1. Кептин таасирдүүлүгүн арттыруучу негизги ......26....

26
1. Кептин таасирдүүлүгүн арттыруучу негизги каражат – а) интонация б) басым в) дикция г) пауза 2. Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам качан кабыл алынган? а) 1953 - ж. ноябрь б) 1974 – ж. март в) 1989 – ж. сентябрь г) 1995 – ж. апрель. 3. Кыргыз адабий тили канча стилден турат? а) 3 б) 4 в) 5 г) 6 4. Макал кайсы стилге таандык? а) сүйлөшүү б) илимий в) көркөм г)иш кагаздар 5. Көркөм чыгармадагы каармандардын диалогу кайсы стилге мүнөздүү? а) көркөм б) сүйлөшүү в)илимий г) иш кагаздар 6 Чакырык жана ураандар кайсы стилдин белгисине ээ? а) көркөм б) сүйлөшүү в) публицистикалык г) илимий. 7. “... 2002- жылдын 1- сентябрынан группанын старостасы болуп дайындалсын” деген үзүндү кайсы стилге мүнөздүү? а) иш кагаздар б) илимий в) көркөм г) публицистикалык 8. Илимий стилге мүнөздүү белгилер кайсылар? а) образдуулук, эстетикалык рахат тартуулоого эгедерлик; б) кыска, так, шаблондуу мүнөзгө ээ; в) ой ыраттуу, далилдүү, терминдер көп колдонулат; г) мимика, жест. 9. Термин сөздөрдүн катарын белгиле. а) классификациялоо, оптика, масса б) орфография, орфоэпия, пунктуация в) топ, сүт эмүүчүлөр , окутуучу г) университет, факультет, декан 10. Курстук иштин композициялык түзүлүшүн көрсөт. а) адабияттар, киришүү, негизги бөлүк, жыйынтык б) жыйынтык, адабияттар, киришүү, негизги бөлүк в) негизги бөлүк, адабияттар, киришүү, жыйынтык г) киришүү, негизги бөлүк, жыйынтык, адабияттар 11. Көркөм чыгармада каармандардын жекече окурманга же көрүүчүлөргө карата айткан сөзү эмне деп аталат? а) монолог б) диалог в) монодрама г) автордук баяндама 12. Көркөм чыгармада көрүнүштөрдү каймана сүрөттөөнү, образдарды өтмө мааниде берүүнүн эмне дейбиз? а) ирония б) достук азил в) аллегория г) ремарка

Transcript of 1. Кептин таасирдүүлүгүн арттыруучу негизги ......26....

Page 1: 1. Кептин таасирдүүлүгүн арттыруучу негизги ......26. “Булар биздин айылды таштап, бир жакка кетип бара

1. Кептин таасирдүүлүгүн арттыруучу негизги каражат – а) интонация б) басым в) дикция г) пауза

2. Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам качан кабыл алынган? а) 1953 - ж. ноябрь б) 1974 – ж. март в) 1989 – ж. сентябрь г) 1995 – ж. апрель.

3. Кыргыз адабий тили канча стилден турат? а) 3 б) 4 в) 5 г) 6

4. Макал кайсы стилге таандык?

а) сүйлөшүү б) илимий в) көркөм г)иш кагаздар 5. Көркөм чыгармадагы каармандардын диалогу кайсы стилге мүнөздүү?

а) көркөм б) сүйлөшүү в)илимий г) иш кагаздар

6 Чакырык жана ураандар кайсы стилдин белгисине ээ? а) көркөм б) сүйлөшүү в) публицистикалык г) илимий.

7. “... 2002-жылдын 1-сентябрынан группанын старостасы болуп дайындалсын” деген үзүндү кайсы стилге мүнөздүү?

а) иш кагаздар б) илимий в) көркөм г) публицистикалык

8. Илимий стилге мүнөздүү белгилер кайсылар?

а) образдуулук, эстетикалык рахат тартуулоого эгедерлик; б) кыска, так, шаблондуу мүнөзгө ээ;

в) ой ыраттуу, далилдүү, терминдер көп колдонулат; г) мимика, жест.

9. Термин сөздөрдүн катарын белгиле. а) классификациялоо, оптика, масса

б) орфография, орфоэпия, пунктуация в) топ, сүт эмүүчүлөр , окутуучу г) университет, факультет, декан

10. Курстук иштин композициялык түзүлүшүн көрсөт.

а) адабияттар, киришүү, негизги бөлүк, жыйынтык б) жыйынтык, адабияттар, киришүү, негизги бөлүк в) негизги бөлүк, адабияттар, киришүү, жыйынтык

г) киришүү, негизги бөлүк, жыйынтык, адабияттар

11. Көркөм чыгармада каармандардын жекече окурманга же көрүүчүлөргө карата айткан сөзү эмне деп аталат? а) монолог б) диалог в) монодрама г) автордук баяндама

12. Көркөм чыгармада көрүнүштөрдү каймана сүрөттөөнү, образдарды өтмө мааниде

берүүнүн эмне дейбиз? а) ирония

б) достук азил

в) аллегория г) ремарка

Page 2: 1. Кептин таасирдүүлүгүн арттыруучу негизги ......26. “Булар биздин айылды таштап, бир жакка кетип бара

13. Көркөм чыгарманын эң акырында каармандардын андан аркы турмушу жөнүндө берилген кыскача баян эмне деп аталган. а) сюжет

б) композиция в) пролог

г) эпилог

14. Адабий чыгармада эки кишинин, же бир нече кишинин бири-бири менен

сүйлөшкөнү кандайча аталат? а) монолог б) реплика в) диалог г) портрет

15. “Адамдын адам болгон касиети, жаралганда кошо жаралып, өлгөндө кошо кетчү, айбандан айырмалап турган жалгыз касиети эс-акыл болсо, аны түп тамыры менен

жулуп алса, бул не деген шумдук?” Бул кайсы чыгармадан? Кимдин сөзү?

а) “Ак кеме”, Момун б) “Кыямат”, Бостон в) “Кылым карытар бир күн” Эдигей

г) “Кылым карытар бир күн” Найман эне

16. Кыргыз жазуучуларынын ичинен Лениндик сыйлыкты ким алган, кайсы чыгармасы үчүн , качан?

а) А.Токомбаев, “Таң алдында”; 1957-ж.

б) Т.Сыдыкбеков, “Биздин замандын кишилери”; 1948-ж. в) К.Жантөшев, “Каныбек”, 1960-ж.

г) Ч.Айтматов, “Тоолор жана талаалар” повесттер жыйнагы, 1963-ж.

17. “О, кудай – эне, Бөрү – апа мени карачы бери мына мен. Акбара муздак тоолордун

арасында шорлуу болуп, жалгыз олтурам, өрттөнүп – күйүп бүттүм! Көз жашым төгүлгөнүн көрүп атасынбы? Өксүп-өксүп улуганымды угуп атасыңбы? Ичимди

жалын каптап, эмчектеримди сүт тээп жарылганы турат, кимди эмизем, бөлтүрүктөрүмдөн айрылдым. Кайда бөлтүрүктөрүм, эмне күнгө туш келди?...” Бул келтирилген үзүндү каармандын речинин кайсы түрүндө жатат?

