин бир нече түрү бар:

• спорадикалык таркалышы бири-бири менен байланышсыз

жугуштуу оорунун анда санда пайда болушу;

• эндемия бир тайпада, балдар бакчасында, класста же жашоо

түйүндөрдө козгоочусу бир болгон жугуштуу оорунун пайда болушу;

• эпидемия кайсы бир жугуштуу оорунун район, область,

республика боюнча таркалышы;

• пандемия жугуштуу оорунун бүт жер жүзүнө, континенттерге

таркалуусу.

Эпидемиялык очок деп ооруган адам, аны курчаган чөйрө,

оорулуу менен карым катнашта болгон адамдар бар жерди айтабыз.

Табигый очок - жаратылышта, белгилүү бир жерде, жапайы

айбандардын арасында оору бар. Мисалы: Алай районундагы Сары-

таш жеринде - сууларда кара тумоо оорусу бар.

Жугуштуу оорулар менен күрөшүү жолдору:

I. Оорунун булагы менен курөшүү:

1. ооруган адамды же күмөндүүнү бөлөктөө;

2. мамиледе (контакта)болгон адамды көзөмөлдөө;

3. бактерия алып жүрүүчү адамдарды көзөмөлдөө, убагында

дарылоо;

4. ооруган жаныбарды жок кылуу;

5. эл ичинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

II. Жугуу жолдорун ажыратуу:

Page 49: Dыргыз Jеспубликасынын билим берүү жана илим …msk.edu.kg/.../2020/05/meditsina-biliminin-negizderi.lekts.zhyjnagy.pdf · кездешүүдө.

49

1. санитардык көзөмөлдөө- суу менен камсыздоочу, тамак- аш

даярдоочу жана эл жашаган жерлерде тазалыкты сактоо, чымын -

чиркейлердин көбөйүшүнө жол бербөө;

2. дезинфекция жолу менен жугуу жолдоруна таасир этүү.

Дезинфекция деп микробдорду өлтүрүү, жоготуу учун жасалган

иш -чараларды айтабыз. Дезинфекциянын төрт ыкмасы бар:

1. механикалык (жууп - тазалоо, кагуу - кубуу, фильтирдөө ж.б);

2. физикалык (кайнатуу, күйгүзүү, күнгө жайуу, үтүктөө, УФ -

нурлары),

3. химиялык (хлорамин, хлор извести, формалин, лизол ж.б.

химиялык заттарды колдонуу);

4. биологиялык (антибиотиктерди, сывороткаларды колдонуу).

Дезинсекция - оору таркатуучу чымын - чиркейлерди, курт-

кумурскаларды жок кылуу. Анын түрлөрү төмөнкүчө:

1. механикалык (щетка менен тазалоо, кагуу- күбүү);

2. физикалык (кайнатуу, күнгө жайуу, күйгүзүү);

3. химиялык (химиялык заттарды колдонуу: хлорофос, карбофос

ж.б.);

Дератизация – кемирүүчүлөрдү (чычкан, келемиш ж.б.у.с) жок

кылуу:

1. механикалык - калкандарды колдонуу;

2. химиялык - уулуу химиялык заттарды колдонуу;

3. биологиялык-мышык, иттерди колдонуу.

Иммунология

Иммунология бул иммунитет жөнүндөгү илим. Иммунитет —

организмдин ар түрдүү оорулардын козгогучтарына жана алардын

ууларына каршылык көрсөтүүсү. Иммунитеттин табыйгый жана

жасалма түрлөрү бар.

Табыйгый иммунитет бул тукум куучулук аркылуу энеден

балдарга берилет. Мисалы: адам баласы тooк холерасы менен, ал эми

жаныбарлар болсо ич келте, баш келте оорусу менен, ошондой эле

жаңы төрөлгөн бала 2 айга чейин кызамык, кептөөр, скарлатина менен

оорубайт.

Андан сырткары кээ бир жугуштуу оору менен ооругандан

кийин, аra каршы туруктуу иммунитет пайда болот да, ал адам бул

оору менен кайрадан оорубайт.

Жасалма иммунитетти- жасалма түрдө, эмдөө жолу менен гана

пайда кылабыз. Эмдөө - териге жана теринин астына укол саюу, ооз

аркылуу ичирүү, дем алуу жолдоруна чачуу жолдору аркылуу ишке

ашырылат.