а) монолог б) диалог

в) реплика г) лирикалык чегинүү

18. Пролог деген сюжеттин кандай элементи болуп эсептелет? а) окуянын ортосунда берилүүчү автордук чегинүү

б) окуянын өнүгүп жеткен чеги в) окуянын жыйынтыкталып бүткөн учуру г) Автордун ниети, чыгарманын мазмуну, каармандар жөнүндөгү алгачкы түшүнүк-

маалымат берилчү бөлүкчө

19. “Жамийла” повестинде Ч. Айтматов эң башкысы эмне жөнүндө сөз кылат? а) Ата Мекендик согуштун учурунда тылдагы оор турмуш жөнүндө б) Сейит деген баланын араба менен станцияга буудай тарткандыгы жөнүндө

в) Садыктын согуштагы күндөрү жөнүндө г) Данияр менен Жамийланын тунук махабаты жөнүндө

Page 3: 1. Кептин таасирдүүлүгүн арттыруучу негизги ......26. “Булар биздин айылды таштап, бир жакка кетип бара

20. Ч.Айтматов Жамийла менен окурмандарды биринчи жолу кандай кырдаалда тааныштырды? а) буудай тартып станцияга бараткан жолдо

б) Данияр экөө суу чачышып ойноп жатканда в) кайненеси менен сүйлөшүп турган жеринен

г) чөп чабыкта эби жок тийишкен Осмонду каттуу каккан эпизоддо

21. Француз элинин улуу жазуучусу Луи Арагон “Жамийла” повестине кандай баа

берген? а) “Махабат жөнүндөгү ыр”

б) “Махабат тууралуу жазылган повесть” в) “Махабат жөнүндөгү дүйнөдөгү эң сонун баян” г) “Махабат жөнүндө чертилген күү”

22. Чыңгыз Айтматовдун кайсы чыгармасында “Жетинин бири” деп аталган грузин

аңгемесин пайдаланган? а) “Кылым карытар бир күн” б) “Кыямат”

в) “Ак кеме” г) “Деңиз бойлоп жүгүргөн Ала-Дөбөт”

23. Ч.Айтматов кайсы чыгармасын “Сары-Өзөк метафоралары” деп мүнөздөйт? а) “Ак кеме”

б) “Саманчынын жолу” в) “Кылым карытар бир күн”

г) Делбирим 24. Ч.Айтматовдун кайсы чыгармаларында кандай айбанаттарга адамдык касиет

берилип, кейиптештирип сүрөттөлөт? а) “Гүлсарат”, Гүлсары, “Кыямат”, Акбара, Ташчайнар.

б) “Ак кеме”, Бугулар в) “Эрте келген турналар”, Каркыралар г) “Кыямат” Бөкөндөр

25. “Жамийла” повестинде баяндоочу каарман?

а) Автор б) Жамийла в) Сейит

г) Данияр

26. “Булар биздин айылды таштап, бир жакка кетип бара жаткандарын түшүнгөндө, ичим тыз этип куйкалана түштү”, деген сүйлөм Ч.Айтматовдун кайсы чыгармасынан? а) “Биринчи мугалим”

б) “Ак жаан” в) “Жамийла”

г) “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” 27. “Кыямат” романындагы Бостондун минген аты кайсы?

а) Гүлсары б) Донкүлүк

в) Чабдар г) Карагер

Page 4: 1. Кептин таасирдүүлүгүн арттыруучу негизги ......26. “Булар биздин айылды таштап, бир жакка кетип бара

28. Бостондун баласынан айрылып, боздогон трагедиясына ким күнөөлү? а) Бостон өзү

б) бөрүлөр в) Базарбай

г) билбейм

29. “Акыр заман” кайсы чыгарманын алгачкы аталышы деп ойлойсуң?

а) “Гүлсарат” б) “Кыямат”

в) “Жамийла” г) “Ысык-Көлдүн куту жана куну”

30. Ала-Мөңгүнүн ашуусундагы муздун жаракасында түбөлүккө калган каарман ким? а) Базарбай

б) Бостон в) Эрназар г) Карабай

31. “Жамийла” повести качан жана кайда биринчи жолу жарык көргөн?

а) 1956-жылы, Бишкек б) 1960-жылы, Москва в) 1958-жылы , “Новый мир”

г) 1957-жылы, Кыргызстан

32.. “Жашагысы келип да, келбей да турду, жок болууга да, бар болууга кайыл болуп келатты,” – деген ой кимге таандык? а) Базарбай

б) Көк Турсун в) Гүлүмкан

г) Бостон 33. “Моюнкум трагедиясы” деп кайсы окуяны эсептейсиң?

а) Бөкөндөрдүн кырылышы б) Бөрүлөрдүн окуясы

в) чабандардын окуясы г) нашачылар жөнүндө

34. Авдийди кимдер өлтүрдү? а) нашачылар

б) бөрүлөр в) Обер-Кандаловчулар г) билбейм

35. Айтматовдун “Жамийла” повестиндеги сүрөтчү баланын атын атачы?

а) Садык б) Сейит в) Данияр г) Орозмат 36. “Сынган кылыч” романы кайсы мезгилдеги окуяларды баяндайт?

а) Орхон Энесай доорундагы б) Чыңгызхандын жортуулу учурундагы

в) Кокон хандыгынын учурундагы г) Октябрь төңкөрүшүнүн учурундагы

Page 5: 1. Кептин таасирдүүлүгүн арттыруучу негизги ......26. “Булар биздин айылды таштап, бир жакка кетип бара

37. Т.Касымбековдун “Сынган кылыч” аттуу бул тарыхый романы эмне үчүн “Сынгын кылыч” деп аталат” а) каармандар сабы сынган кылыч кармап согушкандыктарынан улам

б) хандын казынасындагы кылычты уурдап алышып, сабын сындырып коюшкандыктан

в) бул аталыш эч кандай мааниге деле эмес г) Кокон хандыгы жалаңдата кармап элди башкарып турган кылычынын сынгандыгы жөнүндөгү өтмө маанини билдирип тургандыгы үчүн

38. Т.Касымбековдун “Сынган кылыч” романы кайсы окуяны сүрөттөөдөн башталат?

а) Шералынын Кокон хандыгынын тактысына келип отурган окуяны сүрөттөө менен б) Исхактын көтөрүлүшүн сүрөттөө менен в) 1865-жылдагы Ташкен шаарына жакын жердеги генерал Черняевдин аскерлери

менен Алымкул аталыктын атчандарынын ортосундагы зор кагылышты сүрөттөө менен

г) Абил бийдин турмушун чагылдыруу менен

39. “Сынган кылыч” романында нукура эпикалык баатырлардай мүнөздөлүп

сүрөттөлгөн каарман ким жана аны ким эмне кылып өлтүрдү? а) Исках, аны Нүзүп сууга түртүп чөктүрүп өлтүрдү

б) Бекназар, аны Абил бий уу берип өлтүрдү в) Мусулманкул, аны Шералы зынданга салып өлтүрдү г) Кулкиши, аны Кудаярхан дарга асып өлтүрдү

40. “Сынган кылыч” романындагы элдик көтөрүлүштүн жетекчиси ким?

а) Исках б) Бекназар в) Абил бий г) Темир

41. “Сынган кылыч” романында Бекназарды мерт кылган мансапкор ким?

а) Алманбет б) Исках в) Абил бий г) Абдрахман абтабачы

42. “Сынган кылыч” романындагы чоң чокою тактынын бет маңдайына илинип коюлган хан ким? а) Кудаяр хан б) Шерали хан в) Исках г) Алым хан

43. Шерали хандын тушундагы аталык ким?

а) Мусулманкул б) Абдрахман в) Нүзүп

г) Абдылдабек

44. Тарыхый роман кандай сапат-белгилерге ээ болуу керек? а) ар кандай тарыхый романда өткөн турмуш менен бүгүнкү күн эриш-аркак сүрөттөлүш керек

б) бүгүнкү күндүн адамдарын деле архаикалык сөздөр менен сүйлөтүп койсо тарыхый роман болот

в) тарыхый роман болуу үчүн тарыхый окуялардын, тарыхый инсандардын, жазуучу менен сүрөттөлүп жаткан окуялардын ортосунда мезгилдик дистанциянын, тарыхый атрибуттардын болуусу зарыл

г) бир, эки тарыхый инсандын атын атап коюп бүгүнкү күндү сүрөттөсө деле тарыхый роман боло берет

Page 6: 1. Кептин таасирдүүлүгүн арттыруучу негизги ......26. “Булар биздин айылды таштап, бир жакка кетип бара

45. Тарыхый романдарды биринчилерден болуп жараткан ким? а) Ч.Айтматов б) А.Токомбаев

в) К.Баялинов г) Т.Касымбеков

46. Төмөнкү саптар кайсы чыгармадан? Кең-Колдун башы тал менен, Кербендер өтөт мал менен

а) “Ак жыт” б) “Каркыралар”

в) “Ак-Мөөр” г) “Жол”

47. Ак-Мөөр сүйгөн жигит ким? а) Баян

б) жантай в) Адыл г) Болот

48. Соң-Көл сулуусу ким? Кайсы чыгарма?

а) Сырга, “Кыздын канаты” б) Сайрагүл, “достук жана махабат” в) Айсулуу, “Айсулуу”

г) Ак-Мөөр, “Ак-Мөөр”

49. С.Эралиев кайсы жылы, кайсы жерде жарык дүйнөгө келген? а) 1928-ж, Шекер б) 1921 –ж, Үч-Эмчек

в) 1920-ж, Жети-Өгүз г) 1931-ж, Кара-Арча

50. Ак-Мөөр улуу сүйүү үчүн көч үстүндө ким менен жарыша кеткен? а) Жантай

б) Баян в)Адыл

г) Келдибек 51. Т. Абдумомуновдун кандай комедияларын билесиңер?

а) “Борбаш”, “Сүйүү жана үмүт”, “Эч кимге айтпа”, “Ашырбай” б) “Борбаш”, “Эч кимге айтпа”, “Жыгылган оогонго күлөт”, “Машырбек үйлөнөт”,

“Алдар көсө”, “Жарыктык карыларым” в) “Борбаш”, “Кумдуу чап”, “Абийир кечирбейт”, “Бюро жүрүп жатат” г) “Борбаш”, “Атабектин кызы”, “Эч кимге айтпа”, “Машырбек үйлөнөт”

52. Т.Абдумомуновдун “Абийир кечирбейт” пьесанын башкы каармандары

Нурдин, Масадык, Нияз кимдер эле? а) комсомолдук бригаданын мүчөлөрү б) пионер лагеринде чогуу эс алышкан мектеп окуучулары эле

в) бир айылдагы пенсионер абышка, кемпирлер эле г) жаңыдан турмуш жолун башташкан жаш догдур жигиттер эле

Page 7: 1. Кептин таасирдүүлүгүн арттыруучу негизги ......26. “Булар биздин айылды таштап, бир жакка кетип бара

53. Ыйык махабатты, таза абийирди сактоого үндөгөн кыргыз драмасы жана анын автору: а) М.Байжиев, “Төрт адам” (Эрөөл)

б) К.Тыныстанов, “Жаңыл Мырза” в) Ж.Бөкөнбаев, “Алтын кыз”

г) Т.Абдымомунов, “Абийир кечирбейт” 54. “Абийир кечирбейт” драмасы кимдин калемине таандык?

а) М.Байжиев б) А.Токомбаев

в) К.Маликов г) Т.Абдымомунов

55. “Абийир кечирбейт” драмасында кара өзгөй Нияздын бетин ачкан шофер ким? а) Сулайманов

б) Масадык в) Сейит г) Нурдин

56. “Абийир кечирбейт” драмасында ачууга жеңдирген Нурдиндин айынан бир

бутунан сылтып калган ким? а) Сейит б) Масадык

в) Сулайманов г) Нурдин

57. “Азаптуу өкүм! Бул өкүмдү башка кечирсе да, абийир кечирбейт... Бул кимдин сөзү?

а) Нияз б) Масадык

в) Сейит г) Нурдин

58. Күүгүм. Даракка сүйөнгөн Нурдин. Обочороокто карыя...Кайсы драма ушул көрүнүш менен башталат?

а) “Жаңыл Мырза” б) “Ажал ордуна” в) “Өлбөстүн үрөнү”

г) “Абийир кечирбейт”

59. Кептин негизги стилдери: а) сүйлөшүү жана жазуу стили г) баяндоо, сүрөттөө, ой жүгүртүү

в) оозеки, жазуу, иш кагаз стили г) көркөм, илимий, публицистикалык

60. Кептин оозеки стилине толук мүнөздөмөсү а) сөз каражаттарынын түрдүү болушу

б) диалектизмдердин болушу в) сөз каражаттарын, интонация, мимика жана жестти эркин колдонуу

г) синонимдердин көп болушу

Page 8: 1. Кептин таасирдүүлүгүн арттыруучу негизги ......26. “Булар биздин айылды таштап, бир жакка кетип бара

61. Такталган , эрежеге баш ийип, нормага салынган кептин стили а) оозеки б) жазма

в) илимий г) иш кагаз

62. Кептин функционалдык стилдери а) оозеки, жазма

б) көркөм, илимий, публицистикалык, иштиктүү в) көркөм, илимий, публицистикалык

г) көркөм, илимий , иштиктүү 63. Публицистикалык стилге мүнөздүү сүйлөм:

а) Тилдеги бардык сөздөрдүн жыйындысы лексика деп аталат. б) Биз өз өлкөбүздүн патриоту болууга тийишпиз.

в) Эртең 15-октябрда класстык чогулуш болот. г) Айда аба жок, ошондуктан, анда тиричилик жок

64. Жогорудагыларды угуп жана талкуулап, класстык чогулуш токтом кылат. Алды сызылган сөздөргө карай сүйлөмгө мүнөздүү стиль

а) публицистикалык б) илимий в) иш кагаз стили

г) көркөм

65. Чогулуштун токтому, маалымдама, кулактандыруу кирген иш кагаздардын түрү а) официалдуу эмес б) официалдуу

в) иш кагаз г) илимий

66. Официалдуу иш кагаздары

а) өмүр баян, буйрук

б) программа, устав в) ишеним кат, түшүнүк кат

г) токтом, арыз 67. Биз төмөндө ... түзүп, кол коюучулар

Көп чекиттин ордуна койгондо иш кагаз стилине кире турган сөз: а) токтом

б) түшүнүк кат в) акт г) ишеним кат

68. Маалыматтарынын тактыгы бири-бирине окшош стилдер:

а) илимий жана көркөм б) публицистикалык жана илимий в) иш кагаз стили менен публицистикалык

г) илимий жана иш кагаз.