Эмдөө процесси эки түрдө жүргүзүлөт:

Page 50: Dыргыз Jеспубликасынын билим берүү жана илим …msk.edu.kg/.../2020/05/meditsina-biliminin-negizderi.lekts.zhyjnagy.pdf · кездешүүдө.

50

1. пландуу түрдө, эмдөө календарына ылайык;

2. эпидемиологиялык көрсөткүчкө жараша (жугуштуу оору

пайда болгон кезде).

Эмдөө кимге уруксат кылынбайт:

1. өнөкөт оорусу бар адамдарга, туберкулез, жүрөктүн парогу,

бөйрөк, ашказан оорусу болсо;

2. жакында бир жугуштуу оору менен ооруган болсо;

3. боюнда бар аялдарга;

4. эмизген аялдарга 1 - 4 айларда;

5. аллергия оорусу бар, иммунитеттин жетишсиздигинде ж.б.

Page 51: Dыргыз Jеспубликасынын билим берүү жана илим …msk.edu.kg/.../2020/05/meditsina-biliminin-negizderi.lekts.zhyjnagy.pdf · кездешүүдө.

51

Кыргыз Республикасынын профилактикалык эмдөө

календары

(Кыргыз Республикасьньн саламаттыкты сыктоо министрлигинин

27.12.2001 – жылдагы № 472 - буйругунун негизинде кабыл алынган)

Вакциналардын аталышына кыскача түшүндүрмө:

БЦЖ - туберкулезго каршы эмдөө;

ВГВ - гепатит вирусуна (сарык оорусуна) каршы ;

ОПВ - (орально полиомиелитная вакцина) шал оорусуна каршы;

Эмдөө жана кайрадан

эмдөөнү баштоо

мөөнөттөрү

Вакцинанын аты Кошумча маалымат

Төрөлгөндөн кийинки

24 сааттын ичинде

ВГВ-1 Үйүндө төрөлөгөн балдарды

учетко алынган биринчи күнү

дарылоо мекемесинде эмдөө

керек. БЦЖ менен эмдөө

өзүнчө бөлмөдө өткөрүлүшү

керек

Төрөт үйүндө БЦЖ, ОПВ -1

2 айында АКДС - 1, ОПВ -

2, ВГВ - 2

Бир күндө

3,5 айында АКДС - 2,

ОПВ - 3,

Бир күндө

5 айында АКДС - 3, ОПВ -

4, ВГВ - 3

Бир күндө

12 айында КК(Кызамык +

кызылча) +

паротит

Бир жолу

2 жашта АКДС-4 Бир жолу

6 жашта АДС, КК Бир күндө

11 жашта АДС-М Бир жолу

16, 26, 36, 46, 56 жашта АДС - М Бир жолу

Page 52: Dыргыз Jеспубликасынын билим берүү жана илим …msk.edu.kg/.../2020/05/meditsina-biliminin-negizderi.lekts.zhyjnagy.pdf · кездешүүдө.

52

Шал оорусуна каршы.

АКДС (адсорбированный коклюшно – дифтерийно -

столбнячная) – көк жөтөл, кептөөр жана тырышма ооруларына каршы;

КК - кызамык, кызылча оорусуна каршы;

Паротит – тепме оорусуна каршы.

Өспүрүмдөрдүн баңгилиги, аракечтиги жана уулуу заттарды

колдонуусу

Акыркы мезгилдерде биздин өлкөдө бангичилик, аракечтик жана

жыныстык жол менен жугуучу оорулар кескин көбөйүп кетүүдө,

ошондуктан жаштардын бул оорулар жөнүндө түшүнүгү болуп, өзүн -

өзү коргоону билиши зарыл.

Акыркы 5-10 жыл ичинде биздин өлкөдө баңгилердин

(наркомандар) саны, айрыкча өспүрүмдөр арасында 3-4 эсеге көбөйдү.

Ал эми Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ВОЗ)

айтымына караганда бул сан 10 эсеге көп. Катталган наркомандардын

92%ын 17-18 жаштагы улан жана кыздар түзөт. 1 наркоман жылына

10 - 15 кишини наркотик колдонуу жолуна тартат.