Page 9: 1. Кептин таасирдүүлүгүн арттыруучу негизги ......26. “Булар биздин айылды таштап, бир жакка кетип бара

69. Көркөм стиль менен илимий стилди жакындаштырган белгилер а) маалыматтарынын тактыгы б) ой жүгүртүүнүн күчтүүлүгү

в) баяндоонун жыштыгы г) автордук фантазия

70.Кептин сүрөттөө тиби мүнөздүү стили а) илимий

б) публицистикалык в) көркөм

г) оозеки сүйлөө 71.Акын, жазуучулар колдоно турган стиль

а) илимий б) иштиктүү

в) көркөм г) жөнөкөй

72. Иштиктүү (иш кагаздарынын) стилдин бөлүнүшү а) 3 б) 2 в) 5 г) 4

73. Кептин формалары: а) баяндоо, сүрөттөө, баяндоо

б) оозеки жана жазуу в) илимий стиль, көркөм стиль

г) сөз. Сүйлөм, абзац 74. Кулактандыруу, мүнөздөмө кирген иш кагаздарынын түрү:

а) официалдуу иш кагаздарына б) официалдуу эмес иш кагаздарына

в) илимий стилге г) иш кагаздарынын стилине

75. Кептин түрлөрү а) иш кагаздары

б) стилдер в) баяндоо, сүрөттөө, ой жүгүртүү г) оозеки, жазуу кептери

76. Газета-журналдардын, радио-теле берүүлөрдүн тил өзгөчөлүгүнүн стили.

а) коомдук-публицистикалык б) официалдуу иш кагаздарынын в) илимий

г) көркөм

77. Кептин стили деген а) тилдин колдонуш өзгөчөлүгү б) белгилүү максатка ылайык оозеки же жазма формада тилдин колдонулуш

өзгөчөлүгү в) көркөм адабияттын тили

г) илимий адабияттардын тили

Page 10: 1. Кептин таасирдүүлүгүн арттыруучу негизги ......26. “Булар биздин айылды таштап, бир жакка кетип бара

78. Оозеки кептин стилинин өзгөчөлүгү... а) турмуш-тиричиликке байланыштуу сөздөр колдонулгандыгында б) ар кандай терминдер колдонулганына байланыштуу

в) кепте сүйлөм түзүлүшү, сөз составы эркин болуп, түрдүү жандоо, мимика, интонация, сырдык сөздөр көп колдонулуп, көбүнчө диалог формасы болушу

г) сүйлөшүү, диалог формасында болушу 79. Жазма кептин стилинин мүнөздүү белгилери...

а) көпчүлүккө арналгандыгы б) жазма түрдө болгондугу

в) сөздөр тике мааниде колдонулат г) адабий тилдин нормасында, эрежелер менен терминдерди колдонуп жазуу.

80.Мен бул көйнөктү сатып алдым. Жөн эле кийип жүрүү үчүн. Кандай экен? Сүйлөмдүн стили...

а) жазма б) оозеки кеп в) публицистикалык

г) бардык стилдин белгилери бар

81. Конференцияда окулуучу доклад кептин стили а) оозеки б) илимий

в) иш кагаз г) жазуу, илимий

82. Терминдерге көбүнчө мүнөздүү стиль: а) оозеки

б) илимий в) көркөм

г) иш кагаз 83. Диалогго көбүнчө мүнөздүү стиль:

а) жазуу б) илимий

в) оозеки жана көркөм г) стилдердин баарына

84. Сүйлөшүү стилине мүнөздүү чөйрө: а) китеп

б) газета в) журнал г) үйдө

85. Мимика, жандоо, сырдык сөздөр өзгөчө каражаты болуп саналган стиль:

а) сүйлөшүү стилинин б) жазуу стилинин в) стилдердин баарынын

г) илимий чыгармалардын

Page 11: 1. Кептин таасирдүүлүгүн арттыруучу негизги ......26. “Булар биздин айылды таштап, бир жакка кетип бара

86. Көркөм стилге өзгөчө мүнөздүү касиеттер: а) сөздөрдү эркин колдонуу б) образдуулук, эстетикалык таасирдүүлүк, турмушту көркөм чагылдыруу

в) сөздөрдү көп мааниде колдонуу г) образдуулук кызыктуулук

87. Көркөм стилдин чыгармалары: а) илимий чыгармалар

б) рецензиялар в) тамсилдер гана кирет

г) көркөм адабий чыгармалар 88. Көркөм стилге мүнөздүү тил каражаттары:

а) диалектилик, говордук сөздөр б) троптор

в) оозеки речке мүнөздүү сөздөр г) көп маанидеги, өтмө маанидеги, эмоционалдык-экспрессивдик, жана да оозеки речке мүнөздүү белгилер, диалектилик сөздөр, фразеологизмдер

89. Официалдуу иш кагаздарына мүнөздүү белги:

а) эмгек коллективдеринде колдонулушу б) жалпы мамлекеттик деңгээлдеги, коомдук мааниси бар, өкмөт тарабынан кабыл алынган документтер болгондугу

в) жеке адамдар арасында колдонулушу г) жеке адамдар менен эмгек коллективдеринин ортосунда колдонулушу.

90. Кыргыз Мамлекеттик Университеттин Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетине кайрадан уюштуруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын

Президентинин Указы. Сүйлөм кирген иш кагаздарынын түрү. а) официалдуу эмес иш кагаздарынын түрү:

б) өкмөттүк документ в) иштиктүү стиль г) официалдуу иш кагазына

91. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндөгү... Көп чекиттин ордуна

ылайыктуу иш кагаздарынын түрү а) указ б) токтом в) закон г) жобо

92.Мыйзам, указ, устав, арыз, тил кат, программа. Булар стили... а) официалдуу иш кагаздары

б) официалдуу эмес иш кагаздары в) официалдуу жана официалдуу эмес иш кагаз стили г) илимий

93. Коом менен элди, мекеме менен мекемени, мекеме менен мамлекетти, мамлекет

менен мамлекетти байланыштыруучу атайын кагаздардын стили: а) көркөм б) коомдук-публицистикалык

в) илимий г) официалдуу иш кагаздарынын

Page 12: 1. Кептин таасирдүүлүгүн арттыруучу негизги ......26. “Булар биздин айылды таштап, бир жакка кетип бара

94. Официалдуу эмес иш кагаздарына кирген документтер а) мамлекеттик деңгээлдеги документтер б) мекемелер менен жеке адамдардын ортосунда жазылуучу бардык иш кагаздары

в) программа, устав, указдар г) мүнөздөмө, бухгалтериялык документтер

95. Рапорт, буйрук, бланкалардын иш кагаздары: а) официалдуу – иштиктүү иш кагаздары

б) официалдуу иш кагаздары в) илимий иш кагаздары

г) официалдуу эмес иш кагаздары 96. Закон, Программа, чакыруу билети, кулактандыруу, Устав. Официалдуу-иштиктүү

стилге мисал: а) закон

б) программа в) кулактандыруу г) баары

97. Официалдуу эмес иш кагазына мисал:

а) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу палатасы токтом кылат.... б) Жарыш сөзгө төмөндөгүлөр чыгып сүйлөштү...

в) Эмнегедир мен коркуп кеттим. г) Үйдөн өзүңөрдүн өмүр баяныңарды жазып келгиле.

98. Иш кагаздарына мүнөздүү белгилер: а) ой жүгүртүүнүн күчтүүлүгү

б) көркөмдүүлүк в) эмоционалдуулук

г) тактык 99. Угулду. Бул сөзгө мүнөздүү иш кагазынын түрү:

а) кулактандырууга б) чогулуштун токтомуна

в) актыга г) отчётко

100. Илимий стилге мисал чыгармалар: а) репортаж, диссертация, отзыв

б) окуу китеби, диссертация, монография в) акт, программа, Устав г) повесть, роман, рецензия, аннотация

101. Окуу китеби, диссертация, роман, повести

Бул лексикалык каражаттар мүнөздүү стиль: а) көркөм б) илимий

в) көркөм жана илимий г) оозеки

Page 13: 1. Кептин таасирдүүлүгүн арттыруучу негизги ......26. “Булар биздин айылды таштап, бир жакка кетип бара

102. Илимий стилге мүнөздүү тил каражаттар: а) эгерде, андай болсо, болуп саналат б) тапшырылсын, жактырылсын, суранам

в) буйрук кылам, токтом чыгарат г) айланайын. ойлосоң боло

103. Конспект, рефераттын стили: а) иш кагаз

б) публицистикалык в) илимий

г) илимий жана публицистикалык 104. Техникалык, илимий эмгектердин, окуу китептеринин, монографиялык

эмгектердин жазуу стили: а) көркөм

б) коомдук публицистикалык в) илимий г) официалдуу иш-кагаздары

105. Мүнөздөмө, ишеним кат кайсы иш кагаздары:

а) официалдуу б) официалдуу эмес в) публицистикалык чыгармаларга

г) илимий эмгектерге

106. Публицистикалык стилге мисал: а) журналдык, гезиттик макала б) отчё т, иш план

в) арыз, мүнөздөмө г) ыр, аңгеме, макал-ылакап

107. Гезиттик, журналдык макала, кабарлар. Булардын стили:

а) илимий б) публицистикалык

в) көркөм г) иш кагаз

108. Публицистикалык стилге мүнөздүү белгилер: а) көркөмдүүлүк

б) эмоционалдык экспрессивдүүлүк в) учурдагы коомдук маанилүү проблеманы көтөрүү г) тарыхый фактылар болушу

109. Көңүл буруңуздар, бир нече мүнөттөн кийин кикбоксинг боюнча дүйнөлүк

чемпионаттан түз берүүнү баштайбыз. Сүйлөмдөгү публицистикалык стилдин түрү: а) жаңылык

б) публицистика в) доклад

г) репортаж

Page 14: 1. Кептин таасирдүүлүгүн арттыруучу негизги ......26. “Булар биздин айылды таштап, бир жакка кетип бара

110. Публицистикалык стилде элге белгилүү эмгек адамы туурасында кеңири баяндалып жазылган түрү: а) доклад

б) куттуктоо в) очерк

г) кабар 111. Интервью, репортаж, цитата, конспект, устав, диссертация

Канчасы публицистикалык стилге мисал: а) үчөө

б) экөө в) бирөө г) төртөө

112. Кептин түрлөрү:.

а) баяндоо, сүрөттөө, жазуу б) баяндоо, сүрөттөө, ой жүгүртүү в) оозеки кеп, жазуу кеби

г) илимий, көркөм, публицистикалык жана иш кагаз стили

113. Кептин түрлөрү канчага бөлүнөт? а) 2 б) 4

в) 3 г) 5

114. Репортажга мүнөздүү стиль: а) адабий көркөм

б) илимий в) кептин баяндоо тибине

г) публицистикалык 115. Кептин баяндоо түрүнүн мүнөздүү белгиси:

а) кыскача жазылган сүрөттөмө б) кызыктуу кабарды үстүртөн чагылдыруу

в) боло турган, болуп жаткан, же болуп өткөн окуяны ирети менен аңгемелөө г) бир тема боюнча ирети менен ой жүгүртүп айтуу

116. Баяндоо түрүндөгү текст түзүүгө мисал: а) “Мен келечекте ким болгум келет?”

б) “Менин айылымдын көрүнүшү” в) “Жайлоодо өткөн бир күн” г) “Көлдүн кечки сүрөтү”

117. Биз дем алыш күнү Чуңкурчак жайлоосуна бардык.

Сүйлөмдөгү кептин түрү. а) баяндоого б) сүрөттөөгө

в) ой жүгүртүүгө г) баяндоо жана сүрөттөөгө

Page 15: 1. Кептин таасирдүүлүгүн арттыруучу негизги ......26. “Булар биздин айылды таштап, бир жакка кетип бара

118. Кептин сүрөттө түрүнө мүнөздүү белги: а) окуяларды ырааты менен баяндоо б) заттын түрдүү белгилерин, кыймыл-аракеттин сыпатын көрсөтүү

в) заттын санын санап көрсөтүү г) ой жүгүртүү аркылуу сыпаттоо

119. Сүрөттөөгө мисал: а) Наркы өйүзгө суу кечип өткөн эки кишини көрдүм.

б) Текстте адам сүрөттөлдү. в) Затты сүрөттөөдө, анын белгилери саналып берилет.

г) Жалаңдаган ак жал аргымак минген алп киши алдыда. 120. Сүрөттөөдө көбүрөөк колдонулган сөз түркүмү

а) зат атооч б) сын атооч

в) этиш г) ат атооч

121. Баяндоодо көбүрөөк колдонулган сөз түркүмү: а) тактооч

б) сын атооч в) этиш г) зат атооч

122. Кыймыл-аракетти сүрөттөөдө аралашып берилген кептин түрү:

а) баяндоо б) ой жүгүртүү в) илимий стиль

г) публицистикалык стиль

123. Көлөкө жамынган кара тоонун капчыгайында түн караңгы. Сүйлөмдөгү кептин түрү: а) баяндоого

б) ой жүгүртүүгө в) сүрөттөөгө

г) көркөм стилге 124. Ой жүгүртүү текстинин негизги белгилери:

а) баяндап айтып берүү б) сүрөттөп айтып берүү

в) жеке оюн айтып, далилдеп көрсөтүү г) белгилерди санап көрсөтүү

125. Эмне үчүн мага жай айы жагат? Анткени, бул эң жылуу, кооз мезгил. Сүйлөмгө мүнөздүү кептин түрү.