Баңгилик (наркомания) - (грек, сөзүнөн «narke» - сезбей калуу,

"mania"- акыл-эсин жоготуу) - банги заттарын колдонуу.

Уулуу заттарды колдонуу (токсикомания) ( грек сөзуүнөн

"toxikon" - уулуу зат).

Аракечтик - алкоголь ичимдиктерин көп колдонуу.

Аддиктивдүү абал - ( англ. созунон "addiction"- көнүгүү,

каалоо) кайсы бир психикага таасир этүүчү затка көнүгүү.

Аддиктивдүү абалда психикага таасир этүүчү (чылым, алкоголь

ичимдиктери, наркотиктер) заттарга көнүгүү гана пайда болуп, али

оору пайда боло элек учуру болсо, наркомания, токсикомания жана

аракечтикте оору абалы пайда болот.

Аддиктивдүү абалдын негизги себептери бул социалдык жана

экономикалык шарттар, мисалы, аты аталган заттардын кеңири

сатылышы жана жарыяланып турушу, өспүрүмдөрдүн психологиялык

өзгөчөлүктөрү (кызыгуу, өзүн чоң жана эркин сезүү, психологиялык

коргонуу, лидер болуу ж.б.)

Аддиктивдүү абалдын баңгилик, аракечтик ооруларына

кабылдоосу үчүн бир нече факторлор, шарттар түрткү болот:

социалдык факторлор: теңтуштардын таасири, психикалык

активдүү заттын мода болуусу жана жеңил табылуусу:

Page 53: Dыргыз Jеспубликасынын билим берүү жана илим …msk.edu.kg/.../2020/05/meditsina-biliminin-negizderi.lekts.zhyjnagy.pdf · кездешүүдө.

53

психологиялык факторлор: психикалык активдүү затты

колдонгондогу сезим;

биологиялык факторлор: жекече организмдин өзгөчөлүгү,

тукум - куучулук фактор жана психикалык активдүү заттын касиети.

Наркомания, токсикомания жана аракечтик ооруларынын

баскычтары

Баңгилик, аракечтик оорусунун өрчүүсү 3 стадияда өтөт:

1. Психикалык көз карандылык стадиясы (6 айдан 1 жылга

созулат). Бул мезгилде дайыма баңги заты жөнүндө ойлонот, аны

колдонгондогу сезимдин кайталанышын каалайт. Баңги затын

колдонуу барган сайын көбөйөт, ошол эле учурда кыжырдануу,

ачуулануу күчөйт. Жумушка жөндөмдүүлүгү начарлайт, бат чарчайт,

жүрүм-турумун көзөмөлдөөсү төмөндөйт, бул туш келди жыныстык

байланыштарга барып жыныстык жол менен жугуучу ооруларды,

В И Ч/С П И Дд и жугузуп алуу коркунучуна алып келет. Анын өзүнө

оорулуу эместей, кереги жок убакта баш тарта аламын деп ойлойт,

бирок андай эмес;

2. Физикалык көз карандылык стадиясы (2 жылдан 5 жылга

чейин созулат). Эми ал баңги заты, алкоголь ичимдигисиз жашай

албайт. Баңги затын, ичимдикти колдонбой калса көңүлү чөгөт,

уйкусу качат, тамакка табити тартпайт. Бул мезгилде дененин бардык

жеринде оору пайда болот, чыйрыгат, өзүн аябай начар сезет. Бул абал

абстинент синдрому деп аталып, бангилер арасында «ломка» деп

айтышат. Баңги затын (ичимдик) алгандан кийин оорулуунун абалы

оңолуп көңүлү көтөрүлөт, бирок бул кыска убакытка созулат (1-1,5

саатка). Кез - кези менен оорулууда жагымсыз сезим пайда болот —

башы ооруйт, айланат, чыйрыгат, уйкусу качат, өзун -өзу өлтүрүү

жөнүндө да ой пайда болот.

3. Үчүнчү стадия бир нече жылдан кийин башталат. Бул мезгилде

көптөгөн ички органдар жабыркайт боор, бөйрөк, өпкө, нерв

системасы, эске тутуусy начарлайт ж.б. Организмдин коргонуу

(иммундук) системасынын кызматынын төмөндөөсүнүн

натыйжасында түрдүү ооруларды кабыл алуу күчөйт.