а) сүрөттөө б) ой жүгүртүү в) баяндоо

г) көркөм стиль

Page 16: 1. Кептин таасирдүүлүгүн арттыруучу негизги ......26. “Булар биздин айылды таштап, бир жакка кетип бара

126. Ой жүгүртүүгө мисал: а) Анткени жай мезгили эң жылуу мезгил. б) Себеби жаз мезгили эң эле кооз мезгил

в) Биринчиден, жайлоодо жылкы, уй, кой, мыкты семирет. г) баары эле мисал болот

127. Ой жүгүртүү текстин түзүүдөгү тил каражаттары: а) мисалдар, зат атоочтор, сын атоочтор

б) сүйлөмдөр, абзацтар в) мисалдар, корутундулар

г) тезис, негиздөө, мисалдар, корутундулар 128. Ой жүгүртүү... мүнөздүү.

а) көркөм стилдеги текстке б) илимий стилдеги текстке

в) публицистикалык стилдеги текстке г) көркөм, илимий жана публицистикалык стилдеги тексттерге

129. Окуяны, көрүнүштү даана, жандуу, элестүү көрсөтүү үчүн баяндоодо колдонулган кептин түрү:

а) ой жүгүртүү б) баяндоо в) сүрөттөө г) андай болбойт 130. Кыш. Күн суук. Күн чайыттай ачык. Тоолор, талаалаар кебездей аппак карды

жамынган. Текстте кептин аралашкан түрлөрү:

а) текст жалаң баяндоо түрүндө б) текст жалаң сүрөттөө түрүндө в) кеп, баяндоо

г) баяндоо менен сүрөттөө

131. “Жайлоодогу эстен кеткис күндөр”, “Мен азыр эмнелерди көрүп турам”. Бул темалар боюнча сочинение жазууга боло турган түрү: а) сүрөттө

б) баяндоо в) ой жүгүртүү

г) ой толгоо 132. Стилдин түрлөрү:

а) илимий стиль, көркөм стиль б) илимий стиль, көркөм стиль, публицистикалык стиль, официалдуу-иштүү стиль

в) оозеки, жазма стиль г) сүрөттөө, баяндоо жана ой жүргүзүү

133. Ыр саптарга ылайык стиль: “Карай турган жагыңа

Карагай чыксын бутактап...” а) илимий б) көркөм

в) официалдуу г) Официалдуу эмес

Page 17: 1. Кептин таасирдүүлүгүн арттыруучу негизги ......26. “Булар биздин айылды таштап, бир жакка кетип бара

134. Кептин (речтин) типтери: а) оозеки жана жазуу б) сүрөттөө, баяндоо, монолог, диалог

в) сүрөттөө, баяндоо, ой жүргүзүү г) сүрөттөө, баяндоо, оозеки жана жазуу

135. Элдик “Шырылдаң” ыры кимдердин турмушунан алынган? а) койчулардын

б) жылкычылардын в) уйчулардын

г) дыйкандардын 136. Элдик “Оп майда” ырында кимдердин тилеги, ой-санаасы берилет?

а) дыйкандардын б) кол өнөрчүлөрдүн

в) койчулардын г) жылкычылардын

137. Элдик кайсы ыр жылкычылардын турмушуна, социалдык ал-абалына арналып, алардын үмүт-тилегин чагылдырган?

а) “Оп майда” б) “Шырылдаң” в) “Бекбекей”

г) “Тон чык”

138. Элдик арман ырларында негизинен эмнелер чагылдырылган? а) элдин баатырдык иштери б) эмгектин жетишкендиктери

в) жаратылыштын кооздугу г) тигил же бул себепке байланыштуу адамдын кайгы-муңу, арманы

139. Кандай элдик ырларды кошоктор деп айтабыз? а) үйлөнүү үлпөтүн чагылдырган салттык ырларды

б) жакынынан айрылган адамдын кайгы-муңун чагылдырган ырларды в) элдин баатырдыгын даңазаланган ырларды

г) мекенге болгон сүйүүнү чагылдырган ырларды

140. Тоголок Молдо тарабынан иштелип чыккан “Иттин доолдай тиктирем” аттуу

элдик чыгарма кайсы жанрга кирет? а) сүйүү ыры

б) арман ыры в) тамсил г) лакап

141. Төмөнкү эпостордун ичинен кайсынысы улуу эпосторго кирет?

а) “Эр Табылды” б) “Манас”

в) “Курманбек”

г) “Кожожаш”

Page 18: 1. Кептин таасирдүүлүгүн арттыруучу негизги ......26. “Булар биздин айылды таштап, бир жакка кетип бара

142. Төмөнкү эпостордун ичинен кайсынысы турмуштук эпосторго кирет? а) “Кедейкан”

б) “Курманбек”

в) “Эр Төштүк” г) “Жаңыл Мырза”

143.Ч. Айтматов кайсы чыгармасында мугалим Дүйшөндүн образы түзүлөт? а) “Жамийла”

б) “Эрте жаздагы турналар” в) “Биринчи мугалим”

г) “Саманчынын жолу” 144. Ч. Айтматов “Биринчи мугалим” повестиндеги Алтынайдын билим алышы үчүн

жан аянбай күрөшкөн ким? а) Атасы

б) Энеси в) Дүйшөн г) Ильяс

145. Ч. Айтматовдун “Бетме-Бет” повестинде согуштан качып келген каарман ким?

а) Кубат б) Ысмайыл

в) Дүйшөн

г) Ильяс

146. Ч.Айтматовдун “Кыямат” романындагы “Моюнкум трагедиясы” бөлүмүндө көтөрүлгөн негизги проблема кайсы? а) экология, жаратылышты коргоо

б) тарыхка этият мамиле жасоо в) эне тилди өнүктүрүү

г) илим-билимге умтулуу

147. Ч.Айтматовдун кайсы чыгармасында наркомания проблемасы көтөрүлөт?

а) “Кыямат” б) “Жамийла”

в)”Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” г) “Эрте жаздагы турналар”

148. Баяндоо түрүндөгү ыр менен жазылган көлөмдүү чыгармалар эмне деп аталат? а) ыр

б) сатира в) драма г) поэма

149.Токтогул санат, насыят ырларында эр жигитти кандай адам болууга чакырат?

а) жоокер болууга б) ач көз, соодагер болууга

в)эмгектен качкан эринчээк болууга

г) эринбей иштеген эмгекчил болууга

Page 19: 1. Кептин таасирдүүлүгүн арттыруучу негизги ......26. “Булар биздин айылды таштап, бир жакка кетип бара

150. Токтогулдун санат ырларындагы төмөнкү саптарды толуктагыла: “Жолдош болбо...

Жүк атпагын...

Иш кылдырба...” а) “баатырга, жакырга, каапырга”.

б)”тентекке, эшекке, элпекке”. в)”ойчулга, койчуга, жолчуга”. г)”коркокко, торпокко, чоркокко”.

151. Токтогулдун төмөнкү санатынын маанисин тактап толуктагыла.

“Ханды кудай ураарда Калкына жаман... Байды кудай ураарда

Дөөлөтүнө...” а) “өч болот, көч конот”

б) “кас болот, мас болот” в) “тар болот, кар болот” г) “баш болот, таш болот”

152. “Жакшы аялдын белгиси,

Жайык болот кабагы, Жагымдуу болот жамалы. Сарамжалы маанилүү-

Үйүнүн ичинин гүл кылат, Сүйүп алган жар менен

Бүт тилегин бир кылат”, - деген саптар кайсы акынга тиешелүү? а) Токтогулга

б)Калыкка

в) Осмонкулга г)Барпыга

153. Молдо Кылычтын “Чүй баяны” поэмасы кандай окуяларды сүрөттөө менен башталат?

а) өткөн кылымдагы Кокон бийлигинин учурундагы окуяларды сүрөттөө менен б)тээ байыркы турмушту сүрөттөө менен

в)Октябрь революциясына байланыштуу окуяларды сүрөттөө менен г) орустардын келүүсү менен өзгөргөн кылым башындагы окуяларды сүрөттөө менен

154. “Бир тыйынга экиден Алмалардын сарысы

Арабада коону, Алты тыйын, беш тыйын Дарбызынын жоону”- делип Молдо Кылычтын “Чүй баяны” поэмасында кайсы

мезгилдеги, кайсы шаардын базары сүрөттөлүп жатат? а) өткөн кылымдагы Кокон базары

б)өткөн кылымдын соңундагы Анжиян базары в)үстүбүздөгү кылымдын башындагы Токмок шаары г) элүүнчү жылдардагы Фрунзенин базары

Page 20: 1. Кептин таасирдүүлүгүн арттыруучу негизги ......26. “Булар биздин айылды таштап, бир жакка кетип бара

155. Ч.Айтматовдун “Эрте келген турналар” деген белгилүү повестинде кайсы учурдагы окуялар сүрөттөлөт? а)Октябрь төңкөрүшүнүн учурундагы

б) колхоздоштуруу учурундагы в)Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы

г)алтымышынчы жылдардагы космосту өздөштүргөн мезгил

156.Ч. Айтматов “Эрте келген турналар” повестинде Султанмурат менен кимдин

Ортосундагы аруу, таза мамиле баяндалат? а) Султанмурат менен Жамийланын

б)Султанмурат менен Сейденин в) Султанмурат менен Зарипанын г)Султанмурат менен Мырзагүлдүн

157. Ч. Айтматовдун “Эрте келген турналар” повестинде “Ак-Сай десанты” болуп, кош

айдоого жөнөп келишкен беш бала кимдер эле? а)Султанмурат, Анатай, Акмат, Керим, Эркинбек.

б)Султанмурат, Жолдош, Анатай, Эргеш, Нурбек.

в)Султанмурат, Эркинбек, Нурлан, Самат, Мырзабек. г)Султанмурат, Анатай, Эркинбек, Кубаткул.

158. А.Осмоновдун сүрөттөөсүндө маляр кандай адам? а)булганыч, кир жүргөн адам

б)көздөгөнүн бербеген кежир, мүнөзү чатак адам в)баштаган ишин бүтүрбөгөн жалкоо адам

г)бул дүйнөнүн тазасынын тазасы, асылынын асылы 159. Акын Алыкул тун сүйүүсү Айдайга эмне үчүн жетпей калды?

а)Айдайдын ата-энеси кызды мурдатан кудалап койгон жерге беришти. б)Айдай Алыкулду тоготпой чанып кетти

в)эки жаш бири-бирине түшүнө алышпай калышты г)Айдайды тааныбаган бала ала качып кетти.

160.Элдик поэмаларга кайсылар кирет? а)”Манас”, “Семетей”, “Сейтек”

б)” Эр Төштүк”, ”Эр Табылды” в)”Жаңыл Мырза”, “Кедейкан” г)”Карагул Ботом”, “Ак Мөөр”, “Аксаткын менен Кулмырза”

161.”Укуругум долоно,

Ууру, бөрү жолобо! Ууру келсе уштайбыз, Бетин айра муштайбыз!”- деген саптар кайсы элдик ырдан?

а)”Оп майда” б)”Шырылдаң”

в)”Бадик” г)”Бекбекей”

162.”Кара күрмө шай кийип, Бойлогула кыздар ай.

Кадыр, көңүл бар чакта Ойногула кыздар ай” – деген ыр саптары Токтогулдун кайсы ырынан?

Page 21: 1. Кептин таасирдүүлүгүн арттыруучу негизги ......26. “Булар биздин айылды таштап, бир жакка кетип бара

а)”Эмне кызык” б)”Санат”

в)”Терме”

г)”Гүлдөп ал”

163. Токтогулдун жаш кезиндеги көргөн кордуктары жөнүндөгү ырын ата. а)”Гүлдөп ал”

б)”Үч кожо”

в)”Арзыматка” г)”Жүргөнүм кабак жер болду”

164. Барпы кандай акын? а) жамакчы

б) жомокчу в) калыс ырчы

г) төкмө, нускоочу 165.”Жолборс терисин жамынган баатыр” поэмасы кимдин чыгармасы?

а)Фирдоусинин б)Низаминин

в)Навоинин г)Шота Руставелинин

166.Ш. Руставелинин ”Жолборс терисин жамынган баатыр” поэмасынын кыргыз тилиндеги эң сонун котормосун берген ким?

а) А. Токомбаев б) Т. Үметалиев

в) А. Осмонов

г) С. Эралиев

167.А.Осмонов которгон кайсы чыгармасын кыргыз эли абдан жылуу кабыл алып, а тургай, анын каармандарынын аттарын өз балдарына коюшкан? а) Л. Толстой, “Согуш жана тынчтык”

б)Ш. Руставели, “Жолборс терисин жамынган баатыр” в) Саади, “Гулистан”

г) М. Горький, “Эне”

168. Жолборстун терисин жамынган баатыр ким?

а)Автандил б) Тариэл в) Ростеван г) Фридон

169. Элдик оозеки чыгармалардын эл аралык маанидеги аталыш термини: а) Лирика

б) Фольклор

в) Рубаи г) Элегия

170.Алдын ала даярдыксыз ар кандай көрүнүштөр жөнүндө оозеки ырдоо өнөрү кыргыздарда эмне деп аталат.

а) жамакчы б) жомокчу

в) манасчы г) төкмөлүк

Page 22: 1. Кептин таасирдүүлүгүн арттыруучу негизги ......26. “Булар биздин айылды таштап, бир жакка кетип бара

171. “Карагул Ботом”, “Ак Мөөр”, “Аксаткын менен Кулмырза” элдик чыгармалардын кайсы түрүнө кирет?

а) эпостор б) баатырдык эпостор

в) жөө жомок г) элдик поэма

172. Элдик оозеки чыгармалардын мүнөздүү белгилери: а) кагазга түшүрүлүшү, варианттуулугу, узак жашашы

б) варианттуулугу, авторго ээлиги, эпикалык масштабы в) оозеки жаралышы, коллективдүү, чыгармачылыктын жыйынтыгы, варианттуулугу, салттуулугу, көркөмдүк системасынын туруктуулугу

г) элдердин тарых менен байланышы, лирикалык текте болушу, тарыхый инсандын болушу

173. Дидактикалык чыгарма кайсы? а) табышмак

б) поэма в) драма

г) роман 174. Булардын ичинен элибиздин эң байыркы турмушун, дүйнөгө болгон көз карашын

жана түшүнүгүн чагылдырган эпос кайсы? а) “Кожожаш”

б) “”Эр Төштүк в) “Жаныш-Байыш” г) ”Курманбек”

175. Кыргыздын элдик оозеки чыгармачылыгы кандай болуп бөлүнөт?