Баңги заттарын алуу үчүн колдонулуучу, наркотикалык заты бар

3 өсүмдүк белгилүү: апийим, коки бадалы жана индия коноплясы

(кара куурай).

Нашаа - бул кургатылган кара куурай, кээде чаңдары жана

чайырлары менен кошо ушаланып тоголоктолуп жыйналат. Эл

арасында нашаанын көптөгөн аталыштары бар: «шала», «гашиш»,

«марихуана», «куурай», «ручник», бирок бизде - Кыргызстанда

«нашаа» деген сөз кеңири колдонулат. Адатта нашааны папироско

Page 54: Dыргыз Jеспубликасынын билим берүү жана илим …msk.edu.kg/.../2020/05/meditsina-biliminin-negizderi.lekts.zhyjnagy.pdf · кездешүүдө.

54

шыкап, тамеки менен кошуп («косяк») чегишет, кээде кууруп жешет

же чай катары ичишет.

Нашаанын таасири ооздун ичинин кургагандыгы, ачка болуу,

суусаган сезимдердин пайда болуусу менен башталат. Акырындык

менен дене бүтүн бойдон жылыгандай болот, өзүн жеңил сезип,

секирип, бийлөөнү каалаган сезим пайда болот. Бирок нашаанын

таасиринен улам түпөйүл чочулоо жана коркунуч сезими жаралат.

Бардык нерседен күмөн санай баштайт, өзүнөн да, досторунан да,

тезирээк эле ал абалдан чыгып кеткиси келет, бирок чыга албайт.

Нашаадан баш тартуу өтө кыйын, улам күчтүүрөгүн чеккиси келип, эң

коркунучтуу банги заттарга өтөт.

Героин («гер», «герыч») - эң коркунучтуу баңги заттардын бири.

Аны жашыруун лабораторияларда накта апийимден жасашат. Күрөң

түстөн тартып көгүш-ак өңдөгү, күйгүзө куурулган унду элестеткен

порошок. Адатта героинди кан тамырга укол катары сайышат же

жытташат. Бүгүнкү күндө героинди бардык жерден: короодон,

дискотекадан жана жада калса мектептен да кездештирүүгө болот.

Адамды баңгиликке тартуу үчүн героиндин биринчи дозасын бекер да

бериши мүмкүн.

Андан тышкары опиаттуу баңги заттарга «апийим куурайы» жана

«накта апийим» кирет. Бул өсүмдүктөрдөн метадон, промедол,

морфин, кодеин аттуу опиат тобундагы синтетикалык баңги заттары

даярдалат. Алар медицинада колдонулат жана таблетка же ампула

түрүндө чыгарылат.

Опиаттар бул өтө коркунучтуу баңги заттар, себеби алардын

бардыгы тең, айрыкча героин алгачкы - экинчи жолку

Page 55: Dыргыз Jеспубликасынын билим берүү жана илим …msk.edu.kg/.../2020/05/meditsina-biliminin-negizderi.lekts.zhyjnagy.pdf · кездешүүдө.

55

Колдонулган адабияттар.

1. К.Байер, А.Шейнберг.

“Здоровый образ жизни” Москва – 1997

2. М.Борбугулов.

“Медициналык энциклопедия” “Ден соолук” Фрунзе – 1991

3. Д.Зекарди.

“Энциклопедия экстренной медицинской помощи” Москва –

1998

4. Ы.А.Перханова, К.М.Мусаханов, Г.Г.Сабирова

“Медицина билимдеринин негиздери” Ош – 2007

Page 56: Dыргыз Jеспубликасынын билим берүү жана илим …msk.edu.kg/.../2020/05/meditsina-biliminin-negizderi.lekts.zhyjnagy.pdf · кездешүүдө.

56

СУЛТАНКУЛОВ МЕДЕТ ДЫЙКАНБАЕВИЧ

ТУРДУБАЕВА МАСТУРА

Медицина билимдеринин негиздери

(лекциялар жыйнагы)

Кесиптик – орто окуу жайлардын студенттери үчүн

Редактору: Турдубаева М.Т.

Корректору: Якубалиев К.А.