а) тамсил, поэма, эпос б) лирикалык, эпикалык, дидактикалык в) легенда, макал-ылакап, эпос

г) драма, комедия, лирика

176. Булардын ичинен кайсынысы дидактикалык чыгарма? а) айтыштар б) тамсилдер

в) драма г) жомок

177. А. Осмонов өз өмүрүн көпчүлүк учурун кайсы жерде өткөргөн? а)Ошто

б) Таласта в)Ысык-Көлдө

г)Нарында

178. А.Осмоновдун поэмасынын атын толуктагын. “Майдын ...”

а) “... таң” б)”... күнү”

в) ”... кечи” г) “... түнү”

Page 23: 1. Кептин таасирдүүлүгүн арттыруучу негизги ......26. “Булар биздин айылды таштап, бир жакка кетип бара

179. Сүйөм сени сүйгөндүгүм сүттөн ак, Сени сүйгөн тагдырыма ырахмат:

- деген ыр саптары А. Осмоновдун кайсы ырынан? а) “Сулууга”

б) “Ата журт” в) “Отуз жаш” г) “Аялга”

180. Ч. Айтматовдун төмөнкү чыгармаларынын ичинен кайсы чыгармасы

Драмалык чыгарма? а) “Биринчи мугалим” б) ”Бетме-бет”

в) “Саманчынын жолу” г) ”Фудзиямада кадыр түн”

181. “Дүйнөдө мындан ары согуш болбосо, жаңыдан төрөлгөн баланын ыңаалаганы-ошол мен, бой жеткен кыздардын жоодураган көздөрү- ошол мен, бутакта көтөргөн

жалбырак – ошол мен ...” – Ч. Айтматовдун кайсы каарманынын сөзү? а) Данияр

б) Султанмурат в) Дүйшөн г) Майсалбек

182. Ч. Айтматовдун эң алгачкы жазган аңгемеси?

а) “Ак жаан” б) “Түнкү сугат” в) “Асма көпүрө”

г) “Гезитчи Дзюйо”

183. Ч. Айтматовдун кайсы чыгармасында жер менен адамдын диалогу берилген? а) “Гүлсарат” б) “Кылым карытар бир күн”

в) “Кыямат” г) “Саманчынын жолу”

184. “Жамийла – махабат тууралуу эң сонун баян” – деп ким баалаган? а) Кайсын Кулиев

б) Константин Симонов в) М. Шолохов

г) Луи Ароган 185. Аталган акындардын кимиси жазгыч акындар?

а) Токтогул, Барпы, Эшмамбет б) Коргоол, Токтогул, Жеңижок

в) Тоголок Молдо, Молдо Нияз, Молдо Кылыч г) Калыгул, Арстанбек

186. “Жер жана анын ...” деген чыгарманын атын толукта? а) ээси б)адамдары в) балдары г) токойлору

Page 24: 1. Кептин таасирдүүлүгүн арттыруучу негизги ......26. “Булар биздин айылды таштап, бир жакка кетип бара

187. “Талым кыз менен ...” ким айтышканын толуктап жаз? а) Молдонун б) Көбөктүн

в) Калыктын г) Барпынын

188. Көркөм адабиятта, тил илиминде, эл агартууда, саясатта өчпөс изи калган инсанды белгиле?

а) М. Элебаев б) А. Осмонов в) О. Лепесов г) К. Тыныстанов

189. Арыз качан жана кандай максатта жазылат? а)жумушка киргенде, жумуштан бошогондо; б)жумуштан кечиккенде, жумуштан бошогондо;

в)ар бир жумуш күнүндө, бир нерсе аларда; г) жумуш убагында, бир нерсе тапшырганда;

190. Ишеним кат качан жазылат? а) бирөөгө ишеним көрсөткөндө;

б)бирөөгө буюм бергенде; в)бирөөнөн буюм аларда;

г)эки адам мамиле түзгөндө;

191. Көркөм стилде эмнелер жазылат?

а) фельетон, кабар; б) доклад, рецензия; в) реферат, диплом, баяндама; г) аңгеме, ыр драма, повесть.

192. Түшүнүк кат кимге жазылат? а)жетекчиге же жогорку органдарга;

б)бир кылмыш жасаганда; в)бирге иштегендерге;

г)отчёт берүүдө; 193. Өмүр баян кайсы учурларда жазылат?

а) ишке киргенде, иштен чыкканда; б)жумуш убагында жетекчиге гана;

в)ишке киргенде, окууга өткөндө; г)сапарга жөнөгөндө, кайтканда;

194.Буйрук кимдер тарабынан чыгарылат? а)башкаруу органдарынын жетекчилери тарабынан;

б)Өкмөт тарабынан гана; в)ишкерлер тарабынан; г)мекеме тарабынан ишке киргенде;

195.”жетишпейт”, “кем чыкты” деген сөздөр кайсы иш кагазына тиешелүү?

а)актка; б)жарыяга; в)токтомго; г)ишеним катка; 196.Мүнөздөмө кандай учурларда берилет?

а)кызматкердин жеке суранычы же жогорку органдардын талабы боюнча берилет; б)кызматкер жаңы ишке киргенде мурдагы иштеген жеринен берилет;

в)кызматкерди сыйлыкка көрсөтүүдө берилет; г)кызматкердин жеке суранычы үчүн гана берилет;

Page 25: 1. Кептин таасирдүүлүгүн арттыруучу негизги ......26. “Булар биздин айылды таштап, бир жакка кетип бара

197. Иш кагаздары кандай түрлөргө бөлүнөт? а) жөнөкөй жана татаал;

б) оозеки жана жазма; в) официалдуу жана официалдуу эмес;

г) коомдук- саясий жана маданий. 198. Өкмөттү, мекемелерди, адамдарды бири-бири менен байланыштыруучу

документтер кайсы стилге жатат? а)публицистикалык стилге;

б)илимий стилге; в)жазма стилге; г)официалдуу-иштиктүү стилге;

199. Кайсы сүйлөм илимий стилге кирет?

а) Энекемдин от калаган колуна, Эрип, көлкүп кетер элем кут болуп. б) Актан Арым Кубаттын “Свет аке” көркөм тасмасы 10-апрель күнү Мюнхенде

өтө турган фестивалга катышат. в) Электр кыймылдаткычынын соңунан атомдук кыймылдаткычтар келип чыкты.

г) Эртең ишке эрте кетем. 200.Асылбеков С. “эң жакшы” деген бааларга окуйт, коомдук иштерге активдүү

катышат. Ушул сыяктуу сүйлөмдөр кайсы иш кагазына мүнөздүү? а)токтомго;

б)өмүр баянга; в)мүнөздөмөгө; г)ишеним катка;

Page 26: 1. Кептин таасирдүүлүгүн арттыруучу негизги ......26. “Булар биздин айылды таштап, бир жакка кетип бара